Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Вардзелашвили: Кыргызстан БУУнун чечимин аткарууга милдеттүү


Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитетинин мүчөсү, Грузиянын Конституциялык сотунун судьясы Константин Вардзелашвили
Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитетинин мүчөсү, Грузиянын Конституциялык сотунун судьясы Константин Вардзелашвили

Женевадагы Адам укуктары комитетинин абактагы Аскаровдун иши боюнча Кыргызстанга жиберген сунушунан кийин кыргыз коомчулугунда укуктук талкуу күчөдү.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитетинин мүчөсү, Грузиянын Конституциялык сотунун судьясы Константин Вардзелашвили эл аралык уюмдун чечими боюнча түшүндүрмө берди.

"Азаттык": Укук коргоочулар Комитеттин чечимин Кыргызстан аткарууга милдеттүү десе, саясий жетекчилик сунуш гана иретинде кабыл алынарын айтууда. Чечимдин юридикалык күчүн түшүндүрүп берсеңиз?

Вардзелашвили: Алды менен сурооңузга рахмат. Мен комитеттин чечими сөзсүз түрдө аткарууга жатат деген тараптамын. Анткени Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө пактка мүчө ар бир өлкө өзүнө ошол милдеттемени алат. Кыргызстан дагы Пактын кошумча протоколун жактырган өлкө катары комитеттин чечимдерин аткарууга милдеттүү.

Андыктан жеке арыздарды карап, анын негизинде чыккан комитеттин чечими аткарууга жатат. Бул Комитеттин расмий позициясы. Бул милдеттеме Пактка жана анын кошумча протоколуна негизделгенин дагы бир жолу кайталап кетким келет.

"Азаттык": Эгер Кыргызстан Комитеттин чечимин аткарбай койсо кандай таасир этүүчү механизмдер колдонулат?

Вардзелашвили: Комитеттин кандайдыр бир басым жасай турган түздөн-түз рычагдары жок. Ошол эле маалда өзүңүздөр билгендей, Пактка кирген өлкөлөр маал-маалы менен Комитетке келип, эмне иштер аткарылгандыгы тууралуу баяндама жасайт. Комитет улуттук өкмөттөр анын чечимдери, сунуштары боюнча эмне аткарганына көңүл бөлөт. Албетте, биринчи кезекте жеке арыздар боюнча эмне аткарылганын сурайт.

Өлкөлөрдүн соттору чечим чыгарууда Эл аралык пактын аткарылышына, канчалык деңгээлде колдонуп жатканына дагы орчундуу көңүл бурулат. Кыргызстандын комитетке берген соңку баяндамасын карап көргөнүбүздө кыргыз соттору Эл аралык пакт тарабынан киргизилген стандарттарды өз ишмердүүлүгүндө өтө аз колдонгону байкалды. Комитет бул тууралуу өз бүтүмүндө Кыргызстанга сын пикирин берди.

"Азаттык": Айрым укук коргоочулар Адам укуктары комитети өз байланыштары аркылуу Кыргызстанга саясий басым жасай алат, керек болсо ал экономикалык мүнөзгө өтүшү мүмкүн деп айтышууда. Бул айтылгандар канчалык жүйөлүү?

Кыргызстандын соттору Эл аралык пакт тарабынан киргизилген стандарттарды өз ишмердүүлүгүндө өтө аз колдонгону байкалды.

Вардзелашвили: Кыргызстан комитеттин чечимин аткаруудан баш тартса, анын кандай запкысы тийери тууралуу саясий баа берүүдөн алысмын. Албетте, эл аралык коомчулуктун ар кандай реакциясын жаратышы мүмкүн. Албетте, Улуттар Уюму менен Адам укуктары комитети терс маанайда кабылдайт. Кыргызстан эл аралык конвенцияларга кошулган өлкө катары Улуттар Уюмунун системасында, андан сырткары регионалдык уюмдардын деңгээлинде суроо коюлуп, сынга кабылат. Азырынча алдын ала божомолдон алыс бололу, Кыргызстан Пактка кирген башка мүчөлөрдөй эле өзүнө алган милдеттемелерди аткарат деп ишенип туралы.

"Азаттык": Кечээ эле кыргыз парламентинин мүчөсү, белдүү юрист-саясатчы Текебаев “Улуттар Уюмунун сунушу бизге буйрук эмес, айыптоолордун маңызы тууралуу комитет эч нерсе айткан жок” деп билдирди.

Вардзелашвили: Саясатчылардын сөздөрүнө баа берүүдөн алыс болоюн. Ал эми [Аскаровдун] кылмыш иши тууралуу айтсам, Комитет төртүнчү инстанция же аппеляциялык сот эмес. Комитет тигил же бул кишинин канчалык күнөөлүү-күнөөсүз экенин териштирбейт. Комитет Пактын беренелери бузулган эмеспи, ошол өлкөнүн юрисдикциясында турган адамдын Пакт коргогон укуктары бузулганбы, ошону карайт.

Ал эми биз сөз кылып жаткан Аскаровдун иши боюнча тараптар берген маалыматты, аргументтерди, документтерди карап чыккандан кийин Комитет - Кыргызстан Пактын бир нече беренесин бузган деген тыянакка келди.

Атап айтканда, 7-берене: кыйноолорго, адамдын ар-намысын тепсеген ырайымсыз мамилеге жол бербөө, 9-берене: эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укук, 10-берене: эркиндиги чектелген адамдарга гумандуу мамиле жасоо, 14-берене: адилет соттук териштирүүгө укуктар бузулган. Комитет ар бир берене кандайча бузулганын салмактап өз бүтүмүн чыгарып, тиешелүү өлкөдөн токтоосуз чара көрүүнү талап кылат. Бул иште 7 жана 14-беренелер одоно бузулгандыктан Аскаров мырзаны абактан бошотууну жана зарылчылык болсо кайрадан соттук териштирүү талабын койот.

Комитет чечим чыгарарда маселенин саясий өңүтүнө көңүл бурбай, саясий аргументтерден алыс болуп, Пакт камсыздаган укуктар менен эркиндиктин бузулушуна гана көңүл бурат.

Адам укуктары комитетинин чечими кайсы бир өлкөнүн сот системасын сындоо же кемчилигин көрсөтүү сыяктуу кабылданбашы керек, Комитет болгону конкреттүү иште кандайдыр бир катачылыктар, алешемдиктер кеткенин көрсөтөт.

"Азаттык": Комитет өз бүтүмүндө Аскаровду абактан тезинен бошотууну талап кылат деп жазылган. Өзүңүз билгендей, укук коргоочунун иши Кыргызстандын сотторунун бардык баскычтарында каралып, ага оор жаза чегерилген. Комитеттин чечиминен кийин Аскаров абактан бошотулса, бул кыргыз сотуна катуу сокку болбойбу?

Вардзелашвили: Мен муну кыргыз сотторуна катуу сокку деп эсептебейт элем. Комитетке тигил же бул өлкөнүн юрисдикциясында турган көптөгөн жеке адамдар кайрылат. Негиздүү себептерине байланыштуу алардын айрымдарынын иши узакка каралса, айрымдары боюнча комитет өз чечимин тез арада чыгарат.

Адам укуктары комитетинин чечими кайсы бир өлкөнүн сот системасын сындоо же кемчилигин көрсөтүү сыяктуу кабылданбашы керек, Комитет болгону конкреттүү иште кандайдыр бир катачылыктар, алешемдиктер кеткенин көрсөтөт. Ал эми Комитет берген сунуш-чечимдерге тигил же бул өлкөнүн жетекчилиги, сот системасы кандай реакция кылат – бул ошол сот системасынын көз карансыздыгын, канчалык эффективдүү иштегенин көрсөтөт.

Комитеттин чечимдерин аткарууга дилгир болуп, анын жолдорун караган өлкөнүн системасы кандайдыр бир алсыздыгын эмес, тескерисинче эл аралык укуктук принциптерге негизделгенин далилдейт.

"Азаттык": Аскаровго тагылган айыптардын бири – Жалал-Абадда өлтүрүлгөн милиция кызматкеринин аялы дагы Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитетине арыз менен кайрыларын “Азаттыкка” айтты. Комитет анын арызын кабыл алып карайбы?

Вардзелашвили: Мен азыр ал аялдын арызы кабыл алынабы жокпу – айта албайм. Ким болбосун, эгер Пакт камсыздаган укуктары бузулган деп санаса, Комитетке арыз менен кайрылууга укуктуу. Комитет үчүн арызды ким жазганы маанилүү эмес, эң башкысы – арыздагы жүйөлөр канчалык негиздүү экендигинде. Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитети ушул критерийдин негизинде арызды кабыл алып, карай баштайт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG