Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

The Diplomat: АКШ Кытайга согуш ачабы?


Барак Обама менен Си Цзинпин, 12-ноябрь, 2014-жыл, Бээжин
Барак Обама менен Си Цзинпин, 12-ноябрь, 2014-жыл, Бээжин

Эл аралык басма сөзгө баяндама (17-24-май)

Америка Кошмо Штаттары менен Кытай байыркы Афина жана Спартанын жолун жолдоп, бири-бирине согуш жарыялап, гүлдөгөн Грецияны талкалагандай азыркы цивилизацияны жок кылабы деген суроону Гарвард университетинин окумуштуусу, саясат таануучу Грахам Эллисон койгон. Бул тууралуу макала The Diplomat журналында жарык көрдү.

Дүйнөнүн эки ири державасы эмне себептен бири-бирине согуш жарыялашы мүмкүн жана анын натыйжасы кандай болот деген маселени окумуштуу Эллисон 21-майда АКШнын Сенатындагы аскерий маселелерди караган отурумда козгогон.

“Акыркы 500 жылдын ичинде гүлдөп өнүккөн ири мамлекеттердин соңу кыйратуучу согуштар менен аяктаган. Эгерде Кытайдын өнүгүүсү ушул ыргакта уланса, анда ага тең тайлашчу күч да чыгат. Бул албетте Америка болушу ыктымал.

19-кылымдын аягында дүйнөдө атаандаштыгы зор болгон Британия менен Америка тынчтык ымаласын түзүп, ири согуштун жолу бөгөлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуш болсо Токио менен Берлиндин улуттук дымагынан улам тутанып, дүйнө калкын өрттөгөн. Кытай Советтер Союзунун гегемониясына каршы 1960-70-жылдары ири саясатын жүргүзүп, натыйжада өзөктүк куралдануу келип чыкты.

Ал арада ошол эле СССР менен Батыштын тирешүүсү көп жылдык кансыз согушту жараткан. Кытайдын аскерий кубаты зор делгени менен армиясынын ички түзүмүндө бир топ кемчиликтер бар. Кесипкөй кол башчылардын жоктугу, аскерлердин жеке даярдыгынын начарлыгы айтылып келет. Ошентсе да Кытай экономикалык күчүнө таянып, АКШ менен согушуп калса, аскердик урушта эмес, кибер согушта ийгиликтүү боло алат. Согуш үчүн көп себеп болсо да эки ири держава азыркы тапта таза суу, экологияны сактоо жана улут саламаттыгын чыңдоо жаатында биргелешип иш алып барып жатканы дүйнөнүн тең салмактуулугуна пайдалуу экени талашсыз”, - деп жазат The Diplomat.

Ирландия кумсалардын никесин расмий каттайт

Узаган апта соңунда дүйнөлүк басылмаларда эң көп талкууга алынган тема Ирландияда кумсаларга никеге турууга мыйзамдуу уруксат берүүгө багытталган референдум болду.

The New York Times гезитинде чыккан макалада бул окуя эми жеке эле Ирландиянын эмес, бүтүндөй дүйнө коомчулугунда кумсаларга болгон көз карашты өзгөртүүгө жол ачат деп айтылат. Аталган өлкөдө 23-майда болгон референдумдун жыйынтыгында калктын 62 проценти кумсалардын никесин колдосо, 38 проценти каршы чыкты.

Дублинде добуш берүүнүн жыйынтыгы кумса жуптар үчүн майрамга айланды. "Ирландиянын өкмөт башчысы Энда Кенни референдумду тарыхый окуя катары баалады" деп жазат гезит.

Түркия жаңы маданиятын тарыхтан издөөдө

EuroasiaNet басылмасынын журналисти Александр Кристи Миллер Түркия азыркы тапта маданий тең салмактуулукту байыркы тарыхынан издеп жатканын жазып чыкты. Буга ал жакында эле түрк коомчулугунда кызуу талкуунун булагы болгон Амасия шаарындагы “селфи” (өзүн-өзү сүрөткө) тартып жаткан шахзааданын айкелин мисал келтирет.

Осмон империясынын султандарынын уулу делген шахзааданын колуна смартфон карматып, “селфи” тартып жаткан айкели тургундар менен туристтердин кызыгуусун жаратып, ошол эле кезде айрым улутчулдардын сынына кабылды. Эртеси эле белгисиз бирөөлөр айкелдин колундагы смартфонду талкалап кетишкен.

Осмон империясынын Жаңы Түркиядагы маанилүү ордун президент Режеп Тайып Эрдоган да кайра-кайра баса белгилеп келет. Айрыкча “Эртугрул”, “Даңазалуу доор” сыяктуу телесериалдардан кийин да байыркы түрк тарыхындагы кийим-кечек, жүрүм-турум жаңы модага айланып, Түркия маданий жаңыланууну эскиден издөөдө дейт автор өз макаласында.

11 жаштагы бала ЖОЖ дипломун алды

Калифорниянын Сакраменто колледжинин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Таниш Авраам аттуу 11 жаштагы өспүрүм да бар. Ал жогорку окуу жайды аяктагандардын арасынан эң кенже адам катары дүйнө тарыхына жазылмай болду деп кабарлайт The Independent гезити.

Узаган аптада ал математика жана чет тилдер боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырып, колледждин дипломун алды. Былтыр ал орто мектепти эң эрте аяктаган окуучу катары дүйнөгө таанылган эле. Анын бул ийгилигин окумуштуулар энесинин эмгеги менен байланыштырууда. Себеби Таниш онго чыккыча үйүндө апасынан билим алган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG