Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Нью-Йоркто Manas Tower курулат


Manas Tower – кыргызстандык бизнесмендер АКШдагы өнөктөштөрү менен бирге куруп жаткан алты кабат үйдүн аталышы. Бул долбоор тууралуу “Азаттыкка” жердешебиз Мирзат Бегалиев айтып бермекчи.

Manas Tower Нью-Йорктун орус тилдүү району – Бруклинде курулат. Долбоордун максаты – жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо. Көп кабаттуу бул үйдө машине токтотуучу жай, спорт менен машыга турган зал, мындан тышкары Chill zones деп аталган эки эс алуучу аянтча болмокчу. Анын бири ичкериде орун алып, телевизор көрүүгө, китеп окууга ыңгайлашкан. Экинчиси чатырда жайгашып, анда күндөн калкалоочу кол чатырлар, барбекю бышырчу меш, жайма жана асма керебеттер орнотулган.

Бул архитектуралык долбоор өзүнө улуттук колоритти камтып, ичин жана декорлорду кооздоодо кыргыздын оюм-чийими колдонулат. Эң башкысы акыркы кабат менен чатырдын ортосунда боз үйдүн чамгарагы орнотулат.

Мирзат Бегалиев үйдү кура турган компаниянын өкүлдөрүнө түндүк, оймо же кийиз эмне экенин майдалап түшүндүрүүгө туура келгенин айтты. Башында айрым архитекторлор аларга анча ишенбей, долбоордон күнөм санашкан экен:

- Мен аларга баарын түшүндүргөнгө аракет кылдым. Ар бир сөздүн маанисин айтып берүү менен алардын кыргыз маданиятына болгон кызыгуусун ойгото алдым десем болот. Негизи идея биздин кардарларга бардык шарты бар, ыңгайлуу турак жай керектигинен келип чыккан. Биздин алдыбызда так тапшырма деле жок эле, бул иштин жүрүшүн бир топ татаалдатты. Бирок ишенимдүү адамдар менен болгон мамиле калыптануу этабын мүдүрүлбөй басып өтүүгө, туура эсеп-кысап алууга жардам берди. Акыры ушул долбоор жаралды, - дейт Мирзат Бегалиев.

Долбоор үчүн алгач эки мекендеш инвестиция салган. Калган сумманы АКШнын каржылык сектору менен бизнес өнөктөштөр берет. Маектештин айтымында, АКШда иш баштоо татаал деле эмес, жасалма бут тосуулар жок, бардык нерсе адамга жардам берүү үчүн багытталган.

- Каржылык уюмдар айрым шарттарды кынтыксыз аткарсаң, бир жылга беш-алты пайыздык насыя берет. Алып-сатуу, кыймылсыз мүлктүн баасы тууралуу маалымат ачык, бардык технология жана каражаттар сага жеткиликтүү. Ички керектөөчү рынок кимге сатууну ойлонбой эле, эмнени сатып жатканыңа көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет. Мамлекеттик колдоо, салык ставкасынын төмөндүгү жана АКШ өкмөтүнүн бизнес-климатты жакшыртуу аракети инвесторлорду өлкөгө тартып турат.

Мирзат Бегалиев кээде жаш ишкерлер эки-үч жылдан кийин өзүн банкрот деп жарыяларын моюнга алды. Бул бир нече факторго байланыштуу болсо да, факт деген факт. Мындан качуу үчүн кыргызстандыктар финансист жана юристтерге кайрылып, тобокелчиликти жана мүмкүнчүлүктү так билүү үчүн кеңеш алган. Ошого карабай курулуш рыногуна чыгаар алдында кыйынчылыктар болгон. Кантсе да бул өлкөдө курулуш бизнеси менен ондогон жылдардан бери алектенген ири компаниялар бар эмеспи.

Биздикилерди бул рынокто эч ким кабыл алган эмес, качан гана Максим Максимов аттуу бизнес чөйрөсүнүн өкүлүнө жолукканда иш жылган. Анын жардамы, байланыштары жана тажрыйбасы аркылуу долбоор ири компаниялардын кызыгуусун жарата алган. Долбоор өзүн актай ала турганы билингенден кийин ири компаниялардан чогуу иштөө сунушу түшө баштаган.

Мирзат Бегалиев жана анын өнөктөштөрү учурда айыл чарба, курулуш, чийки затты кайра иштетүү жаатында эмгектенишет. Мындан тышкары алар АКШга барган биздин мекендештерге өз ишин ачууга көмөк көрсөтөт. Ушул жылдын июль айынан тарта техникалык жактан тейлөө боюнча иш баштаганы турушат. Анын айтымында, бул кыргызстандык таланттуу техниктердин командасын топтоп жаткан жигиттин бизнестеги алгачкы кадамы болмокчу.

Мирзат Бегалиевди кыргызстандык бизнесмендердин АКШ рыногуна чыга баштаганы кубандырат.

- Бардык мыйзамдардын иштеши маанилүү. Бизнесте дагы. Кайсы бизнесмен болбосун эртеңки күнгө ишеним, ачык-айкын механизмдер менен иштегиси келет. Ушундай болсо мен жакшы жыйынтык көпкө күттүрбөйт деп ишенем.

Мирзат Бегалиев чет өлкөдө бизнесинин пайдубалын түптөп, долбоордун иштеп кетүүсүнө жардам берген Максим Максимовго, Дэниел Якубовго, Тимур Тиленов менен Анара Бигалиевага ыраазы экенин айтып, сөзүн жыйынтыктады.

XS
SM
MD
LG