Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Дөө-шаа өлкөлөрдүн тилин тапкан Каримов


Өзбекстандагы шайлоодо кайра эле президент Каримов утуп чыгары күтүлүүдө.
Өзбекстандагы шайлоодо кайра эле президент Каримов утуп чыгары күтүлүүдө.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (23-30-март).

Бүгүн, 29-марттагы Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Ислам Каримовдун кайрадан жеңип чыгарына шек жок экенин жазган Foreign Policy журналы өзбек лидерин бийлигин ар тараптан бекемдеп, "бетондоп" алган мыкты шахмат оюнчусу катары баалады.

24 жылдан бери былк этпей Өзбекстанды чеңгелдеп, кармап туруусунун башкы себеби, Каримовдун Америка, Кытай, Орусия сыяктуу дүйнөлүк ири державаларды каалаганындай калчап, өлкөнүн ички саясатына аралаштырбай, өз максаты үчүн пайдалана алуу жөндөмүндө деген пикирин жазган аналитик Рейд Стендиш.

"Каримов өз тактысын диссиденттерди өрттөп, демонстранттарды массалык түрдө кырып, атургай өз канынан жаралган кызын үйүнө камап болсо дагы кармап турат. 2001-жылы Ооганстандагы согуштук иш-аракеттер башталары менен Өзбекстан НАТО баш болгон уюмдардын чоң шахмат талаасына айланган. Бирок коңшу Кыргызстанда 2005-жылы болгон элдик ыңкылаптан соң бийликке коркунуч жаралганын сезген Каримов НАТО күчтөрүн өлкөдөн чыгарып, Анжиянда баш көтөргөн калкты эл аралык укук коргоочу уюмдардан жалтанбай туруп жүздөп, миңдеп өлтүрткөн. 31 миллиондон ашык эли менен Өзбекстан Борбор Азиянын эң ири мамлекеттеринин бири болуп, Кытай, Америка жана Орусиянын көзүн кызартууда. Ошентсе да аксакал Каримов Батышка да ыктай бербей, бирок алыстабай, Кытайды болсо экономикалык өнөктөш кылып, Орусияны коопсуздугу үчүн пайдалана алган бийлиги эң эле кубаттуу аймактагы жалгыз лидер бойдон калууда”, - деп жазат Foreign Policy.

"Ислам мамлекети" Үчүнчү рейхтен кийинки чоң коркунуч

The Daily Mail гезитине британиялык жазуучу, Нобель сыйлыгынын ээси Ви Эс Найполдун "Ислам мамлекети" радикал уюмун дүйнөдө баш көтөргөн “Төртүнчү рейх” катары баалаган макаласы жарык көрдү. Аталган уюмдун согушкерлери азыркы заманбап жашоону толугу менен жок кылып, шаарларды кыйратып, элди кырууну көздөөдө. Үчүнчү рейхтен (Фашисттик Германиядан) кийин эле дүйнө коопсуздугуна жаралган чоң коркунуч "Ислам мамлекети" уюму болууда деп эсептейт жазуучу. Ал Батышты дүйнөнүн “идеологиялык жана материалдык эркиндигин” "Ислам мамлекети" уюмунан сактап калууга чакырды.

“Ислам мамлекети" уюму заманбап кыяматты жаратып, шиит, жөөт, христиан, язидий сыяктуу өз тобуна кирбеген ишенимдегилерди кырууга багыт алды. Алардын халифаты кыска убакыттын ичинде "Төртүнчү рейхке" айланышы толук ыктымал. Нацисттердей эле бул уюмдун мүчөлөрү душман эсептеген адамдарын айоосуз өлтүрүүдө. Эгерде фашисттер маданий мурастарды басып алып, аны коргоп жатабыз дешкен болсо, "Ислам мамлекети" уюмуна киргендер аларды талкалап жок кылуу менен айырмаланып жатат” деп жазган Найпол өз макаласында.

605 адамдын өмүрүн алган жанкечти учкучтар

Узаган аптада Францияда Germanwings компаниясынын учагы жанкечти учкучтун айынан кыйрап, 150 киши каза тапты. Newsweek журналы 1976-жылдан бери дүйнөдө жанкечти учкучтардын айынан 605 адам учак кырсыгынан көз жумганын жазып чыкты. Бул санга басылма былтыр жоголуп кеткен Малазиянын МН370 учагындагы 239 кишини кошкон жок. Пилоттордун эмне себептен өз жанын ушундай жол менен кыйып жатканы изилденип, 2003-жылдан 2012-жылга чейин болгон 2 миң 758 учак кырсыгынын сегизи учкучтардын асманда суицидге барганынан ишке ашканы айтылган. Мындай жол менен өлүмгө барган учкучтардын баары эркек жана 46 жаштан улуу адамдар болгон. Көбү аракка берилген, айрымдары депрессияга каршы дары ичип жүрүшкөн. Ушундан улам учкучтардын психикалык саламаттыгын эми жакшылап көзөмөлдөө зарыл экенин эскертет Newsweek.

Британияда 10 фунт акчадан оригамилер таркатылууда

Лондон жана башка чоң шаарларда жашаган элдин маанайын көтөрүү үчүн “10 фунтту тап!” аттуу акция өтүүдө деп кабарлайт The Independent гезити. Акциянын уюштуруучулары 10 фунттук акчалардан 500дөн ашуун иттин сөлөкөтүн жасашып, шаардын ар кайсы жерине катышууда. Акцияны уюштурган Beagle Street камсыздоо компаниясы эми мындай иш-чара башка ири шаарларда уланарын айтат. Башкы менеджер Метью Гледхилл муну менен элдин маанайын көтөрүп, аз да болсо капчыгын кампайткыбыз келди дейт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG