Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Лукашенко атаандашын абактан чыгарды


Андрей Санников.
Андрей Санников.

АКШ өкмөтү Беларус бийлигинин президенттикке мурдагы талапкерди абактан бошотушун кубаттоо менен “маанилүү кадам” деп атады. Ага катар расмий Минскти калган саясий айыпкерлердин баарын чыгарууга үндөдү. Беларус бийлигинин дарегине мындай чакырыкты Эл аралык Мунапыс уюму да жасады. Байкоочулар Лукашенконун соңку чечимин Батыш менен соодалашуу аракети катары баалоодо.

2010-жылдын декабрындагы талаштуу президенттик шайлоодо Лукашенкого атаандаш болгондордун бири Андрей Санников жана анын шайлоо штабынын өкүлү Дмитрий Бандаренка абактан ушул жекшембиде мөөнөтүнөн мурда бошотулушту.

Алар оппозициянын шайлоодон кийин бийлик күч менен баскан митингин уюштурган, ага катышкан деген жүйөө менен камалышкан эле. Былтыр майда беш жылга соттолгон Андрей Санников абакта он алты ай отурган соң президенттин кечириминин негизинде чыгарылды.

Андрей Санников үй-бүлөсү менен. 15-апрель, 2012-жыл.
Андрей Санников үй-бүлөсү менен. 15-апрель, 2012-жыл.
Мурда Беларустун тышкы иштер министринин орун басары болгон Санников эркиндикке чыккандын эртеси Рейтер агенттигине берген интервьюсунда президенттен кечирим суроого мажбур болгонун айтып, себебин мындайча түшүндүрдү:

- Мен отуруу (түрмөдө) чындап аяктап, кыйноолор жана чагымдар башталганын билгенимде бул чагымдарды токтотуунун, жок дегенде басаңдатуунун жалгыз жолу кечирим берүүгө өтүнүч жөнөтүү экенин түшүндүм. Анткени мага каршы операция үстөкө-босток болду. Мен кабылган шарттарда тирүү калбасымды түшүндүм.

Санников “саясий айыпкерлерге” карата чагым адатта бир түрмөдөн экинчи түрмөгө которууда жасаларын кошумчалады.

АКШ Мамлекеттик департаменти оппозиционер абактан чыккандан кийинки билдирүүсүндө расмий Минсктин кадамын кубаттады, бирок “демократияны жана адам укуктарын коргоону күчөтүү АКШ менен Беларустун мамилеси жакшыруусундагы борбордук маселе бойдон калып жатканын” эскертти.

Эл аралык Мунапыс уюму Минскти калган саясий айыпкерлерди да абактан шартсыз чыгарууга үндөп, аларга кечирим суроосу үчүн кысым көргөзүлбөшү керектигин белгиледи.

Саясий соода

Байкоочулар болсо Александр Лукашенконун соңку чечимин Батыш менен “саясий соода” катары баалашууда.
Минскилик саясат таануучу Александр Класковски мындай дейт:

- Иш жүзүндө бул саясий айыпкерлердин башы менен соодалашуу. Мындай прецедент 2008-жылы болгон. Анда Лукашенко президенттикке мурдагы талапкер Александр Казулинди жана башка бир нече адамды бошотуп, мунун эсебинен Батыш менен тоңгон мамилени эриткен. Азыр да беларус жетекчилиги ошол эле ыкманы колдонууга аракеттенүүдө. Башкача айтканда өлкөдөгү демократиялык реформаларды Батыштын баасына арзышы мүмкүн болгон, бирок өлкөнүн ичинде либералдашууга алып барбай турган кадамдар менен алмаштырууда.

Саясат таануучу Класковски “Азаттык” менен маегинде абактан чыгарылган Андрей Санников менен Дмитрий Бандаренканы “оппозициянын чечүүчү фигуралары” деп атады.

Лукашенконун президенттик шайлоодон кийин саясий оппозицияга көргөзгөн кысымы Евробиримдиктин Минскиге каршы санкцияларды киргизүүсүнө, атүгүл быйыл февралда элчилеринин түгөл чыгарып кетүүсүнө чейин алып барган эле.

Беларус полициясы соңку президенттик шайлоодон кийинки демонстрацияларды күч менен таратып келет.
Беларус полициясы соңку президенттик шайлоодон кийинки демонстрацияларды күч менен таратып келет.
Евробиримдик өлкөлөрүнүн аймагына тыюу салынган расмий адамдардын жана режимди колдойт деп эсептелген ишкерлердин “кара тизмеси” да түзүлгөн.

Эми эки оппозиционердин абактан чыгышы Беларус менен Евробиримдик алакасындагы чыңалуу басаңдашына жардам бериши мүмкүн.

Саясат таануучу Александр Класковски “Азаттык” менен маегинде белгилеген Минск азыр Брюсселдин жооп кадамын күтүүдө:

- Расмий Минск эми Евробиримдик тарабынан кандайдыр бир жооп кадамдарды күтүүдө. Биринчиден, мисалы демарш кылып кетип калган элчилердин кайтуусун күтүп жатат. Экинчиден? 23-апрелде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот. Эгер ал жерде кара тизме узартылбаса, Евробиримдик санкцияларды кеңейтүүдөн баш тартса, балким эки саясий айыпкердин бошотулушун этият кубаттаса, бул беларус жетекчилиги үчүн упай болот. Беларус жетекчилиги азыр пиар дивиденттерге жетүү, басымга багынбаганын, чегинбегенин, тескерисинче Европа карманган багытын өзгөрткөнүн көргөзүү үчүн тыным алып турат.

Александр Класковскинин пикиринде, Беларустун калган саясий айыпкерлери да абактан дароо эмес, бара-бара бошотулат. Бирок расмий Минск алардын санын азайтууга, ар биринин боштондугун кайра эле Батыш менен өзү үчүн ыңгайлуу кылып соодалашууга аракеттенет.

Беларус активисттеринин эсебинде, абакта кеминде дагы он саясий айыпкер кала берүүдө. Алардын бири - президенттикке мудагы талапкер Микола Статкевич.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG