Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Исмаилова: 25 жылга соттоо да мени сындыра албайт


Хадижа Исмаилова
Хадижа Исмаилова

Бакудагы бүгүнкү сот жараянында журналист Хадижа Исмаиловага соңку сөз берилди. Бирок прокурордун талабы менен анын сөзүн судья орто жолдон токтотту.

Ал соттогу соңку сөзүндө Азербайжан бийлигинин жогорку баскычындагы коррупциялык иштерди ашкерелегени үчүн айыпталып жатканын айтып, түрмөгө түшкөндөн кийин да ишин уланта берерин белгиледи.

Бирок журналист президент Илхам Алиевдин атын атай баштаганда прокурор сотту анын сөзүн токтотууга чакырды. Сот жараяны эми кайра качан уланары белгисиз.

Соңку сөзүндө Хадижа Исмаилова ага тагылып жаткан айыптардын бардыгын четке кагып, мунун баары саясий негизде болуп жатканын жана бийликти сындаган макалалары үчүн өч алуу экенин дагы бир жолу кайталады.

Журналисттин 31-августтагы сөзүнө караганда, сот аны камакка алуу үчүн коюлган бардык айыптарды жок жерден ойлоп таап, анын ишмердигин токтотууга аракет кылууда.

“Мен түрмөгө отуруп калсам да, ишимди башкалар уланта берет” деген Хадижа ага тилектеш кесиптештери коррупцияга жана мыйзамсыздыкка каршы ишти уланта берет деп ишендирди.

Өткөн аптада мамлекеттик айыптоочу Исмаилованы тогуз жылга кесүүнү сураган.

Исмаилова 2012-жылы “Эркин Европа/ Азаттык” радиосуна Азербайжан бийлиги өлкөдөгү эң кирешелүү алтын кенин президент Илхам Алиевдин үй-бүлөсүнө мыйзамсыз берип салганы, 2014-жылы оффшордык аймактагы фирмалар аркылуу Алиевдин эки кызы Azercell деп аталган Азербайжандагы эң ири мобилдик байланыш компаниясына ээлик кылып алышканы тууралуу макалаларды чыгарып турган.

Бир нече эл аралык сыйлыктарга татыган Исмаилова сот ыкчам териштирүү жүргүзгөнүн жана анын жыйынтыгы кандай болоору алдын ала эле белгилүү болгонун кошумчалады.

Ал соттук териштирүү маалындагы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, Хадижага каршы айтылган далилдердин бардыгы “кысымга алынган адамдардын” билдирүүлөрүнө негизделгенин айтууда.

“Күбөлөрдүн бирине пара сунушталыптыр. Силерде кандай уят жок? Бул не деген мамлекет?" –деген журналист ага тагылып жаткан “салык төлөөдөн качкан, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптар акылга сыйбай турганын белгилеп, бийликтин дал ушундай кылмыштарын ачуу максатында ал өзү журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келгендигин билдирди.

“Мени 15, керек болсо 25 жылга камасаңар да сынбайм. Мен көйгөйдү мүмкүнчүлүккө айланта алган адаммын”-деди ал.

39 жаштагы Хадижа Исмаилова декабрь айында алгач "бир адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирген" деген айып менен камакка алынган. Кийин ага каршы арыз жазган адам арызын кайтарып алган.

Эки айдан кийин ага кошумча айыптар тагылган. АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү Азербайжан бийлигин Исмаилованы бошотууга чакырып келет.

Эл аралык Мунапыс уюму Исмаилованы “абийир туткуну” деп атаган.

7-августта башталган сотко катышууга айрым гана чет өлкөлөрдүн элчилерине уруксат берилген . Көз карандысыз журналисттер жана активисттер сот жараянына киргизилбей келатат.

XS
SM
MD
LG