Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

НАТО менен Орусия тиреши күчөп баратат


Литвадагы НАТО күчтөрү. 27-апрель, 2016-жыл
Литвадагы НАТО күчтөрү. 27-апрель, 2016-жыл

НАТО 2-майда Балтика жээгинде, 3-майда Молдовада аскердик машыгууларды баштады. Москва ага АКШнын учак жана кемелерин аскердик учактары менен жакындан айланып учуу менен жооп берүүдө.

Украинадан кийин курчуган НАТО менен Орусиянын мамилеси кайда барат?

2-майда Эстонияда башталган НАТОнун аскердик машыгууларына он өлкөдөн 6 миң аскер катышары кабарланган. Машыгуулардын өзү үч жумага созулат.

3-майда Молдова менен АКШ дагы эки жумага созула турган аскердик машыгууну башташты. Американын 200дөй аскери Румыниядан 2-майда Молдова жерине кирди. Аскерлер Молдованын борборун аралап, Кишиневдун түндүк-батышындагы Негрести шаарына келет. Dragon Pioneer деп аталган машыгуу 20-майга чейин созулат.

Молдованын орусиячыл социалисттик партиясы өз тарапкерлерин аскердик техниканы жолун бөгөөгө чакырды. Бирок ал ийгилик алып келген жок. Жол тосууга чыккан он чакты киши эч кандай тоскоолдук жаратпай, аскерлер жана техника барар жерине тынч өтүп кетти. Оппозициялык партия 9-майда Жеңиш күнү нааразылык акциясын уюштурууну сунуштады. Бул күнү АКШнын аскерлери да Молдова күчтөрү менен аскерий парадда болмокчу.

Мына ушул машыгуулардын алдында АКШ менен Орусиянын аскерий техникаларынын ортосунда азыноолак чатактар болуп өттү. Адегенде, апрель айында Балтика жээгинде эл аралык сууларда сүзүп бараткан АКШнын “Дональд Кук” аттуу кемесине Орусиянын аскерий учактары жакындап учуп, бомбалагандай түр көрсөтүштү.

Андан кийин ошол эле Балтика абасында 29-апрелде учуп бараткан америкалык RC-135 чалгын учагына орус аскерий учагы 30 метр жакындап учуп келип кеткен.

АКШ булардын баарын “кесипкөйлүккө жатпастыгын” белгилеп, опуртал кадамдар Балтикадагы кырдаалды чыңалткандан башкага жарабасын эскертүүдө. 2-майда АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн башчысы адмирал Жон Ричардсон “Мындай аракеттер жалпы региондо кырдаалды чыңалтат, ошондуктан биз ал жерде нормалдаштырууга аракеттенебиз” деп билдирди.

Ричардсондун пикиринде, аскерий учактардын жакындап учуусу “тактикалык катачылыкка” алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда “орус тараптын чагым жасайлы деген ою бар деп эсептебейм. Алар белги берүүгө аракеттенүүдө деп ойлойм” дейт Ричардсон.

Орус тарап өз кезегинде АКШ учактарынын Орусия чек арасына жакын учуусу мына ушундай окуяларга алып келгенин билдирүүдө.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков НАТО аскердик потенциалын Орусия чек арасына жакындаштырууда дейт:

- Билдирүүлөр сөз менен чектелип калган жок. Биз аскердик потенциалдын Орусиянын чек арасына жакындаткан кадамдарды көрүп жатабыз. Ошондуктан көрүнүп турган нерселерди айткандын өзү эле жетиштүү.

Орусия өзү да батыш тарабын бекемдөө багытында практикалык иш-аракеттерди көрүүдө. Бул Украинага жакын жерде, батыш тарапта жаңы аскердик бөлүктөрдү жайгаштыруу, инфраструктура түзүү, Крымдын аскердик потенциалын бекемдөө сыяктуу аракеттер.

Орусиянын мына ушундай аскердик аракеттери жана Украинадан Крымды тартып алышы, Донбасс жана Луганскиде жикчилдерди бардык тараптан колдоосу Балтика менен Чыгыш Европа мамлекеттеринин чочулоосун жаратканы белгилүү.

НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн башчысы генерал Бридлав Орусия эл аралык нормаларды бузду деп эсептейт:

- Биз реваншисттик Орусиядан маселе көрүп жатабыз. Орусия эл аралык нормаларды сактабайт. Биз аны менен 20 жылдан ашык мезгилден бери мамиле түзүүгө аракеттенип келдик. Орусия болсо күчкө таянып, эл аралык таанылган чек араны өзгөрттү.

Ошентип, күчкө күч дегендей НАТО аскердик машыгууларды өткүрүүдө. Ошол эле учурда Балтика жана Польшада ротациялык негизде 4 миң жоокер кармоону чечүүдө. Бул Чыгыш Европада келерки жылдан баштап жайгаштырыла турган АКШнын 4200 аскерине кошумча болмокчу.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG