Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Каспаров: Путинге дос эмес, душман керек


Атактуу шахмат оюнчусу Польшада адам укугу боюнча иш алып барууда.
Атактуу шахмат оюнчусу Польшада адам укугу боюнча иш алып барууда.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (22-29-июнь).

Newsweek журналынын аналитиги Роберт Чэлмерс атактуу шахмат оюнчусу, азыр саясий көз караштары менен Орусиядан качып, Европада жүргөн Гарри Каспаров менен маектешип, анын Владимир Путин тууралуу көз караштарын жаздырып алган.

Иосиф Сталин, Адольф Гитлер жана Владимир Путинди салыштырууда Каспаров “Сталин менен Гитлер миллиондогон кишилердин өмүрүн алган адам өлтүргүчтөр болгон. Владимир Путин болсо миң кубулган саясатчы, аны стратег деп атай албайбыз. Ал жеңил утушка ээ болгон карта оюнчусуна окшош. КГБдан чыкканына аябай сыймыктанат, ушундан улам опурталдуу.

Дүйнө азыр “Ислам мамлекети” уюмунан эмес, Владимир Путинден коркуш керек. 2008-жылы ал бийликтен кетиши керек эле. Бирок ошол маалда Жорж Буш жана Тони Блэр сыяктуу саясатчылар менен жакшы мамиледе болуп, өзүн мыкты көрсөтүп, бийлигин бекемдеп алгандан кийин эми азуусун айга кайрый баштады.

Батыш анын мындай саясатына убагында туура баа бере албай эми аны ооздуктаганга да чамасы жок болуп жатат. Буга Украинадагы абал менен Крымды анык мисал десек болот”, - деген.

Теги азербайжандык шахмат боюнча дүйнө чемпиону Каспаров орус бийлигине карата терс көз карашынан улам Москвага бир нече жылдан бери бара элек.

Исламдан баш тарткандардын абалы кандай?

Лондон университетинин окумуштуулар дүйнө жүзүндөгү ислам дининен баш тарткандардын коомдогу абалын алгач ирет изилдеди. Бул изилдөө тууралуу Foreign Affairs журналы жазды. Америка Кошмо Штаттарында мусулман үй-бүлөдө төрөлгөндөрдүн 32 проценти чоңойгондо диний ибадаттарды кылбай, 18 проценти таптакыр исламдан чыкканы аныкталган.

Европада 2050-жылга чейин калктын көбү мусулман болот делгени менен, атеизм 25 процентке жогорулап, барган сайын динден кайткандар арбып барат.

Мындай шартта исламды таштагандардын абалы кандай болот? Pew Research аналитикалык тобунун байкоосу боюнча Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгыштагы мусулмандардын 41 проценти "динден чыккандарды жок кылуу керек" деген пикирде.

Ал арада исламдан чыккан аялдар хижабын чечкенден кийин жакындарынын чоң кысымына кабылат. Ошондуктан көп учурда Батыштагы мусулмандар динден кайтышса коомчулукка, жакындарына жар салбайт деп жазат Foreign Affairs басылмасы.

Тунистеги террордук чабуул Британияны азага салды

Британиянын расмийлери 27-июнда Тунистин курорттук жайында болгон куралдуу чабуулдан 15 атуулунун көз жумганын кабарлап, бул 2005-жылдын 7-июлунда Лондондо 52 кишини өлтүргөн теракттан кийинки оор окуя деп баалашууда. Бул багытта дээрлик бардык британ басылмалары жазып чыкты.

The Telegraph гезити тышкы иштер министри Тобиас Элвуддун кайрылуусун басып чыгарды. Анда: “Тилекке каршы мен биздин 15 атуулубуздан айрылганыбызды тастыктайм. Бул кандуу окуядан жаракат алган жана дайынсыз жоголгон англиялыктар да көп. Курмандыктардын саны арбып кетеби деп чочулап жатам,” – деген.

Ханыша аскери ачууланды

Узаган аптада эл аралык басылмаларда эң көп окулган кабарлардын бири Лондондогу ханышаны кайтарган жүн тумактуу аскердин туристке жасаган мамилеси болду.

The Independent басылмасынын видео кыстарылган макаласында өзүн мазактай берген туристтен тажаган нөөмөттөгү кароолдун “Ханышанын кароолуна жакын жолобо!” деп кыйкырып, курал такоосу жарыяланган.

Британиянын Коргоо министрлиги кароолдун бул ишин сындабай, тескерисинче, өз милдетин так аткарды деп баалады. Эл аралык басылмалар туристтерди ханышанын жүн тумактуу кароолун шылдыңдабай, андан сак болууга чакырышты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG