Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Путин менен Эрдогандын эрегиши


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркия орус учагын атып түшүргөн 24-ноябрдан бери Москва менен Анкаранын бири-бирин айыптоолору токтой элек. Кечээ президент Владимир Путин Түркия Орусиядан кечирим сурап жана чыгымды төлөп бериши керектигин айтып чыкты. Түркия президенти Эрдоган чек арасын бузган учакты атканы үчүн эч качан кечирим сурабасын билдирди. Москва Орусиядагы түрк компанияларынын ишмердигин да чектегени жатат.

Орусия президенти Владимир Путин Түркия жетекчилиги эки тараптуу алака-катышты атайлап туңгуюкка түртүүдө деп эсептейт. Бейшембиде ал Орусияда ишин жаңыдан баштаганы жаткан 15 элчини кабыл алуу учурунда сүйлөп жатып Москва Анкаранын кечирим сурашын күтүп жатканын айтты:

- Биз азырга чейин Түркия жетекчилигинен кечирим суроону, же келтирилген зыян менен чыгымдарды төлөө сунушун, же бул кылмышты жасагандарды жазалоо убадасын уккан жокпуз.

Путин бул окуя далыдан бычак уруу болгонун дагы бир ирет кайталап, ал эл аралык укукка каршы келерин белгиледи. Орус президенти “Ислам мамлекети” сыяктуу террордук топтордун пайда болушун айрым өлкөлөрдүн терроризмге каршы бошоң мамилеси, атүгүл кээде террорчулар менен ымалашып кетүүсүнүн натыйжасы деп баалады. Путин андан ары Сириядагы террордук топторго каршы жүрүп жаткан Орусиянын операциясын колдогон кеңири эл аралык коалиция түзүлөрүнө ниеттенерин да айтты.

Анкара Орусия учагы Түркиянын аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүлөрдү тоготпой койгон соң атууга аргасыз болгонун айтса, Москва учак Сириянын аймагынан чыкпаганын айтып келет.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын аба мейкиндигин бузганы үчүн керек болсо Орусия кечирим сурашы керектигин айтып, Путинге дароо жооп кылды.

- Биз өз чек арабыз бузулган кандай учур болсо да ага каршы дароо чара көрүүгө тийишпиз. Эрежелерге ылайык, биз бул боюнча Орусияга бир канча жолу эскертүү жасаганбыз. Аскерий көрсөтмөлөргө ылайык, чек ара бузулганда автоматтык түрдө реакция болорун баары билүүгө тийиш. Биздин учкучтар менен куралдуу күчтөр болгону өз милдеттерин аткарышты.

Эрдоган Анкарадагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда андан ары Түркия “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан мунай сатып албаганын, муну айткандар алгач аны далилдеши керектигин айтып, Орусиянын айыптоолорун жалган жалаа деп четке какты.

Мунун алдында түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да Анкара туура иш кылгандыктан Москвадан кечирим сурабасын айткан.

Ушул эле күнү Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өз өкмөтүнө Түркияга каршы санкция даярдоого эки күндүк убакыт бергенин билдирди:

- Бул документтерде Түркиянын Орусия аймагындагы экономикалык структураларынын ишмердигине чектөө киргизүү же тыюу салуу, Түркия продукцияларын, анын ичинде азык-түлүк продуктыларын Орусияга алып кирүүнү жана түрк компанияларынын Орусияда кызмат көрсөтүүсүн чектөө же тыюу салуу, ошондой эле башка чаралар тууралуу да сөз жүрөт.

Буга чейин декабрь айында Санкт-Петербургда Орусия жана Түркия расмийлеринин жогорку деңгээлдеги сүйлөшүсү белгиленген эле. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул сүйлөшүү азырынча расмий түрдө четке кагылбаганы менен, ал боюнча суроо көптүгүн айтты. Ошондой эле 30-ноябрда Парижде өтчү климат боюнча саммиттин алкагында да Путин менен Эрдогандын өз ара сүйлөшүүсү белгиленбегенин кошумчалады.

Ошентип Су-24 учагы атылган 24-ноябрдан бери Түркия-Орусия ортосундагы мамиле начарлап, Москва менен Анкаранын бири-бирин айыптаган кайым айтышуулары күчөп баратат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG