Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Парламенттеги Жээнбековдордун "акыйнеги"


Парламент
Парламент

Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү кезектеги жыйынында чыр чыкты. Оппозициядагы депутат Равшан Жээнбеков төрага Асылбек Жээнбековду 2010-жылдаги июнь окуясында курал таратты деп айыптаса, спикер аны "өлкөдөн айдап чыгабыз" деп опузалады. Эки жээктеги эки Жээнбековдун акыйнегин коомчулук ашынган тиреш катары да, парламенттин барк-баасына доо кетирген жосунсуз жорук катары да баалашууда.

Төрага жана депутаттын айтышы Равшан Жээнбековдун өткөн аптадагы оппозиция курултайында Асылбек Жээнбековго багытталган дооматы тууралуу айткандан кийин башталды:

- Урматтуу төрага, өткөндө "Жээнбеков жүргөн жерге чөп чыкпайт" деп айткан элеңиз. Экөөбүздүн фамилиябыз алмашып калган окшойт. Анткени өткөн жумада оппозициянын курултайында бир адам сизге чоң күнөө койду. Ош окуясында 170 автомат жана 70 тапанчаны кайдан алып келдиңиз эле? Аларды кимге таратып бергенсиз? Ушул маалымат айтылар менен аны жалган же чын деп расмий жооп беришиңиз керек болчу. Унчукпай отурганыңызга караганда айтылган курал-жаракты алып келгениңиз чын окшойт деген ой жаралып жатат, - деди депутат Равшан Жээнбеков.

Асылбек Жээнбеков
Асылбек Жээнбеков

​Оппозициячыл депутаттын сөзүнө териккен спикер Асылбек Жээнбеков бул айыптоону четке какты. Ал мындай сөздөрдү Ош облустук милициясынын мурунку жетекчиси Абдылда Капаров таратып жүргөнүнүн айтып, бул боюнча сотко кайрыларын билдирди. Равшан Жээнбековду болсо мамлекеттеги туруктуулукка шек келтирген чагымчы деп айыптап, аны өлкөдөн айдап чыгабыз деп коркутту:

- Равшан Жээнбеков баскан жерге чөп өспөйт деп айтканымды факты менен далилдеп берейин. Сиз Украинага барып келдиңиз эле, ал жакта эмне болгонун көрүп жатабыз. Бизде да ошондой болсо экен деп каалап жатасыз. Андай болбойт, болтурбайбыз. Керек болсо, сиз өндүү чагымчыларды өлкөдөн айдап чыгабыз. Мамлекеттик мүлктү, объекттерди, элдин байлыгын саткандардын бири сизсиз. Ондогон пансионаттарды сатып, килейген пансионатка ээлик кылуу суроо жаратабы?

Төраганын мындай сөзүн президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев да кубаттады:

- Мен сизди “эл бузар” катары кабыл алам. Жогорку Кеңештин трибунасын элге туура маалымат жеткирүү үчүн колдонсок. Антпесек айрым чагымчыл депутаттар шайлоо астында элди бөлүп-жаруу үчүн ар кандай үгүт жүргүзүп жатат.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

​Парламенттеги бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн бул чатагын коомчулукта парламентти дискредитациялоочу, бийлик менен оппозициянын чектен чыккан конфронтациясы катары баалагандар болду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиевдин баамында, бүгүнкү кырдаал төрага өз укуктарын ашыкча пайдалангандай таасир калтырган:

- Төрага деген ким? Ал катардагы эле депутат. Жалгыз гана парламенттин жыйынын алып барып, регламенттин сакталышына көзөмөл жүргүзөт. Депутаттын сөзүнө кийлигишип, оппозиция же позиция болобу мындай сүйлө, өлкөдөн кууп чыгабыз деп айтууга укугу жок.

Ал эми саясат таануучу Элмира Ногойбаева парламентте кандай гана сөз айтылбасын, фактыга негизделген, олутуу маалыматты камтышы керектигин белгилейт. Ал курулай эмоциянын негизинде оппозицияны кодулап, өлкөдөн кууп чыгуу менен коркутуу айрым авторитардык өлкөлөрдөгү абалды эске салып жатканына токтолду:

- Равшан Жээнбеков кандай адам болбосун, парламенттеги оппозициянын өкүлү катары белгилүү. Бул ага карата мындай осол мамиле кылууга, орой жооп берүүгө болот дегендикке жатпайт да. Биз "сизди өлкөдөн айдап чыгабыз" деген сөз биздин айрым жетекчилер демократиялуу эмес айрым режимдердин авторитардык, начар адаттарын көчүрүп алгандай таасир калтырып жатат. Биз демократиялуу өлкө болгубуз келсе, мындай репрессиялык чаралардан алыс болушубуз керек.

Ошондой эле талдоочу мындай айыптоолор парламенттин кадыр-баркына шек келтирерин эскертти.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG