Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Москвада Борис Немцовду атып кетишти


Борис Немцов
Борис Немцов

Ишембиге караган түнү Москванын борборунда оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр Борис Немцовду атып кетишти.

Ишембиге караган түнү Москванын борборунда Большой Москворецкий көпүрөсүнө чукул жерде оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр Борис Немцовду атып кетишти. Оппозициялык лидердин өлүмүн РПР-Парнас партиясынын Москвадагы бөлүм башчысы Илья Яшин тастыктады. Маалымат каражаттары Немцовду ак түстөгү машинадан белгисиз бирөө тапанчадан төрт жолу атканын жазышты. 55 жаштагы оппозициялык саясатчы алган жараатынан жарыкчылык менен кош айтышкан.

Орусиянын ИИМнин өкүлү журналистерге билдиргендей, Борис Немцовго өтүп бараткан машине ичинен ок чыгарышкан. Учурда маркумду аткандар изделүүдө.

Борис Немцо вдун акыркы интервьюсу
Борис Немцовдун акыркы интервьюсу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Көрүнүктүү саясатчыга кол салуу бир катар орус элитасынын өкүлдөрүнүн дендароо кылды. ТАСС агенттиги “Яблоко” партиясынын лидери Сергей Митрохиндин "Борис Немцовго жасалган бул тирукмуш кылмыш оппозицияга эле эмес, бүтүндөй өлкө жетекчилигине чакырык", - деген сөзүн жазып чыкты.

Орусия президенти Владимир Путин бул тууралуу кабардар болгонун анын пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Путин бул өлтүрүү буюрутма жана чагым экенин белгиледи",- деди Песков. Анын айтымында, президент Орусия Федерациясынын Тергөө комитетинин жетекчилигине ИИМ менен ФСБ мүчөлөрүнөн турган атайын тергөө тобун түзүп, аны көзөмөлгө алууну тапшырган.

Борис Немцовдун үй-бүлөсүнүн адвокаты саясатчыга бир нече айдан бери белгисиз социалдык түйүндөрдөн коркутуулар келгенин, бирок ал буга маани бербегенин айтууда. Анын билдиришинче, белгисиз адамдар саясатчынын өмүрүнө кол саларын алдын ала эскертишкен.

Борис Немцовду эскерүү

Жекшемби, 1-мартта Москвада бир нече каршылык акциялары белгиленген. Оппозиционер Алексей Навальный негиздеген, ар кайсы күчтөрдөн турган “Весна” аттуу жүрүш Марьино аймагында өтмөк. Жүрүш өтчү аймактан улам “Яблоко” партиясы уюштуруучулар менен макул болбой Москванын борборунда өзүнчө акция өткөргөнү жаткан.

Өз убагында Борис Немцов орус президенти Борис Ельциндин мураскери аталган. Кийинчерээк ал оппозицияга кетип, Орусиянын кийинки президенти Владимир Путинди активдүү сындап келген. 55 жаштагы саясатчы алгачкы кесиби боюнча физик, физика-математика илимдеринин кандидаты, 4 баланын атасы. 2012-жылдан бери РПР-ПАРНАС - Орусиянын Республикалык партиясы - Элдик эркиндик партиясынын теңтөрагасы болчу.

XS
SM
MD
LG