Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Бакунун баркын көтөрүү аракети ашкереленди


Бренда Шафферү, Израилдеги Хайф университетинин саясий илимдер боюнча профессору.
Бренда Шафферү, Израилдеги Хайф университетинин саясий илимдер боюнча профессору.

Американын New York Times гезити Азербайжан бийлигинин кызыкчылыгын жашыруун коргоп, эл аралык басылмаларга Бакуну АКШнын жана Евробиримдиктин энергетикалык жактан маанилүү өнөктөшү катары көрсөтүүнү көздөп, буйрутма макала жарыялап жүргөн профессор Брендa Шафферди ашкереледи.

6-сентябрда New York Times гезити Азербайжан бийлигинин эл аралык коомчулук алдында өлкөнүн аброюн көтөрүп, АКШнын коопсуздук боюнча маанилүү өнөктөшү катары көрсөтүү үчүн америкалык окумуштуулар менен алаканы кеңейтип жатканын далилдеген документтерди жарыялаган. “Бул өнөктүк жакшы жыйынтыктарды берген,” - деп жазылат макалада.

Үч күндөн кийин ушул эле гезитте Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыңалуу тууралуу макала жарык көргөн. Анда Украинага тийиштүү Крымды аннексиялап алгандан кийин Орусия талаштуу Тоолуу Карабак аймагын да өзүнө каратып алышы ыктымал экени жазылган. Макаланы Израилдеги Хайф университетинин саясий илимдер боюнча профессору, учурда Жоржтаун университетинде чакыруу менен иштеп жаткан Бренда Шаффер жазган. Автор тууралуу кыскача билдирүүдө Бренда Шаффер Азербайжандагы SOCAR мамлекеттик ири энергетикалык компаниянын башчысы Ровнаг Абдуллаевдин стратегиялык маселелер боюнча кеңешчиси болуп иштегени жазылган эмес.

New York Times гезити Бренда Шаффердин SOCAR компаниясы менен байланышын билгенден кийин, атайын редакциялык билдирүү жарыялап, автор басылма менен контракт түзгөнүнө карабай мамлекеттик мунай компаниясынын жетекчилигинин кеңешчиси болуп иштеп келгенин жашырып койгонун мойнуна алат.

Берлиндеги European Stability Initiative институтунун жетекчиси Геральд Клаудстун айтымында, Бренда Шаффер өз макаласында Орусиянын коңшулары анын Украинада жүргүзгөн саясатынан кооптонуп жатышканын туура деп белгилеген.

Бакудагы АКШнын мурдагы элчиси, көз карандысыз активист жана укук коргоочу Ребекка Винсент "Азаттыкка" кат аркылуу жөнөткөн билдирүүсүндө «Азербайжандык расмийлер Украинадагы кризисти жана аймактагы башка окуяларды өлкөдөгү жылдан жылга күчөп бараткан адам укуктарынын көйгөйлөрүнөн алаксытуу үчүн колдонуп жаткан сыяктуу» деп билдирди. Жана ушул тапта бул өлкөдө саясий куугунтуктан улам 86 адам камалып жаткандыгы тууралуу маалымат бар экенин кошумчалады. Баку болсо өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу Батыштын сынын ар дайым четке кагып келет.

Бренда Шаффер өзү акыркы жагдай боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Ал өзүн 2013-жылдын башынан тарта SOCAR компаниясынын жетекчиси Ровнаг Абдуллаевдин кеңешчиси катары тааныштырып жүргөнү маалым болду. 2013-жылдын 18-мартында Будапешттеги энергетикалык өндүрүш боюнча семинарга да азербайжандык компаниянын кеңешчиси катары катышкан. Башка булактарда Бренда Шаффер SOCAR компаниясында иштегени жөнүндө маалымат жок. Жоржтаун университетинин сайтындагы биографиясында Израил өкмөтүндө кеңешчи болуп эмгектенгени жазылып, SOCAR менен байланышы тууралуу бир да сөз жазылбаган.

15-июнда Бренда Шаффер Жоржтаун университетинин чакыруусу менен жаңы эле ишке киришкен илимий кызматкер катары Washington Post басылмасына өз макаласын жарыялаган. Кийинчерээк Wall Street Journal басылмасына 3-августта жарык көргөн макаласында да өзүн ушундай деп тааныштырган. Ал Reuters агенттигинин штаттан тышкаркы кабарчысы катары жана башка бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу аркылуу маалымат каражаттарында Азербайжанды энергетикалык коопсуздук тармагындагы Батыштын негизги өнөктөшү катары көрсөтүүнү көздөгөн.

Platt’s Energy Week агенттиги ушул жылдын май айында талкуу өткөрүп, "Европанын энергетикалык кайгысына Азербайжан жардам бере алабы?" деген маселени көтөргөн. Талкуунун алып баруучусу Бренда Шафферди Жоржтаун университетинин профессору, евразиялык бөлүмүнүн изилдөөчүсү деп тааныштырган. Шаффер талкууда Азербайжандын БУУдагы добуш берүүдө Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышын сындашы өтө маанилүү чечим болгон деп атаган.

"Орусия менен чек аралаш болгон саналуу өлкөлөрдүн катарында АКШны колдоо Азербайжан үчүн оңой болгон жок. Бул чындыгында оор чечим эле", - деген Шаффер ал талкууда.

Бренда Шаффер АКШ Конгрессинин эки палатасынын комитеттеринин алдында сөз сүйлөөгө дагы жетишкен. 11-августта ал Жоржтаун университетинин кызматкери катары АКШдагы Хельсинки комиссиясынын жыйынында сүйлөп жатып, «Жыйырма жылдан бери АКШ Вашингтон үчүн маанилүү коопсуздук демилгесине Азербайжанды кошулууга чакырып келет. Баку коңшулаш Орусия жана Ирандын терс көз караштарына карабай АКШнын бул сунуштарына ар дайым макул болуп келет”, - деп билдирген.

Июль айында Шаффер АКШ сенатында “Европанын энергетикалык коопсуздугу” деген темада өткөн жыйынга университтетин профессору катары катышып, АКШ SOCAR компаниясынын «Түштүк газ коридору» долбоорун колдосо туура болот деп билдирген.

Ал Азербайжандагы адам укуктары боюнча көйгөйдү сындоо орунсуз деп айтып келген.

2013-жылдын октябрь айында Azerbaijani Contact маалымат агенттиги АКШ Азербайжанда өткөн президенттик шайлоону сынга алганын жазып, бул боюнча Бренда Шаффер менен маек курган. Ал “Азербайжанды ар дайым сынга алып келишкени менен башка өлкөлөрдө чыныгы көйгөйлөр бар”, - деп белгилеген. Бакунун таламын талашкан эксперт азербайжан эли президент Илхам Алиевге “өлкөгө тынчтык, стабилдүүлүк жана экономикалык өнүгүү алып келгендиги” үчүн ишенет деген көз карашын айткан.

XS
SM
MD
LG