Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Путин Украина менен согуш болбосуна үмүттөнөт


Орус президенти Владимир Путин жана Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орус президенти Владимир Путин жана Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Президент Путин “Орусия -1” телеканалына интервью берип жаткан чакта, БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусия менен АКШ Украина боюнча кайрадан кайым айтышты.

Путиндин Украина окуяларына арналган интервьюсу обого ок атышууну токтотуу боюнча Минскиде 12-февралда кол коюлган келишимдин шарттары толук аткарылбай, Киев Москваны өлкө чыгышындагы жикчилдерди колдоодо деп айыптап жаткан кезде чыкты.

Анын үстүнө Орусия колдогон жикчилдер бир нече апта чабуул коюп жатып, Дебальцево шаарчасын алгандан кийин алардын жер ээлөөсү дагы уланабы же жокпу деген суроолор да жаралган эле.

Президент Путин “Орусия -1” телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып, украин күчтөрүнүн Дебальцеводо жеңилип калганы үчүн Орусияны күнөөлөө туура эмес болоруна токтолду, согуш Украина менен Орусиянын деңгээлине чыкпайт деген үмүттө экенин белгиледи:

- Менимче, мындай апокалипсистик сценарий мүмкүн экендиги күмөндүү жана буга эч убакта жетпейт деп үмүттөнөм.

Украина, АКШ, НАТО жана Европа өкмөттөрү былтыр апрелде уруш башталгандан бери эле Орусияны жикчилерди курал-жарак, техника жана аскер күчү менен колдоп жатканы үчүн айыптап жүрөт.

Путин Москванын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду, анын ичинде украин президенти Петро Порошенконун өткөн апта соңундагы билдирүүсүн да четке какты.

Путин: Украинада согуш болбошуна үмүттөнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

Порошенко былтыр Киевдеги Майданда демонстранттарды атууга орус президентинин жардамчысы Владислав Сурков жетекчилик кылганын айткан эле:

- Украин жетекчилеринин элге айткандарына кээде таң калам. Мисалы биздин администрациянын кызматкерлерин бир жыл мурда, Майдандагы трагедиялык окуяларга катышкан дегени такыр эле болбогон кеп. Чындыктан такыр эле алыс. Муну кайдан алып жатышканына таң каласың.

Путин интервьюсунда Германия канцлери Ангела Меркел, Франция президенти Франсуа Олланд ортомчулук кылган Минск келишими ишке ашырыларына да үмүт билдирди:

- Минск макулдашуулары бул жараяндын төрт катышуучусу: Украина, Орусия, Франция, Германия тарабынан иштелип чыккан гана документ эмес. Ал Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы менен бекитилип, дээрлик бүткүл эл аралык коомчулук тарабынан колдоого алынган эл аралык укуктук акт формасына ээ болду. Бул башкача окуя. Мен ал ишке ашат деп үмүттөнөм.

БУУдагы кайым айтыш

БУУнун Коопсуздук кеңеши демекчи, өткөн түнү ал жерде АКШ менен Орусия Украина боюнча кайрадан кайым айтышты. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Коопсуздук кеңеши Батыш өлкөлөрүнүн чечимдерине “мөөр басуучу” гана аспапка айланганына токтолду.

Лавров Кошмо Штаттарды “үрөйү суук ыкмаларды” колдонгону, анын ичинде “Украинадагы антиконституциялык төңкөрүштү” колдоого барганы үчүн айыптады.

Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөөдө. 23-февраль, 2015-жыл.
Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөөдө. 23-февраль, 2015-жыл.

АКШнын Улуттар уюмунундагы элчиси Саманта Пауэр буга жооп кылып, Москванын аймактык бүтүндүктү жана суверенитетти сактоо жөнүндөгү чакырыктарын “эки жүздүүлүк" деп атады. Ал жикчилдерди машыктырып, курал менен жабдып, алардын катарында орус жоокерлери согушуп жатканын эске салды.

Украин тышкы иштер министр Павел Климкин болсо Орусиянын анын өлкөсүнө каршы согушун "гибриддик" деп атап, Киев тынчтыкты сактоо үчүн БУУдан бейпилдик күчтөрдү жиберүүнү суранышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Ок атышуу толук токтой элек

Ок атышууну токтотуу боюнча акыркы макулдашуу кандай аткарылып жатканына байкоо салган ЕККУ уюмунун соңку маалыматына караганда, өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин кагылышууларынын саны “кыйла” азайды. Кечээ жикчилдер ээлеп турган Дебальцево шаарчасынын жана Донецк аэропортунун айланасында айрым инциденттер болду.

"Донецк элдик республикасынын" техникасы Донецктен чыгып жатат. 24-февраль, 2015-жыл.
"Донецк элдик республикасынын" техникасы Донецктен чыгып жатат. 24-февраль, 2015-жыл.

Украин армиясынын расмий өкүлү Анатолий Стельмахтын ырастоосунда, жикчилдер кечээ кечинде армиянын Дебальцевонун жанындагы кыштактагы турумун жети ирет аткылашкан.

Артиллериядан жана минемоттон атуулар Донецктин айланасында да болуп, бүгүн эртең менен Мариупол шаарынын жанында отуз мүнөттөй атышуу жүрдү.

Мындан улам украин тарап армия оор куралдарды майдан тилкесинен чыгарууга ок атышуу кеминде 24 саатка толук токтогондон кийин гана барарын билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG