Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Сариевдин хижаб тууралуу айтканы талкууга түштү


Бишкек, 13-ноябрь, 2013-жыл
Бишкек, 13-ноябрь, 2013-жыл

Премьер-министр Темир Сариевдин мусулман кийим-кече, хижаб тууралуу айткандары диний чөйрөдө талкууга жем таштады.

Өкмөт башчы өткөн аптада радикализм маселесине токтолуп, динге жамынып, башка элдин маданиятын таңуулоо жүрүп жатканын айткан болчу.

Премьер-министр Темир Сариевдин “хижаб кийүү кыргыздын салты эмес” деп айтканына айрым диний чөйрөнүн өкүлдөрү жооп кайтарып чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, “Дил мүрөгү” адеп-ахлак борборунун башчысы Өзбек ажы Чотонов жана "Акыл, эс, рух, ыйман” коомунун төрагасы Дүйшөн ажы Абдылдаев хижаб менен кыргыз кыз-келиндери илгертеден кийген элечек бирдей экенин айтышты. Алар демократиялуу өлкөдө диний ишенимине жараша кийинүүгө тыюу салуу адам укуктарына туура келбесин белгилешти.

Эл өкүлү Турсунбай Бакир уулу Сариевди мамлекеттин идеологиясына кийлигишип жатат деп сындады.

- Темир Сариев комсомол учурунда токтоп калдыбы дейм. Ал комсомол жетекчилеринин бири эле. Анда эркектер чолок шым, кыз-келиндер кыска юбка кийип, төшүн ачып жүрчү эле. Болбосо хижаб менен кыргыз улуттук кийимдин айырмасы жок. Аял кишинин жүзү жана манжалары ачык калат. Хижаб да, кыргыз улуттук кийим да ошондой, башка айырмасы жок. Бир гана элечек менен улуттук орнаменти бар. Башка кеп, түшүнбөй паранжаны айтып атса, кыргыз кыз-келиндери аны эч качан кийбейт эле. Анткени алар жүзүн жапкан эмес.

Дин тууралуу мамлекет жетекчилеринин пикирлери, өзгөчө кийим-кече, хижаб тууралуу айткандары коомчулукта ар дайым кызуу талкууну жаратып келет.

Өкмөт башчы Темир Сариев өткөн аптада Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында куралдуу топту кармоо операциясы тууралуу пикирин билдирип, диний радикализм күчөп жатканын жана айрымдар динге жамынып, жергиликтүү элге жат салттарды, маданиятты таңуулап жатканын айткан.

- Азыр диний экстремисттер күч алып келатышат. Башка мамлекеттердин каада-салттарын таңуулап, ошону киргизип атышат. Биздин ата-бабабыздан келаткан салттарыбыз бар. Башына чалма кийгизип, паранжа, хижаб кийген - бул биздин салт эмес. Биз буларды ачык айтып, токтотушубуз керек.

Сариевдин бул позициясы социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Бир тарабы ачык айтылган пикир үчүн колдосо, "тарыхты билбейт" деп сындагандар да болбой койгон жок.

Темир Сариев
Темир Сариев

Премьер-министр 28-июлдагы өлкөдөгү диний кырдаал жана коопсуздук маселелерине арналган жумушчу жыйында салттуу исламдын баалуулуктарын кармануу зарыл экенин кайрадан кайталаган. Анткен менен Өзбек ажы Чотонов медресе, мечиттер, хижаб кийгендердин көбөйгөнүн кооптуу жагдайларга кошпой турганын айтты.

- Эл өзү каалап оронуп атат, акча үчүн эмес. Же акча үчүн деп ойлоп атасыңарбы? Жакшынакай эле кийинип турушпайбы. Биздин кыз-келиндер ислам көйнөгүн кийинсе да жакшына, жарашыктуу кийинип жатканына сыймыктанам. Биздин аялдардын хижабы экономикага эч зыян алып келген жок.

Буга чейин диний радикализм күчөп жатканын, Кыргызстан салттуу исламдын багытын кармоо зарылдыгын президент Алмазбек Атамбаев да бир нече ирет белгилеп келген.

Мода көргөзмөсүнөн бир көрүнүш, 23-декабрь, 2014-жыл
Мода көргөзмөсүнөн бир көрүнүш, 23-декабрь, 2014-жыл

Коргоо кеңешинин диний абалды талкуулаган жыйынында Атамбаев дин кийим менен өлчөнбөй турганын айткан. Мындан сырткары көп убактан бери талаш-тартыш жаратып келген мектеп формасы боюнча өз позициясын билдирип, мектептерде дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди кийүүнү колдой турганын айткан болчу.

- Ашкере исламдашуу дегендин төркүнүндө кыргызды маңкурт кылуунун дагы бир амалы, улуттук касиетти жоготуу максаты турат. Ал эми кыргыздар арабдашабы, пакистандашабы, айтор башка бир элдин салтына көнүп, тилин сүйлөп, киймин кийип кетсек өз тамырыбыздан кол жууп, кыргыз болбой улутубузду жоготобуз.

Жергиликтүү адистер, айрым тарыхчылар ар кандай тарыхый булактар, адабияттарга таянып Өзбекстан, Тажикстан өңдүү кошуна мамлекеттерге караганда кыргыздын кыз-келиндери жашына жараша жоолук салынганы менен хижаб кийбегенин айтып жүрүшөт.

Мода көргөзмөсү
Мода көргөзмөсү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов азыркы мусулман кийимдери деле мода сыяктуу убагы келгенде өтөт деп эсептейт. Ал бул маселени курчутуунун кереги жок деген ойдо.

- Чындыгында хижабды кыргыз кыз-келиндер кийген эмес. Кыргыздын тарыхын билген бардык окумуштуулар ушинтип айтат. Иран, арабдар ошол жердин табиятына, менталитетине, климатына жараша тандап алган. Бул жөн эле бир кезде пайда боло турган мода сыяктуу сезилет. Жаштар анын маани-маңызына түшүнүп-түшүнбөй эле кийинип атат. Буга астейдил, аяр мамиле кылып эле түшүндүрүү жолу менен чечиш керек. Маселени курчутпай, бири-бирине каршы койбош керек. Бул мода өтүп кетет.

Ал ортодо Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргыз элине кайрылуу жасады. Муфтий өлкөдө дин эркиндиги бар болгонун белгилеп, мамлекет башындагы адамдар намаз окуп, орозо кармаган, ажы-умра кылган адамдар экенине шүгүр кылууга чакырган. Ошондой эле ал өлкөдөгү диний баалуулуктарды, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бирге элдин бүтүндүгүнө, мекендин тынчтыгына, мамлекеттин туруктуулугуна, өнүгүп-өсүүсүнө биргелешип салым кошууга чакырган.

XS
SM
MD
LG