Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч


Эки күндөн бери курч турган кыргыз-тажик чек арасында учурда абал тынч. Кечке жуук топтолгондор тарап кеткенин жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” кабарлашты.

Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүн эки өлкөнүн күч кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү жолугушуп, абалды талкуулашкан соң кишилер тарап кетти. Бирок талаш маселе чечилген жок. Эки тараптуу жолугушуулар 6-августта да уланат.

Бүгүн кечке жуук Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиев Тажикстандын атайын кызматынын чек ара кошуунунун кол башчысы Ражабали Рахмонали менен телефондон сүйлөшкөн. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, сүйлөшүүдө чек арадагы абалды жөнгө салуу зарылдыгы айтылып, жагдай өзгөрө турган болсо биргелешип иш жүргүзүү макулдашылды.

Ошондой эле эки тараптуу сүйлөшүүнү облус жетекчилеринин деңгээлине чейин улантуу чечилди. Рахмонали окуя болгон аймакка орун басарын жөнөтөрүн айтты. Кыргыз тараптан күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо үчүн Баткенге чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Искендер Мамбеталиев жөнөп кетти. Кыргызстандын чек ара кызматынын билдирүүсүндө жаңжалда кыргыз чек арачылары курал колдонбогону айтылат. ​

4-августта күндүзгү саат 1де Май деген жерде Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары топтолуп, бири-бирине таш ыргыта башташкан. Андан Кыргызстандын үч жараны жараат алды. Алдын ала маалымат боюнча Тажикстандын аймагынан сайсыз мылтыктан ок атылган. Октон эч ким жабыркаган жок.

Буга чейин Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова октун үндөрү угулганын тастыктады. Көк-Таш айылынын тургуну Мансур Алиев "Азаттыкка" телефон аркылуу билдиргенине караганда, жаңжалга жакын аймактардан жаш балдар жана аялдар коңшу айылдарга чыгарылды. Көк-Таштагы чек арага жакын үйлөрдүн тургундары, Таш-Тумшук айылынын, Масейиттин жеринен, Көк-Теректин айрым тургундары чыгып кетишти.

"Азаттыктын" тажик кызматы бүгүн күндүзгү саат 2лер чамасында тажик тараптан эки киши октон жараат алганын маалымдайт. Жергиликтүү тургундар чачма ок тийгенин айтышууда. Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылы чектешкен аймакта топтолуп жаңжалдашкан кыргыз жана тажик жарандары түн оой тарашкан. Эки мамлекеттин жергиликтүү жетекчилери менен күч кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы чек ара кайтаруу башкармалыгынын зардалы, полковник Саитжан Эратов билдирген. Тажикстандын Согди облусунун Чорку айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абдухалил Шарифов 3-августтагы тирешүүдө жети тажик жараны жабыркаганын, алардын арасында башы жарылып, тиши күбүлгөндөр бардыгын “Азаттыктын” тажик кызматына айтты.

Бир топ күн мурун Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп, кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууган. Кечээки жаңжалга ушул окуя себеп болгону айтылууда. Чек аранын эки жагындагы жарандар бир апта мурун да чырлашкан эле.

Расмий маалымат боюнча тажик тараптан 120га жакын, кыргыз тараптан 80дей киши чогулган. Алар бири бирине таш ыргытып, айрымдары жараат алганы кабарланган.

Жаңжал күбөнүн көзү менен
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00

XS
SM
MD
LG