Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

“Улуттар биримдиги” бириндейби?


Ош шаары
Ош шаары

Партиялар 27-мартта өтө турган Ош шаардык кеңешине шайлоого камылга көрө баштады. Мурдагы шайлоодо көп добуш алган, лидери сыртта баш калкалап жүргөн “Улуттар биримдиги” партиясынын шайлоого катышар-катышпасы чечиле элек.

Мындан төрт жыл мурунку шайлоодо, лидери Мелис Мырзакматов мэр болуп турган кезде “Улуттар биримдиги” партиясы шаардык кеңештеги 45 орундун 21ин алган эле.

Ушул тапта чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Мелис Мырзакматов партиянын шайлоого барар-барбасы, башка партияларга биригүү жагы бир жактуу чечиле электигин, айрым бир партиялар менен сүйлөшүү жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ушул жумада саясий кеңештин жыйынында чечим кабыл алынарын маалымдады.

Ал ортодо аталган партиянын бир катар депутаттары шаардык кеңешке башка партиянын тизмеси менен барганы жатканы белгилүү болду. Муну Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаты Сонунбек Жунусов да ырастады:

- Партиянын шайлоого барар-барбасы, барса ким менен барат, өзү жалгызбы же башка партияга биригеби деген маселе ушул жумада чечилип калат. Бирок биздин партиядан депутат Шайлообек Атазов “Ата Мекендин” тизмесинде үчүнчү болуп баратат, дагы башка депутаттар башка партиялар менен барганы жатат. Мен да эки-үч партия менен сүйлөшүп жатам. Азырынча чечим кабыл ала элекмин.

Ош шаардык кеңешинин азыркы курамы жети партиядан: “Улуттар биримдиги”, Социал-демократтар, “Республика”, “Ата Мекен”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Замандаш” жана Кыргызстан элдик-демократиялык партиялардан куралган. Шаардык кеңештеги жалпы орундун 21и “Улуттар биримдигине” таандык.

2014-жылдын башында мэр шайлоодо Мелис Мырзакматов Социал-демократтар көрсөткөн талапкер Айтмамат Кадырбаевге утулуп калган. Мырзакматов өзүнө кылмыш иш козголгондо сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

“Улуттар биримдиги” өткөн жылдагы парламенттик шайлоого катышкан эмес, бирок “Ата-Мекен” партиясын ачык колдогон жана 40 мүчөсүн “атамекенчилердин” тизмесине киргизген. Бирок алардын бирөө да парламентке өткөн жок. Ош шаарында “атамекенчилерди” добуш бергендердин алты пайызга жетпегени колдогон.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыктагы” маегинде жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго партия өз алдынча катышарын, бирок ошол эле кезде башка партиялар, саясий күчтөр менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты:

- Азыр конкреттүү эч нерсе айта албайм. Бирок башка партиялар менен кызматташуунун ар кандай формаларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү сакталып турат. Тажрыйбада кызматташуунун көп түрлөрү бар. Биз көз караштары дал келген ар кандай партиялар менен кызматташууларга даярбыз. Мисалы кызматташууга бирдиктүү талапкерлерди алып чыгуу кирет. Андан сырткары үгүт иштерине катышып, партиялар өздөрүнүн саясий ресурсун колдонуп, уюштуруу иштерине аралашышы мүмкүн.

Баары эле жеке кызыкчылыгын ойлоп, кантип мандат алып депутат болуу керек, кантип ишин жүргүзүү керек, кантип фирмасын тендерден уткузуу керек деген менен алек.
Төлөгөн Келдибаев

Жергиликтүү шайлоолорго даярдыктар башка да бир катар партияларда жүрүүдө. Маселен, 2015-жылы парламенттик шайлоого бирге барган “Республика", "Ата Журт” партиялары жергиликтүү кеңештерге өзүнчө катышууну чечкен. Мындай чечимди ириде "Ата Журт" партиясынын саясий кеңеши кабыл алган.

Ошто шайлоо курч, кызуу өтөт деген божомол бар. Жергиликтүү талдоочу Төлөгөн Келдибаев саясатчылардын башка партиялардын тизмесине кирүү аракетин мындайча баалады:

- Кыргызстанда бардык эле партиялардын, ошол эле аттуу-баштуу деген Социал-демократтардын деле өзүнүн мүчөсү жок. Тигил партия, бул партияга секирмей. Мисалы, “Ар-намыстын” беш депутаты КСДПдан депутат болгондой эле, Ошто деле ушундай көрүнүш болуп жатат. Куугунтукталып калган лидердин партиясынын өкүлдөрү бийликтеги партиялардын эшиктерин каккылап, таасирлүү саясий фигуралардын айланасында биригип, айтор эптеп өз оокатын кылмай каадасына өтүп алды. Азыр кайсы бир партиянын программасына, идеологиясына карап баруу деген калды. Баары эле жеке кызыкчылыгын ойлоп, кантип мандат алып депутат болуу керек, кантип ишин жүргүзүү керек, кантип фирмасын тендерден уткузуу керек деген менен алек.

Ош шаардык кеңешке шайлоо 27-мартта өтөт. Учурда партияларды каттоо жүрүп жатат. Үгүт иштери добуш берүүгө бир ай калганда башталат.

XS
SM
MD
LG