Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:13

Эл үнү / Коом

“Азаттыктын” берүүлөрү кайрадан кыска толкунда!

2008-жылдын 16-декабрынан тартып “Азаттык үналгысынын ” кечки берүүлөрү кайрадан кыска толкунда обого чыга баштады.

"Азаттыктын" архивинен. 2005-жылдын 28-февралында Бишкекте М. Горькийдин эстелигинин жанындагы аянтта "Азаттык үналгысын" колдогон нааразылык жыйыны өткөн.
Текст көлөмү - +

Урматтуу угармандар!


2008-жылдын 16-декабрынан тартып “Азаттык үналгысынын ” 18:00деги жана 21:00деги жарым сааттык берүүлөрү кайрадан кыска толкунда обого чыга баштады.

Кечки саат алтыдагы “Кечки Азаттыкты” сиздер

 кыска толкунда

 21 метрде, башкача айтканда, 13,755 мегагерцте;

жана

 31 метрде, башкача айтканда, 9,465 мегагерцте

 кармап уга аласыздар.

 

Кечки саат тогуздагы “Азаттык+” берүүсүн сиздер

кыска толкунда

 25 метрде, башкача айтканда, 11,790 мегагерцте;

 жана

 41 метрде, башкача айтканда, 7,150 мегагерцте

 кармап уга аласыздар.

 

Ошондой эле, “Азаттыктын” бул жана башка берүүлөрү мурдагыдай эле HotBird, AsiaSat сателлиттери аркылуу жана "Алмаз", "Салам", "Мост", "Парламент", "L-W" радиолору сыяктуу бир катар жергиликтүү шериктерибиздин толкунунда обого чыгарылып келет.

Биздин берүүлөрдү интернет аркылуу да уга аласыздар.

Угуу усулдары тууралуу кеңири маалыматты биздин интернет дарегибизден таба аласыздар.

Калыс, так, бейтарап маалыматты өз учурунда алуу үчүн "Азаттык үналгысынын" берүүлөрүн угуңуздар!

 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу