Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Ак-Сайда буулган жол ачылды


Ак-Сай айылы. 18-декабрь, 2013-жыл.
Ак-Сай айылы. 18-декабрь, 2013-жыл.

​Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын Ворух айылына өтчү жолду бир суткадай бууп турушту.

Буга тажик атуулдары жайлоого мал айдаган кыргыз жаранына Ворух аркылуу жол бербей койгону себеп болду. Натыйжада, 2 машинага таш тийип, Ош-Исфана жолу да бир сааттай жабылды. Эки тараптын расмийлери жаңжал чыгаргандар жазага тартыларын убада кылганда гана жол каттам калыбына келди.

5-апрелде Ак-Сай айылынын тургуну жайлоого мал айдап өтөрдө Тажикстандын Ворух анклавынан кодулоого туш болгон. Артка кайтып келген малчынын айылдаштары тажик жарандарынын мындай аракетине кыжырданып, Исфара-Ворух жолун бууп салышкан. Алар: малчыны кодулап, жол бербей койгондор жазага тартылсын, Ак-Сайда көз карандысыз жол маселеси чечилсин деген талап коюшту. Ал арада Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары да Ош-Исфана жолун бууп, эки тараптан бирден автоунаага таш тийди.

Жергиликтүү тургун Кудайберди Каримов аймакта жол маселеси чечилбей, тажик тарап коопсуз каттам түзүп беребиз деген убадасын аткарбаганынан улам ушундай окуялар жаралып жатат деген ойдо:
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы.
- Биздин элди бир нече жолу алдашкан, ишеним жок. Жол маселеси чечилмейин мындай жаңжалдар чыга берет. Бийликтегилер чече албаса, эл өзү чечкенге киришет да. Анда жаңжал катуу болушу мүмкүн.

Тажик тарап Ош-Исфана жолун бууганда Ак-Сайдын тургуну Икрамжан Ахмедов айылга кире албай бир суткадай талаада туруп калган. Ал кыргыз-тажик чек арасын орчундуу маселелер чечилмейинче ачпай туруу керек болчу дейт:

- Тажикстан менен чек арадагы талаштуу маселелерди чечпей туруп чек араны ачуу элди нааразы кылды. Чек ара ачылаар замат оор жүк ташыган унаалар тажик тарапка өтө баштады. Кошуналар бизге көп жагынан көз каранды эле. Чек араны ачпай туруп, маселени чечишсе болмок.

Жол бууган Ак-Сай айыл тургундары менен эки тараптын да расмийлери келип жолукту. Тажик тараптан келген бийлик өкүлдөрү мал айдагандарга кол көтөргөндөр жазага тартылат, мындан ары Ворух анклавын аралап өтүүдө тоскоолдуктар жаралбайт деп убада бергенин Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев маалымдады:
Тажик милициясы.
Тажик милициясы.
- Тажик тараптан губернатордун орун басары, милиция жетекчилери келди. Ворухта бейбаштык кылгандар жазага тартылат, кармалды дешти. Мындан тышкары Ворухтун ар бир үйүнө чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн убада кылышты. Эл ушундан кийин жолду ачууга макул болду да.

Тажик тарап убада берип, коопсуз каттамды камсыздап беребиз дегени менен жергиликтүүлөрдө дагы деле шектенүү күч. Анткени, кошуналар мындай убаданы жол буулган сайын берип келет. Коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча жаңы дайындалган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев элдин коопсуз каттамын эки тараптын күч кызматтары көзөмөлдөп тургандай чечим кабыл алынганын билдирди:

- Тажик тарап мындай окуя кайталанбайит деп убада кылды. Бирок азырынча жайлоого бара тургандарды күч кызматтары көзөмөлдөп, жардам берип турмай болду. Жакынкы күндөрү өзүм да Баткенге барам, маселелерди жеринен көрүп, аны чечүү жолун караштырабыз.

Айланма жол маселени чечеби?

Өткөн аптада аймактагы коопсуз жол каттамдары боюнча кыргыз-тажик чек араларын аныктоочу жумушчу топтун отуруму башталып, 5-апрелде жыйынтыкталды.

Ак-Сай айылында өткөн кыргыз-тажик жыйынына Мамлекеттик чек ара кызматы баштаган бир катар мамлекеттик органдар катышты. Жыйында Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух анклавынын жол каттамдары боюнча маселелер талкууланды. Анда тажик тарап Ак-Сай айылын айланып өтүүчү жол куруу үчүн 4 долбоор сунуштады. Кыргыз тарап Ак-Сай айылын айланып өтүү үчүн Бакай участкасынан туурасы 8 метр жолду куруп берүү, же ижарага берүү сунушун туура көрүштү.
Ворух анклавы.
Ворух анклавы.
Өкмөттүн чек араларды тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров Тажикстандын Ворух анклавына Ак-Сай айылын аралабай өтүүчү жол куруу маселесине жергиликтүүлөр макул болгонун айтты:

- Эл менен сүйлөшүп, ушундай бир пикирге келдик. Тажик тарап 4 сунуш берген. Бакай участкасы аркылуу өтчү жол маселесин талкууладык. Бирок бул маселе азыр чечилди дегенге жатпайт. Анткени бул маселе эки тараптуу чечилиши керек. Келечекте бул аймакты ижарага беребизби, берсек жолду ким, кандай шартта курат дегендей. Келечекте ушул маселе чечилсе, аймактагы жаңжалдарга алып келген көйгөйлөрдүн бир тобуна чекит коюлмак деп ойлойм.

Анткен менен жергиликтүү эл жол курулгандан кийин деле маселе жаралып калбас бекен деп шектенүүдө.

Ак-Сай айылына кетчү жол Тажикстандын Кожалы айылын аралап өтөт. Андан өткөн кыргыз автоунааларына таш атуулар көп катталып, жаңжалдар болгонунан Көк-Таш-Ак-Сай жолу өткөн жылдын соңунда курула башталган. Тажик тарап буга каршы чыгып, 11 –январда чек арачылар ортосунда ок атышуу болгон.

XS
SM
MD
LG