Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Темир Сариев премьер-министрликке шайланды


Темир Сариев
Темир Сариев

Жогорку Кеңеш премьер-министр кызматына Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды.

Парламент 30-апрелдеги сессиясында өкмөттүн дээрлик өзгөрбөгөн курамын жана түзүмүн да бекитти. Буга чейин иштеп келген вице-премьерлер жана министрлердин дээрлик баары өз ордунда калды, бош орундарга гана жаңы адамдар дайындалды.

Темир Сариев парламентте өз программасы менен тааныштырып жатып маанилүү маселелерди кыска мөөнөттө, чукул чече алган шамдагай өкмөт болот деп ишендирди. Мамлекеттин коопсуздугуна, ички тартипке, чек ара маселелерине өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Тартип коргоо органдарынын реформасы жана бул тармактагы коррупцияга каршы күрөш токтобой турганын айтты.

“Ачык өкмөт” саясаты уланып, калкты тейлөө жакшырат, жарандардын кайрылуу-даттануусуна жооп кайтаруу активдешет, ишкерлерди колдоо токтобойт, жер-жерлерде өкмөттүн мобилдүү кабылдамалары уюштурулат деп сөз берди. Энергетика маселелери боюнча жакында Коргоо кеңешинде кабыл алынган чечимдер аткарылат деп айтты. Экономикалык саясаттын негизги багыты - бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу, салыктардын, бажы төлөмдөрдүн эсебинен жана көмүскө экономиканы азайтуу аркылуу кирешени көбөйтүү деп белгиледи.

Темир Сариев өкмөттүн негизги милдеттери - Евразия экономикалык биримдигине кирүү, Кумтөр маселесин чечүү деп атады:

- Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кириши жаңы өкмөт үчүн фундаменталдуу жана тарыхый милдеттердин бири болмокчу. ЕАЭБга кирүү бир катар кесепеттерге алып келери анык. Өкмөт бул боюнча буга чейин ачык айтып келген. Өкмөттүн жаңы курамы бир катар эл аралык инвестициялык, анын ичинде Кумтөр боюнча талаш-тартышты чечиши керек экенин белгилей кетүү зарыл. Бул маселени саясий кызыкчылыктар чөйрөсүнөн экономикалык кызыкчылыктарга которушубуз зарыл.

Сариев мындан ары Ошко көбүрөөк көңүл буруларын айтты. Ага ылайык, эки айда бир Ошто өкмөттүн көчмө жыйыны өтүп турмай болду.

Темир Сариев жаңы өкмөттүн дагы бир маанилүү милдети - күзүндөгү парламенттик шайлоону таза, калыс өткөрүү деп бир канча жолу белгиледи. Коалициялык көпчүлүк анын талапкерлигин карап жатканда шайлоого катышпоосу керектиги тууралуу шарт койгонун, ал мындай шартка макул болгонун тастыктады.

Жогорку Кеңеште Темир Сариев буга чейин премьер-министрдин кеңешчиси болуп турган Олег Панкратовду экономика министри кызматына, экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевди каржы министрине, ”Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевди транспорт жана коммуникация министри кызматына көрсөттү. Парламент бул талапкелерди да колдоп берди.

Темир Сариев экономика министри болуп 2011-жылдын этегинде дайындалган. Ага чейин апрель ыңкылабынан кийин келген Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр, каржы министри болуп турган. “Ак шумкар” саясий партиясынын лидери. Аталган партия мурунку парламенттик шайлоого катышкан, бирок Жогорку Кеңешке келе албай калган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан, бирок Чүйдүн айрым гана аймактарында жетишерлик добуш топтогон.

Сариев ушуну менен Кыргызстандын 27-премьери болуп калды. Жаңы өкмөт парламентте 6-майда ант берип, ишке расмий киришет.

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада өз арызы менен кызматтан кеткен.

Темир Сариев 1963-жылы 17-июнда Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

XS
SM
MD
LG