Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Жихадчыларды оолуктурган таблетка


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу туткундарды алып бара жатат, август, 2015-жыл
"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу туткундарды алып бара жатат, август, 2015-жыл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (16-22-ноябрь)

Time, Guardian, Washington Post гезиттери Сирия менен Ирактагы согушкерлерди жырткыч кылган "Каптагон" аттуу синтетикалык маңзат таблеткасы экенин жазып чыгышты.

Сирияда даярдалып жаткан өтө кичине өлчөмдөгү бул маңзат таблеткасынын бирөө эле адамдын уйкусун качырып, мыкаачылыкка түртөт экен.

Newsweek журналынын акыркы санында жылына миллиарддаган доллардык синтетикалык маңзат соодасына Сауд Арабиясынын жаш ханзаадалары да аралашканы тикелей далилдер менен жарыяланды.

“Каптагон" амфетамин тобундагы күчтүү синтетикалык маңзаттан жасалат. Андан бирди жеп алгандан кийин адам учуп-күйүп, бардык нерсеге даяр болот. Ал тургай өзүнө-өзү зыян кылып жатканын да байкабайт, - деп жазды Washington Post.

Мындай таблетканы жеп көргөн ливандык адам сентябрь айында Би-Би-Си телеканалы тарткан документалдык тасмада: “Муну жегенден кийин кирпик ирмелбейт. Дүйнөгө ээлик кылгансып, өзүңдү ушунчалык күчтүү сезип, эч нерседен коркпой каласың”, - деп айткан.

2014-жылы согуш башталгандан бери Сирия азыр амфетаминдик дарыларды эң көп чыгарган жана ичкен өлкө болууда. Анын баасы 5 доллардан 20 долларга чейин болгондуктан, баарына жеткиликтүү.

"Каптагон" Батышта 1960-жылдары депрессия, гиперактивдүүлүктү дарылоодо колдонулган. 1980-жылдары аны колдонууга тыюу салынган. Ашынган согушкерлердин канкорлук сыры батыш аналитиктеринин баамында дал ушул кичинекей таблеткада.

Террорчуну кантип “алдаса” болот?

Парижде узаган аптада 129 адамдын өмүрүн алган кандуу теракттан кийин бир топ басылмалар буга окшош чабуул болуп калса, кантип өзүңдү куткаруу керек деген суроого жооп издеди.

The Quartz журналы адам кокус куралдуу кол салууга туш келип калса, окуя болуп жаткан жерден тезирээк качканга аракет кылуу керек деп сунуштайт. Аталган журнал Британиянын Улуттук контр-терроризм коопсуздугу кеңсесинин террорчудан тирүү кутулуу боюнча кеңештерин мисал келтирген.

“Париждин "Батаклан" концерттик залында куралчан согушкерлер туш келди аткылай бергендиктен, көптөр жата калып, өлүп жаткан кишидей түр көрсөткөн. Бирок абдан кооптуу коргонуу. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, анда качып же коопсуз жерге жашынуу зарыл. Жакын турган адамдарды да качканга үгүттөө керек. Кокус ага үлгүрбөй калса, анда кирпич же бетон менен курулган дубалдын артына жашынууга аракет кылуу зарыл. Себеби айнек, жыгач жана металл дубалды ок тешип өтө алат. Ошондой эле ири компаниялар өз кызматкерлерине Европада күчөгөн кооптуу кырдаалдан улам коопсуздук эрежелерин улам-улам айтып турушу керек”, - деп жазат The Quartz.

Рим Папасы: Кристмасты майрамдоо маскарапоздук

Рим Папасынын "Быйыл Кристмас майрамын дүйнөлүк деңгээлде шаан-шөкөт менен тосуу маскарапоздукка барабар" деген оюн The Telegraph гезити басып чыгарды.

Рим Папасы Франциск Ватиканда сүйлөгөн сөзүндө: “Кристмас майрамы жакындап калды. Дүйнөдө согуш өкүм сүрүп турганда балаты тигип, жарыктарды күйгүзүп, шаан-шөкөт уюштуруу маскарапоздукка барабар. Францияга чабуул жасалды, Орусиянын учагына бомба коюлуп, Ливанда бир нече кандуу теракт болду. Азыр жараткан да, Ыйса пайгамбар да ыйлап турат”, - деди.

Бирок Папанын бул кайрылуусуна карабай Ватикандын чок ортосуна 25 метрлик балаты орнотулуп, майрамга кызуу даярдык жүрүп жатканын кошумчалайт The Telegraph.

Орустарда Рождество, Батышта Кристмас (Christmas) деген ат менен белгилүү майрам 1100-жылдардан бери Европадагы негизги диний майрам болуп саналат.

Католик-христиандарынын ишениминде, 25-декабрда Вифлеем шаарында Ыйса жарык дүйнөгө келген. Православ-христиандары болсо анын туулган күнүн январдын башында майрамдашат.

Обама ачуусун токтоолук менен жеңет

АКШ президенти Барак Обаманын жансакчысы, 26 жаштагы Регги Лав “Бийликтин деми же менин президенттик билим алуум” аттуу эскерүү китебин жазып, анда Обаманын ымандай сырларын окурмандар менен бөлүштү.

2007-жылы президенттик кампаниянын алдында Дюк университетинин бүтүрүүчүсү Регги Лав ал кездеги сенатор Обаманын жансакчысы болуп ишке кирип, беш жыл иштеген.

Лав The Business Insider журналына берген маегинде минтип айткан.

“Бир ирет сенаторлордун дебаты үчүн Колумбияга учмай болдук. Шашып атып, Обаманын сүйлөй турган сөзүнүн тексти жазылган кагаз, телефондору, банктык карточкалары салынган баштыкты калтырып кетипмин. Берки жардамчылар башка рейс менен тез убакытта жеткирип беребиз дешти. Ошого карабай коркконуман кара терге түштүм. Жарым жолго жеткенде Обама менден баштыкты сурап калды. Айла жок унутуп калганымды айттым. Кыйкырып-өкүрүп жаңжал салат деп ойлогом. Бирок антпеди, жеткиче унчукпай отурду. Анан мени өзүнчө чакырганда ого бетер корктум. Бирок ал "бул ишти кыла албасаң ачык айт, же жакшылап үйрөн" деп гана айтты.

Лав маекте президент менен иштешкен учурда көп нерсе үйрөнүп, чоң сабак алганын да кошумчалаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG