Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Баш мыйзамды өзгөртүүдөн ким утат?


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Жогорку Кеңештин фракция лидерлери Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүүнү долбоорлоп жатышат. Мындай аракеттерден улам быйылкы парламенттик шайлоо менен чогуу Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү ыктымалдыгы да айтыла баштады.

Айрым оппозициялык саясатчылар Конституцияны жең ичинен өзгөртүүгө кам көрүүдө деп башкаруучу коалицияны сындап жатышат. Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүүгө канчалык муктаждык бар? Аны өзгөртүүдөн ким кандай утушка ээ болот? “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз. Талкууга - Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов жана Президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарынбаев катышты.

Баш мыйзамды өзгөртүүдөн ким утат? (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:03 0:00

Эгемендик алган жылдар ичи Конституция сегиз жолу өзгөрдү. Акыркы ирет 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин жаңыланып, референдум аркылуу бекитилип, аны 2020-жылга чейин өзгөртпөө тууралуу жобо кабыл алынган. Бул жобо анда эч кандай деле күчкө ээ эмеспи, анда аны бекитүүнүн кажети бар беле?

Баш мыйзамды өзгөртүүдөн ким утат? (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:05 0:00

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Сотту президенттин көрсөтмөсү менен парламент шайлап берет. Коргоо кеңешинин ордуна Коопсуздук кеңеши түзүлөт, аны президент башкарат. Ошол эле учурда премьер-министрдин мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат. Мисалы, премьер-министр аткаруу бийлигинде кызматта туруп, парламентте ордун сактай алат.

Баш мыйзамды өзгөртүүдөн ким утат? (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG