Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Москвада кыргыздарга чабуул кайра күчөдү

Быйыл Орусияда үч кыргыз жараны киши колдуу болду

Быйыл Орусияда үч кыргыз жараны киши колдуу болду

27.10.2009

Быйыл октябрь айында эле эки кыргызды өлтүрүп кетишти. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” жагдай тууралуу айтып берди.

Раимкул Аттокуров: Азыркы учурда Москвадагы кылмыш-тергөө кызматы мунун үстүнөн иштеп жатат. Москвадагы кыргыз элчилиги Сафаров Жаныбектин денесин (24-октябрда белгисиз бирөөлөр арматура менен сайгылап өлтүрүшкөн) Кыргызстанга жиберүү боюнча чараларды көрүп жатабыз. Тынчтыкбек Ташболотов тууралуу да (11-октябрда белгисиз бирөөлөр атып кетишти) маалымат алдык. Экөөнүн тең чөнтөгүнөн орус жаранынын паспорту табылыптыр. Булар боюнча тергөө иштери бүтө элек. Ошондуктан кошумча маалымат чыга элек.

Төрөкул Дооров: Сиздер соңку окуялар тууралуу билдирүүлөрдү жасаган жоксуздарбы?

Раимкул Аттокуров: Жок. Анткени акыркы окуяларда каза болгондор улутчул жаштардын колунан өлгөнбү же башка себептерден улам каза болуштубу – азырынча дайын боло элек. Ал тууралуу так тыянак чыгарылгандан кийин гана чара көрө алабыз.

Төрөкул Дооров: Элчи мырза, былтыркыдан бери (2008-жылы Орусияда 14 кыргыз улутундагы адам улутчулдардын колунан каза болгон) кыргыздарга чабуул азайгандай болду эле, эми ушул күздөн тарта кайра чабуул күчөгөнүнө эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуз?

Раимкул Аттокуров - Кыргызстандын Орусиядагы элчиси
Раимкул Аттокуров:
Быйыл каза болгон кыргыз улутундагы адамдардын баары улутчул жаштардын колунан өлгөндүгү азырынча далилдене элек. Азыр беш өлүм боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Алардын жыйынтыгы чыкканда гана чабуул көбөйгөн-көбөйбөгөнүн так айта алабыз.

Төрөкул Дооров: Бирок сиз өзүңүздүн тажрыйбаңызга негиздеп айта аласызбы? Мында улутчул жаштар аралашканбы же башка кылмыштуу топтордун ишиби?

Раимкул Аттокуров: Бизде азырынча үч иш боюнча “кылмыштуу топтор аралашкан” деген маалымат бар. Алар боюнча акыркы тыянак чыгарылганда гана бул сурооңузга жооп беребиз го.

Төрөкул Дооров: Буга чейин сиз Орусиядагы улутчул жаштар менен байланышып, “Эми кыргыздарга каршы чабуул азаят” деген билдирүүлөр менен да чыккан элеңиз. Азыр эми эки кыргыз жараны өлтүрүлгөндөн кийин, өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

Раимкул Аттокуров: Чындыгында, биздин жарандарга каршы чабуулдар 2008-жылдын башында аябай күчөгөн эле. Бирок андан бери андай окуялар катталган эмес. Бирок акыркы эки-үч айда гана ушул окуяларды угуп жатабыз. Азырынча тергөө кызматкерлери соңку окуялар көбүрөөк “күндөлүк турмуштагы эле чырдан чыккан болсо керек” дегенге ыктап турушат. Биз четте калбай, алардын сотторуна катышып, бүт ишке көз салып турабыз. Ошондуктан акыркы сөз айтылганда кандайдыр бир чараларды көрөбүз го.

Төрөкул Дооров: Жакында эле, сентябрдын этегинде, Москва шаардык соту скинхеддердин тобуна каршы өзүнүн өкүмүн чыгарды. Орусияда милиция жана сот органдары улутчул жаштардын криминалдык топторуна каршы көрүп жаткан аракеттерине кандай баа бересиз?

Раимкул Аттокуров: Жакындагы сиз айткан сот 2005-2007-жылдары улутчул жаштар жасаган кылмыштар боюнча болду. Алар эки кыргыз жаранын да мууздап кетишкен. Ал учурга салыштырганда, азыр абал бир топ жакшырды го деп ойлойм. Себеби элчилик, миграция комитети жана бул жактагы кыргыз диаспорасы тарабынан түрдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Акыркы учурда мындай окуялар бир топ азайды деген ишенимде турабыз.

Төрөкул Дооров: Сиз Орусиядагы улутчул жаштардын уюмдарынын бири менен байланышып, аларды Кыргызстанга чакырып, керек болсо, Москвада футбол ойнойбуз деп чыктыңыз эле. Ойнодуңуздарбы?

Раимкул Аттокуров: Жок. Футбол оюну өтө элек. Анткени азырынча бир убакты такташа элекпиз. Москва шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн стадионун сүйлөшкөнбүз. Булардын өкүлдөрү, биздин футболчуларыбыз даяр. Азырынча күтүп жатабыз.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
кимден: KG каяктан: Россия
31.10.2009 19:29
Бул жерде жогоруда айтылган 2 кыргыздын олумуно такыр баштар куноолуу деле болбошу мумкун,себеби Россиянын башка шаар-да кыргыздар оздору мас болуп,мушташтын кесепетинен олгон учурлар да бар.

кимден: Макс каяктан: Москва
31.10.2009 17:26
Элчибиз менен консулубуз Москвада отурган зданиясын жок дегенде косметикалык ремонт кылып койсо болмок. Орустардын туалеттери биздин консульстводон тазараак.

кимден: boxa каяктан: kg Москва
30.10.2009 18:28
Сиз такыр баштарды коюп,косулстводо коммерция кылган кызматчыларыңызды тыйбайсызбы?же алар сиз менен бөлүшөбү? Коммерция дегенге түшүнбөмүш болбоңуз,бир күндө бүтүп жүргөн справка ,паспортко пмж бастырыш үч жумуш күндө бүтөт.Акчасын трехкратный размерде төлөсөң,үч -төрт саатта аласың.Бул нерселер А.Жумагуловдун заманында бир күндө бүтүп жүргөн,сиз келгенден бери консулство,Б.Ордынкадагы Ош базарына айланды.

кимден: inash каяктан: Ankara/Turkey
30.10.2009 14:11
Түркияга эле келип "качак" (легалсыз) болуп иштесеңер бул кордукту көрбөйсүңөр, полиция да эч качан документ сурабайт, кетерде депорт болуп кайра Кыргызстанга кете бересиңер

кимден: Кыргыз каяктан: Батыштан
30.10.2009 13:14
Батышка баргыла деп, дагы кайталап түшүндүрүп кетейин.Батышта тил билбесең да жакшы жашап кетесиңер ,Орусия окшоп кокотуп-мокоткшпайт ,уруп-өлтүрбөйт,көпчүлүк кыргыздар тил билбей келген.Дагы бир өзгөчөлүгү орустар же түрктөрдүн ж.б улуттардын чоң жашаган райондору бар,ал райондордо кадимки Орусияда же Түркияда жүргөндөй эле болосуң,керек болсо дүкөн жазуулары,гезиттер жазулары өз тилдеринде.Мен боорум оруганын себеби Кыргызды мыкачылык менен өлтүрө береби ?!

кимден: Алымбет каяктан: Нарын-Москва
29.10.2009 20:02
Чын эле иним, аябай мыкты журналистсиң! Көп окуйм сен жазган макалаларды. Ушундай темага жазганың кубантат. Байкуш, биздейлерди да ойлогондор жок эмескен. Көбүрөөк бул темага жазып турсаңар жакшы болмок. Азаттыктан башкаларга ишенүүгө болбойт, и алар мындай темаларды терең жазышпайт. Силерден сураныч: Россияга келип, адамдар менен сүйлөшүп, алардын сүрөттөрүн тартып дагы кененираак жазсаңар! Баягы эле такыр баштардын сүрөттөрү. Таяк жегендерди, тооктой болуп бир комнатада жашагандарды, жакынын жоготуп ыйлап жүргөндөрдү оңой эле таап аласың. Өзүбүздө жумуш жакшы болсо - мен деле мугалимдик кесибимди улантып балдарымды кучагыма кысып жыргап жашамакмын. Батышка кел деп чакырган досум: ал жака баруу үчүн биринчи тилди үйрөнүү керек ко. Өзүбүз бул жакта орусчаны да араң сүйлөп жүрсөк. А, Аттокуровду жамандаштын пайдасы жок, ал жардам берип жатат деп угуп жатабыз. Бирок, ага деле кыйын, мындай кармашта анын колунан не келмек эле.

кимден: kyrgyz каяктан: alystan
29.10.2009 18:42
Ushulardy bizdin chinovnikter okuit beken??? Tim ele keede baldaryn jogotkon enelerdi oilop iylagyng da kelip ketet... A, kursak salyp, kreslonu eelep algandar bolso, kursak toiso boldu dep myndailar menen ishi jok. Ai, kyrgyz kayaka baratabyz?!

кимден: Али каяктан: Ош
29.10.2009 15:15
Завод, фабрикаларды талатып-тонотпой сактап калганда байкуш кыргыз көрүнгөн жерде тентип кор болбой, миңдеген үй-бүлөлөр бузулбай бала-чакасынын алдында жашабайт беле. Курсагы токтун курсагы ач менен иш эмне? Карды ток, кийими бүтүндөр карапайым элди эч качан түшүнгөн эмес, түшүнбөйт дагы.
Мен 18 күн бир аттуу-баштуу чиновник менен бир жерде, бир мейманканада ( атасам болбойт) жашап калдым. Люкс мейманканада жатабыз, эртең мененки тамакта баары бар, каймак, май, салат менен соктун түрлөрү, мөмө-жемиш, колбаса, эт, айтор каалаганыңдын баары алдыңда, Тамактангандан кийин машина келип алып кетет, түшкү тамагым "жирный" кечкисин мейманканадагы номерге каалаган тамагына буюрутма берсең болот, каалаган пиво менен спирт ичимдигин алсаң болот. Акча менин чөнтөгүмөн кетпейт. Ошентип 7 күндөн кийин айылга баргым келбей калды. 10 күн жашаганымдан кийин айылдагы үй-бүлөмдүн жашоосун унута баштадым. Алардын нан,чай менен отурушкандарын ойлогум келбей калды. Анткени мен жыргап жүрөм. Жыргал жашоо мага жакты. Алар кыйнала беришсин. Мага эмне? Мага жакшы болсо болду да. Өмүрүм ансыз деле түбөлүктүү эмес. Бул жашоодо ушундай жашаш керек экен деп жыргап жүрдүм. Мейманканада ысык суу, таза, бүт баары ойдогудай. Баягы "джин" депутат болсо кааласа бөлмөсүнө кыздарды алып келет, болбосо достору менен жыргайт. Мен болсо кошуна номерде жыргайм. Ошондо чиновниктердин ырахатын көрдүм. Эмне эле депутат болом деп "өлүп-житишет" десе, көрсө жыргалдын баары ушул жакта турбайбы. Мен өмүрүмдө көрбөгөн ичимдик, кыздар, акчаларды ошол жерден көрдүм. Кыздар дагы акча десе баардык нерсеге даяр экенин өз көзүм менен көрүп, түңүлүп келдим. Менин тандыр менен малдан башка эч нерсени билбеген аялым али бул дүйнөгө төрөлө элек турбайбы деп ойлоп калдым. Чиновниктердин жашоосу бей кам. Мага окшоп күндө маршруткага жол киреге акча жетеби деп ойлонбойт, балдарыма кечинде нанга, майга акча жеткириш керек деп ойлонушпайт экен. Ошондон кийин жашоосунун баардыгы ойдогудай болсо чиновниктер кантип карапайымдын көйгөйүн билет. Турмушун эшек араба, көйгөй кайда карба дейт турбайбы көрсө.

кимден: kay
29.10.2009 03:59
Dagy dele bar adamdar Moskvadan konulu kalbagan.Otkondogu tv -degi korsotkon programmany korup oturup jurogun ooruit.Jash kyzdar jany torolgon baldar 1 komnatada aralashyp jatyshat,oshondoi jashoodon koro kyrgyzystanda achka jurgonunor on!Kyrgyzdyn elchileri oz chontogun oiloit.Azyrky zaman kerek bolso kyrgyz olup jatsa,kyrgyz janynan karap otup ketet.Attokurovtu kunolop kerek jok.Builik akmaktygynan kyrgyz elim kuurady.

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
28.10.2009 23:27
Биздин элчибизге кайрылам. Ушул скинхедерди Бишкеке алып келип футбол ойнотчу кагылайын?
Корот элем ошол Скиндерди кантип кайра келишин. Канчалаган кыргыз уйбулолордо балдарын,атасын,эжесин,апасын ушул такыр баштар муздап кетишкенин. Алар Бишкекти каптап кетишет. Даже президентибиз чочулайт не болгон митинг деп. Жон эле айтсак ар бир айылда Кыргызстандын жок дегенде бир олгон адам бар ушулардын колунан каза тапкан.
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)