Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Түркия орус учагын атып түшүрдү


HaberTurk TV каналы көрсөткөн кадрда жалын каптаган учак кулап баратат. 24.11.2015
HaberTurk TV каналы көрсөткөн кадрда жалын каптаган учак кулап баратат. 24.11.2015

Түркия-Сириянын чек арасында орус учагынын атып түшүрүлүшү Москва менен Анкаранын ортосунда кайым айтышууга негиз болду.

Орусиянын президенти Владимир Путин аскер учактын атып түшүрүлүшүн Орусиянын "далысына урулган бычак" катары кабыл алды. Путин Түркиянын аскер аба күчтөрү муну менен Сириянын аймагындагы террористтерге көмөктөштү деп айыптады.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган орусиялык Су-24 учагын атып түшүрүү менен “Түркия өзүнүн чек арасын коргоду” деп билдирди. Түркиянын аскер аба күчтөрү мүмкүн болушунча чатакташууга баргысы келбегенин айткан Эрдоган ар бир өлкө Түркиянын чек арасын коргоо укугун сыйлоого тийиш экенин белгиледи. Ошондой эле түрк лидери Түркия жакында союздаштар менен биргеликте Сириянын түндүгүндө коопсуздук тилкесин түзүүгө кирише турганын жарыялады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түндүк альянстын жалпы аймактык биримдигин колдоорун баса белгиледи. “Анкара менен Москваны кырдаалды курчутпай сүйлөшүүгө отурууга чакырам” деди баш катчы Брюсселде НАТОго кирген өлкөлөрдүн элчилери менен жолукканда.

АКШ менен Франциянын президенттери дагы мындан кийинки кырдаалды курчутпоого чакырды. “Түркиянын бардык башка өлкөлөрдөй эле өз аймагын жана аба мейкиндигин сактоого укугу бар” деп белгиледи Обама Олланд менен Ак үйдө жолуккан маалда. “Биз кырдаалдын курчуп кетишине жол бербешибиз керек” деди француз президенти.

Түрк премьер-министри Ахмед Давутоглу бир нече жолку эскертүүгө карабастан орусиялык аскер учагы өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын жана андай чукул кырдаалга Түркия өз учурунда чара көрүүгө акысы бар экенин айтып, жооп кайтарды.

Путиндин “опузасы”

Түркия менен Сирия чектешкен жерде Орусиянын аскер учагынын атып түшүрүлүшү боюнча президент Путин атайын билдирүү менен чыкты. Орус президенти бул учурда Иорданияда атайын сапарда жүргөн болчу. Путин Түркияны терроризмдин колдоочусу деп атап, бул окуя орус-түрк мамилесине оор залал келтиргенин өзгөчө белгиледи. “Орусиянын Су-24 аскер учагы ага ракета атылган кезде алты миң метр бийиктикте, Түркиянын аба мейкиндигинен бир чакырым алыстыкта турган” - деди орус президенти.

Мына ошондуктан Путин учакты атып түшүрүүнү "далыга сайылган бычак" деп айыптап, терроризмге көмөктөшүү катары баалады:

- Биз ири өлчөмдө тартылып алынган мунайзат Түркиянын аймагына кирип жатканын мурда эле каттоого алганбыз. Мына ошол жерден Сириядагы куралдуу топторду ири өлчөмдө акчалай камсыздоо болуп турат. Эми минтип террорчулук менен күрөшүп жаткан биздин аскерий учакты атып түшүрүү менен бизге далыга сокку урду. Бул окуя абадагы ар кандай кокустуктардын алдын алуу боюнча америкалык өнөктөштөр менен макулдашууга кол коюлгандан кийин болуп жатат. Ушул эле Түркия АКШ эл аралык терроризмге күрөшө турган коалициянын катарында турат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров учакты атып түшүрүүгө нааразылык катары 25-ноябрга Түркияга белгиленген иш-сапардан баш тартты. Ошол эле кезде Түркиянын өкмөт башчысы Ахмед Давутоглы Орусиянын президенти Путиндин койгон дооматын четке кагып, ага карата кескин жооп кайтарды. Түркиянын генералдык штабы 24-ноябрь күнү Сирия менен чектешкен Хатай провинциясынын аймагында белгисиз учак өлкөнүн аба мейкиндигин бузуп өткөнүн билдирген. Ага Түркиянын аскер аба күчтөрү 10 жолу эскертүү жиберип, бирок жооп болбогон соң F16 истребители белгисиз учакты атып түшүргөнү маалымдалган.

(Сириядагы козголоңчулар кыйраган учактын бир пилотун тегеректеп турушат, Рейтер)
Түркия-Сириянын чек арасында орус учагы атып түшүрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Анкара жооп кайтарды

Премьер-министри Давутоглы Түркия өзүнүн аба мейкиндигин коргоого акысы бар экенин айтып, орусиялык аскер учагынын аракетине жараша тиешелүү жооп болгонун кошумчалады:

- Бүгүн Түркиянын аба мейкиндигин бузуп кирүү биздин аскер аба күчтөрүнүн чагылгандай тез аракетинин натыйжасында үзгүлтүккө учурады. Мына ошол учактын чукулунан чек арага киргени биздин өлкөнүн аба мейкиндигин бузуу катары каралышы кажет. Анткени бир нече жолку эскертүүгө карабастан ал учак биздин аба мейкиндигибизди бузган. Аба мейкиндигин коргоо чарасы биздин улуттук кызыкчылыкты сактоонун жана эл аралык укуктун алкагында жүргүзүлдү.

Орус учагы кыйраган чек ара тилкеси
Орус учагы кыйраган чек ара тилкеси

Ошол эле кезде Түркиянын сунушу менен НАТО элчилердин деңгээлинде чукул жыйынга чогулду. Түндүк альянс Сирия менен Түркиянын чегинде орусиялык аскерий учактын атып түшүрүлүшү боюнча жагдайды талкуулай турганы белгилүү болду. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы бөлүмүнүн расмий өкүлү Ахмад Фаузи бул жагдай Сирияда терроризм менен күрөштү татаалдаштыра турганын белгиледи. Ал арада Стамбулдагы Орусиянын башкы консулдугунун алдында Кремлдин Сириядагы аракеттерине каршы акция болду. Ошондой эле акция Москвадагы түрк элчилигинин алдында өтүп, учакты атып түшүрүүнү айыптаган ураандар менен коштолду.

(Түркмөн козголоңчулары эки учкуч парашют менен секиргенде атып салышканын айтып берүүдө, Рейтер)
Түрмөн командири орус пилотторун атып салышканын айтууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Буга чейин Орусиянын коргоо министрлиги чек ара тилкесинде Су-24 аскер учагы кыйраганын ырастап, ага чабуул жерден болду деген маалымат тараткан болчу. Учактагы эки учкуч парашют менен секиргенге үлгүрүп, жергиликтүү түркмөн урууларына колго түшкөнү маалымдалууда. Ошол эле кезде Орусиянын коргоо министрлиги учкучтардын тагдыры белгисиз экенин айткан. Мамдуманын вице-спикери Николай Левичев Түркияга авиакаттамдарды токтотуу жана бул өлкөдөгү эс алуу жайларына туристик жолдомолорду сатууга тыюу салууну сунуштап чыкты.

XS
SM
MD
LG