Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Түркия “эскалацияны каалабайт", Орусия “урушка камынбайт"


Орусиялыктар Түркиянын Москвадагы элчилиги астында түрк желегин өрттөгөн учур. Москва, 25-ноябрь, 2015-жыл.
Орусиялыктар Түркиянын Москвадагы элчилиги астында түрк желегин өрттөгөн учур. Москва, 25-ноябрь, 2015-жыл.

Түркия-Сирия чек арасында орусиялык учак атып түшүрүлгөндөн кийин Москва менен Анкаранын дарегине эки өлкөнүн мамилесиндеги чыңалууну жөнгө салуу чакырыктары айтылып жатат.

Түркия бүгүн өз тарабынан “эскалацияны” каалабасын, Орусия болсо “урушка камынбай турганын" билдирди. Бирок орус бийликтери Анкараны “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин колдогону үчүн айыптап, кечээги окуядан экономикалык кесепеттер болорун эскертүүдө.

Ак үй жана Анкара маалымдагандай, президенттер Барак Обама менен Режеп Тайип Эрдоган 24-ноябрдагы телефон сүйлөшүүсүндө чыңалып турган кырдаалды “жөнгө салуу жана мындай инциденттер кайра кайталанбашын кепилдеген чараларды көрүү маанилүү” деген орток пикирге келишти.

​Бул телефон сүйлөшүүсү учурунда Барак Обама Түркиянын өз суверенитетин коргоо укугуна АКШ менен НАТОнун колдоосун да билдирген.

Париждеги террордук чабуулдардан кийин “Ислам мамлекети” тобуна каршы коалицияны чыңдоо максатын көздөп жаткан Франциянын президенти Франсуа Олланды кечээ Ак үйдө кабыл алган кезде АКШ президенти Орусия Сириядагы аба соккуларында экстремисттерге караганда, президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан жергиликтүү козголоңчулардын байистүү топторун бутага көбүрөөк алып жатат деген мурдагы сынын да кайталады:

- Түркия да ар бир өлкө сыяктуу эле өзүнүн чек араларын жана аба мейкиндигин коргоого укуктуу. Менимче, азыр биз үчүн эң башкысы орустар жана түрктөр бири-бири менен өз алдынча сүйлөшүп, чынында эмне болгондугун аныктап, эскалациянын кандай түрү болсо да ага жол бербеген чараларды көрүү маанилүү. Менимче, бул окуя Орусиянын операциялары менен байланышкан азыркы көйгөйдү, алар Түркия чек арасына абдан жакын аракеттенип жатканын, Түркия эле эмес башка бир катар өлкөлөр колдоого алган байистүү оппозициянын артынан түшкөнүн көргөзүүдө. Эгер Орусия өз аракеттерин “Ислам мамлекети” тобуна гана каршы багыттаса, азыркы конфликттердин айрымдары же ката кетирүүү потенциалы же эскалация болору арсар.

Москва менен Анкараны чыңалган кырдаалды жөнгө салууга эртең Орусияга келери мерчемделген француз президенти Франсуа Олланд, ага катар немис канцлери Ангела Меркел да үндөдү.

Сирия кризисин жөнгөрүүгө аралашпай, четтеп турган Кытай жалпы эле терроризмге каршы күрөштө координацияны чыңдоого чакырды.

Орусиялык учак кулаган Түркия-Сириянын чек ара тилкеси
Орусиялык учак кулаган Түркия-Сириянын чек ара тилкеси

Анкара "эскалацияны каалабайт"

Расмий Анкара орусиялык аскерий учак Түркиянын аба мейкиндигин бузбоосу үчүн кеминде 10 эскертүү берилген соң гана атып түшүрүлдү деп ырастоодо. Орусиянын эсебинде болсо учак Сириянын аба мейкиндигинде жүргөн кезде эле атылган.

Париждеги террордук чабуулдардан кийин Сирия боюнча эки ача турумду карманган өлкөлөр биригип, ”Ислам мамлекети” тобуна каршы кеңири коалиция курайбы деген үмүттөргө суу сепкендей болгон бул кадамынын тууралыгын түрк бийликтери да өлкөнүн чек араларын коргоого укуктуулугу менен түшүндүрүүдө.

Президент Режеп Эрдоган шаршемби күнү Стамбулдагы жыйында сүйлөп жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Чек араларыбыздын коопсуздугу такай бузулуп, биздин мыйзамдуу укуктарыбызга жана суверенитетибизге шек келип жатканда унчукпай калышыбызды эч ким күтпөшү керек. Биз эскалацияны каалабайбыз. Учак Сирия тарапка кулаганы менен анын кээ бир бөлүкчөлөрү Түркиянын аймагына түшүп, эки мекендешибиз жараат алды. Учак Орусияга таандык экендиги бул өлкөнүн бийликтеринин билдирүүсүнөн соң гана анык болду.

Москва "урушка камынбайт"

Ал эми орус бийликтери Түркия менен расмий деңгээлдеги эки тараптуу мамиле бузулушу мүмкүндүгүн ишара кылууда.

Кечээ президент Путин учак атылышынан орус-түрк алакасына “олуттуу кесепеттер” болорун эскертип, тышкы иштер министри Сергей Лавров Стамбулга мерчемделген сапарын токтоткон.

Лавров бүгүн түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы менен телефон сүйлөшүүсүнөн кийин айткандай, Орусия “Түркия менен урушка камынган жок, түрк элине карата да мамиле өзгөрбөдү, болгону түрк жетекчилигине суроолор жаралып жатат”.

Орус тышкы иштер министри ошондой эле “эки тараптуу мамилелер олуттуу түрдө кайра караларын” белгилеп, бирок бийликтин орусиялыктарды Түркияга барбай турууга үндөөсүн “өч алуу эмес, террор коркунучун баалоонун негизинде” жасалган кадам катары мүнөздөдү.

​Ал эми премьер- министр Дмитрий Медведев айрым биргелешкен долбоорлор токтоп, түрк фирмалары орус базарындагы турумун жоготушу ыктымалдуулугун айтты.

Орус өкмөт башчысы ага катар Түркияны “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин “коргоп жатат” деп айыптап, түркиялык “кээ бир расмий өкүлдөрдүн” “Ислам мамлекети” тобунун карамагындагы ишканаларда өндүрүлгөн кара майды соодалоодо “тикелей каржылык кызыкчылыгы” бардыгын белгиледи.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG