Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Акыйкатчынын Таластагы өкүлүнө каршылар митингге чыкты


Арзыкан Момунтаева
Арзыкан Момунтаева

Акыйкатчынын Таластагы өкүлү Арзыкан Момунтаевага нааразы болгон 200гө жакын киши митингге чыкты. Момунтаева нааразылар аны коркутуп, уулун жакалаганын ырастоодо.

Арзыкан Момунтаеванын айтымында, Таласта зордуктоо фактысы боюнча боюнча 8 жылга кесилген сот аткаруучулардын бири Илгиз Карымбаевдин туугандары баштаган 200гө чукул киши анын жумуш ордуна келип, коркутуп, жанындагы уулун жакалашкан. Алар Арзыкан Момунтаеваны зордукталды делген Калия Арабекованы жалган коргоп, туура эмес маалыматтарды таратып жатат деп айыптоодо.

Ушул тапта чогулган эл менен Таластын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери жолугуп, жыйын өткөрүп жатышат.

Ички иштер министрлигинин “Азаттыкка” билдиришинче, 150гө чукул киши акыйкатчынын Таластагы өкүлү Арзыкан Момунтаеванын ишине нааразы болуп чыгышкан. Арзыкан Момунтаеванын өзүнө ыдык көрсөтүлгөндүгү туурасында аларда маалымат жок.

“Чогулган элдин сөзүнө караганда Арзыкан Момунтаева соттолгондордон Калия Арабековага үй алып беришин талап кылган. Ушул нерсе нааразылыкты жараткан”, - дейт ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев.

Ушул жылдын 21-майында сот Калия Арабекованы зордуктады деп айыпталып жаткан сот аткаруучулар боюнча өкүм чыгарган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча (тобу менен зордуктоо) жазага тартылып, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылганы менен сот залынан камакка алынган эмес. Мындан кийин жабырлануучу Калия Арабекова айыпкерлер тарабынан коркутууларга туш болгонун айтып чыккан.

Соттолгондордун бири Илгиз Карымбаевдин жакындары сот чечимине макул болбой, жалган жалаа жабуу аракети болуп келатканын белгилешүүдө. Ушул тапта бул иш Чүй облустук сотуна өткөрүлгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG