Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Унаа базарда машинелер өтпөй турат


Бишкектеги автоунаа базары
Бишкектеги автоунаа базары

Кыргызстанда унаа баасы кескин төмөндөдү. Унаа ташып саткан ишкерлердин билдиришинче, акыркы айларда машиналарга суроо-талап дээрлик токтоду.

Көпчүлүк ишкерлер Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенде сатабыз деген жүйө менен былтыр чет өлкөдөн автоунааларды алып киришкен.

Бирок коңшу өлкөдө суроо-талап болбогондуктан учурда ишкерлер унааларын сата албай, чыгашага учурап жатат.

Бизнес соңуна келди

17 жылдан бери машина сатып иштеген ишкер Алмаз Аманкулов былтыр күзүндө жети унааны чет өлкөдөн алып келип, жаңы жылдан бери болгону экөөнү гана сатканын айтат. Калган унааларына суроо-талап жок болуп, болсо да көпчүлүгү насыяга, карызга же унаа алмашабыз деген сунуш менен келишип, накталай тыйынын көтөрүп келгендер жок болуп жатканын айтты. Эми калган унааларды сатып бүтсө, автобазар менен кош айтышып, башка бизнеске өтүүнү чечкенин жашырбайт.

- Октябрдан бери эки машина саттык. Базарга акча төлөп коюп эле турабыз. Менин машинам келиши менен 9 жарым миң долларга турган. Азыр 9 миңге да сата албай жатам. Эл андан да ылдый сурап жатат. Биз да насыя алып, ишти жүргүзүп жатабыз. Эми башка бизнести баштабаса, бул жак болбой калды.

Акчаң болсо, бааны сен бычасың

Айтылгандай эле нак акчалуу кардарды соодагерлер коё бербегендин айласын издөөдө. Бирок андайлар базар боюнча өтө эле аз болуп, сатуучулар басымдуу. Ал эми акчасы барлар абалды байкап, бааны төмөндөтүүгө кызыкдар. Алсак, Дастан Рысбаев Subaru Оutback унаасын соодалашып жатып 5200 долларга сатып алды. Базарга унаанын ээси 6300 доллар деп баалап келген эле.

- Негизи 6300 доллар деп турган. Мен алгач 5500гө түшүрүп, дагы соодалашсам 5200гө түштү. Базарда алармандар аз, көпчүлүгү сатуучулар экен. Акчасы керектер айла жок баасын түшүрүп сатып жатат. Мага 1100 долларга түшүп берди.

Ошентсе да адистердин унаа рыногуна оптимисттик көз караштары бар. Сооданын токтоп калышы бир нече себептен деген экономист Жумакадыр Акенеев эң олуттуусу катары Орусиядагы кризисти атады.

Мигранттардын акча которуусу басаңдап, өлкөдө мурдагыдай акча жүгүрбөй калды. Ошондой эле көпчүлүк ишкерлер ЕАЭБге кирердин алдында массалык түрдө тыштан унааларды өлкөгө киргизген, алардын бардыгы сатылбай дагы эле турат.

Акыркы үмүт - ЕАЭБ

Бирок Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу киргенде чек ара ачылып, токтоп калган унаа базары жанданат деген божомолун айтат экономист.

- Менимче, чек ара ачылса, бир топ маселелер чечилет. Мен Беларусту көрдүм, ал жакта жеңил автоунаанын саны бизге караганда эки эсе аз экен. Биздин унаалар ошол жана башка мүчө өлкөлөрдө өз ордун табат. Анча-мынча төлөмдөр көбөйөт, бирок азыркыдай болбойт.

Төлөмдөр демекчи, Казакстан буга чейин Кыргызстандан массалык түрдө унаалардын кирип кетүүсүнүн алдын алып, 2014-жылдан өйдө жана сол рулдуу унааларга гана бажы төлөмү жок каттоого турууга уруксат берген. Ал эми Кыргызстанда казак өкмөтү талап кылган жаңы унаалар өтө аз экенин эске алсак, ЕАЭБге киргенде деле абал кандай болору белгисиз.

Кыргызстанда унаалардын саны 970 миң деп саналып, 5 миллион калкы бар өлкөгө бул көрсөткүч көп экени айтылат.

Унаа базарда машинелер өтпөй турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

XS
SM
MD
LG