Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Крым татарлары Орусияны Крымдан чыгып кетүүгө чакырды


Крымды Орусиянын мыйзамсыз басып алуусун токтотуу жана аны Украина курамына кайтаруу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүшү абзел.

Мындай кайрылууну Крым татарларынын II дүйнөлүк конгресси 2-августта Анкарада аяктаган курултайында жарыя кылды. Жыйын 1-2-августта өттү.

Жыйынга бир топ өлкөлөрдө жашаган крым татарларынын атынан 200 өкүл катышты. Qırımtatar Milliy Meclisi сайтынын билдиришинче, Орусия бийликтери Крым татар Межлисинин алты мүчөсүн Түркияга чыгарбай койгон. Алардын баары Конгресс ачылган күнгө суракка чакырылган.

Москва тараптан мындай тоскоолдуктар жасалганы менен курултайга Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин, Түркиянын премьер-министринин орун басары Нуман Куртулмуш, Түркия парламентинин төрага орун басары Мехмет Начи Бостанчы катышты.

Павло Климкин курултайда Украина аймагынын бир ныптасынын басылып алынышына эч качан ынанбасын айтып: “Орусиянын Крымды басып алганы убактылуу, себеби бул мыйзамсыз”,-деди.

П. Климкин Украина президенти Петро Порошенко курултайга жиберген катты да окуп берди. “Бизде Крымга - крым татар элинин тарыхый Ата журтуна - Украина мамлекетинин курамында улуттук-территориялык автономия макамын берүү боюнча “жол картасын” иштеп чыгуу планыбыз бар”, - деп айтылат П. Порошенконун кайрылуусунда.

Орусия Крым жарым аралын былтыр мартта өзүнө кошуп алган. Крым татарларынын жолбашчысы Мустафа Жемилев курултайда маалымдагандай, андан бери “кемсинтүүлөргө жана мыйзамсыздыкка” чыдабай, 10 миңдей крым татары мекенин таштап кетишкен. “Күчтөп аскерге чакырууга жана украин агайиндери менен согушка барууну каалабаган” жаштардын көбү өз жерин таштоого мажбур болушкан.

Түркиянын премьер-министринин орун басары Нуман Куртулмуш Орусия Крымды дүйнө коомчулугун каратып туруп басып алганына көңүл бурду: "...биз бүгүн Европа өлкөсү - Украина жөнүндө сөз кылуудабыз. Дүйнөнүн бул ныптасындагы Крым басып алынды; Украинада кризис болууда жана дүйнө бул кризисти чече албады".

Крым татарларынын Межлис төрагасы Рефат Чубаров жарым аралдын эл арасында ынтымак болуш үчүн эң алды Орусиянын баскынчылыгы токтотулуш керектигин белгиледи: "Дүйнөдөгү жана крым элдери ортосундагы тынчтыкка жетишүүнүн эң биринчи шарты - биздин Ата журтубузду басып алууну тез токтотуу”.

Крымдын 2 миллион элинин 15% же 300 миңге жакыны түрк тилдүү крым татарлары.

Крым татарларынын II дүйнөлүк конгрессине Түркия жетекчилиги тарабынан өзгөчө мамиле жасалды. Жыйынды Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давудоглу жана тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу куттукташты. Давудоглунун куттуктоосунда крым татарлары 1944-жылы совет бийлиги тарабынан байыртан бабалары жашап келген жерден көчүрмө болгондон берки “эң катаал сыноону” баштан кечирип жатканы белгиленет. Ал 2-августта Крым татарларынын жетекчилери менен да кездешти.

Курултайда президент Режеп Тайып Эрдогандын да кайрылуусу окулду. Анда “Түркия Крымды басып алганын тааныбаганын жана эч качан тааныбай тургандыгы” белгиленген.

Курултайдан соң жасалган билдирүүдө XIX - XX кылымдарда 1.5 млн. крым татары өз журтун таштап кетүүгө мажбурланып, бул ыкым алиге чейин улантылып жатканы, Советтер Союзу кезде алардын мекенине кайтып баруу өтүнүчүнө назар салынбаганы айтылат.

АКШ жана Евробиримдик Крымды басып алууга түздөн-түз жооптуу орусиялык расмий адамдарга, компанияларга жана ишкерлерге каршы бир нече ирет санкция жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG