Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Беларус менен Орусиянын бажы чатагы


Беларус менен Орусиянын чек арасындагы көзөмөл пункту. Гомель шоссеси. 9-декабрь, 2014-жыл.
Беларус менен Орусиянын чек арасындагы көзөмөл пункту. Гомель шоссеси. 9-декабрь, 2014-жыл.

Беларустун бажы кызматы 1-декабрдан тарта Орусиядан кирген жүк ташуучу автомобилдерди жана жеңил машинелерди текшере баштады.

Минск мындай кадамга Москва Беларусту азык-түлүгү сапатсыз жана Евробиримдиктин продукцияларын Орусияга реэкспорт кылууда деп күнөөлөгөндөн кийин барды. Президент Александр Лукашенко Беларуста өндүрүлгөн азык-түлүктүн сапаты боюнча сынды четке кагып, эки өлкө арасындагы келишимди так аткарып жатканын билдирген.

Беларус бажычылары жүк ташуучу автомобилдерди текшере баштаганын жана декларацияланбаган товарларды тартып алып жатканын Орусиянын Федералдык бажы кызматы 8-декабрда маалымдады. Орустардын РБК медиа-холдингинин кабарлашынча, чек арада автомобилдер километрлеп кезек күтүп калган.

Беларус жана Орусия Бажы биримдигине мүчө болгондуктан, 2011-жылдын 1-июлунан тартып эки өлкөнүн чек арасындагы бажыканалар жоюлган эле.

Орусияга өтүп бараткан унааларды текшерүү. 9-декабрь.
Орусияга өтүп бараткан унааларды текшерүү. 9-декабрь.

“Азаттык” радиосунун Беларус бөлүмүнүн кабарчыларынын билдиришинче, бажычылар орусиялык автомобилдерди тандап текшерүүдө. Кабарчылар Орусия менен чек аралаш Витебск облусунун Лиозненский районунда Бажы, Салык жана Чек ара кызматтарынын көчмө тобун иш үстүнөн кезиктирген.

- Транспортчулар, санитардык врач жана башкалар текшеришүүдө. Бирөө жашылча-жемишти текшерсе, башка бирөө документтерди текшерет. Кезек болгонун дегеле көрбөдүм. Ал жөнүндө укканым да жок! Белорустар азыр Орусияга мурдагыдан көп баратат деп айта алам, - деген автомобилдерди камсыздоочу белорус кызматкери.

Орусиялык Сергей деген айдоочу болсо:

- Балтика өлкөлөрүнөн, Калининграддан машинелер келүүдө. Поляктар да көп. Бирок алар үчүн “күркөнү жабышты”. Эми белорустар чек араны жаап, бажыкана орнотушту, - деп айтты.

Беларус мындай кадамга Москва Минскини тыюу салынган европалык азык- түлүктөрдү Орусияга реэкспорттоодо деп күнөөлөп, Беларустун айрым азыктарын санитардык талаптарга жооп бербегенине шылтап, өлкөгө импорттоону тыйгандан кийин барды. Беларуста өндүрүлгөн продукцияларды тыюуну 3-декабрда президент Лукашенко “мыйзамсыз” деп атаган.

Беларус менен Орусиянын чек арасы. 9-декабрь, 2014-жыл.
Беларус менен Орусия эрегиши
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

30-ноябрда Москва Беларус жана Казакстандан ташылган азык-түлүктөрдү Орусиянын чек арасында текшерип, өткөрө баштаган. Анысын Бажы союзуна кирген бул эки өлкө аркылуу Евробиримдиктен азык-түлүк мыйзамсыз келүүдө деп түшүндүргөн.

Орусия Крымды аннексиялап алганга жана Чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдогондон улам Евробиримдик менен АКШ Орусияга каршы санкция жарыялаган. Ага жооп ирети Москва да Батыштын кээ бир продукцияларын ташууга тыюу салган.

Чек арада кезек күткөн жүк ташуучу унаалар. Белорусия. 9-декабрь.
Чек арада кезек күткөн жүк ташуучу унаалар. Белорусия. 9-декабрь.

“Азаттык” радиосунун Минскидеги кабарчысы Виталий Цыганковдун айтышынча, статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Беларустан Орусияга азык-түлүк ташуу акыркы мезгилде ыкчам өскөн:

- Акыркы айларда Беларустан Орусияга түрдүү сүт азыктарын, жашылчаларды, этти экспорттоо кескин өскөнүн Беларустун статистика комитети тастыктады. Бул азыктар Беларуста өндүрүлгөндөн алда канча көп. Белорус чиновниктери мунун баары мыйзамдуу, анткени сырт өлкөлөрдөн сатып алынган азык-түлүк кайра иштетилүүдө дешет. Бул реэкспорт да, аткезчилик да эмес. Өзүбүздүн продукциябыз дешүүдө.

Беларус жана Орусия 1-январдан тарта Бажы биримдигинин негизинде түзүлчү Евразия экономикалык союзунун мүчөлөрү. Эки ортодогу кезектеги экономикалык согуш Бажы биримдиги иштебегенин, уюмда жалпы эреже жок экенин жана жогорудагыдай талаштарды жөндөөгө Евразия экономикалык комиссиясы чабал экенин жышааналайт.

XS
SM
MD
LG