Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Европа-Кыргызстан мамилеси кумсаларга такалды


Кыргызстандын парламенттик делегациясы Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын кышкы сессиясына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Буга чейин Европа парламенти гей-пропагандага каршы мыйзам долбооруна тынчсызданган.

Жакында эле Европа парламенти Кыргызстанда кабыл алынып жаткан “кумсаларга” байланыштуу мыйзамды сынга алып, аны чакыртып алууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева баштаган делегация Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын 26-30-январда боло турган кышкы сессиясына катышуу үчүн Страсбург шаарына жөнөп кетти. Кумсаларга байланыштуу Кыргызстанда кабыл алынып жаткан мыйзам долбоору парламенттик ассамблеяда каралышы күтүлүп жаткан. Бирок Асия Сасыкбаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, Страсбургда ал мыйзам каралбайт, башка маселелер жөнүндө сөз болот.

Кумсалыкты пропагандалоого каршы жана андай аракеттерди жазалоону көздөгөн депутаттар, ал максатта бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Азыркы кезде долбоор экспертизадан өтүп жатат.

Мыйзам долбоорлорду кабыл алуунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Курманбек Дыйканбаев демилгечилер Европа парламентинин каршылыгына карабай долбоорлорду кабыл алууга аракеттенишерин билдирди:

- Депутаттар өздөрүнүн ой-пикирин ачык айтышты. Европаны сыйлайбыз, бирок бүгүнкү күндө Европанын стандарты бизге ылайык эмес. Биздин өзүбүздүн шайлоочулардын талаптарын колдоп, мыйзам бизге керек деп турушат. 27 депутат долбоордун автору бир эле пикирде турабыз. Кудай буюрса экинчи окууда өткөрөбүз.

Курманбек Дыйканбаевдин пикиринде, мыйзам долбоорлору боюнча акыркы чекитти баары бир президент коет.

Европа биримдиги Кыргызстандын ири донорлорунун бири. Биримдик менен Кыргызстандын кызматташуу кеңешинин өткөн жылы ноябрдагы жыйынында 2014-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстанга 184 млн. евро жардам бөлүү чечими кабыл алынган. Биримдик ошондой эле Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү үчүн 10 млн. евро бөлүүгө макулдук берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаеванын айтымында, бул каражат менен заманбап шайлоо техникаларын сатып алуу пландаштырылууда. Ал технология Кыргызстанда биометрикалык маалыматтар менен шайлоону камсыздоого каралып жатат.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” бирикмесинин башчысы Динара Ошурахунованын пикиринде, Европа биримдиги Кыргызстанда демократиянын өнүгүүсүнө кызыкдар. Ошондуктан убада кылган 10 млн. еврону кумсалар жөнүндө мыйзамдагы карама-каршылыкка карабай бөлүп берет:

- Европа комиссиясы колдойбуз деген чечимге келгенден кийин кайрадан карабаса керек. Анткени бизге жаңы технология келип, ал демократияны жакшыртууга түрткү берсе, анда алар колдойт. Сөзсүз колдойт.

Ошол эле учурда Кыргызстан биометрикалык система менен шайлоону камсыздоо үчүн Түштүк Корея фирмалары менен иш жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын Британиядагы мурунку элчиси Кубан Мамбеталиев Кыргызстан кумсаларга байланыштуу мыйзамдын кабыл алынышына муктаж эмес дейт:

- Андай мыйзамдын бизге эмне кереги бар? Берки калган мыйзамдар жетиштүү. Кумсаларду колдоо боюнча да, каршы да мыйзамдын кереги жок. Бизде андай коркунуч жок. Коркунуч жок болгондон кийин эмнеге биз Орусияга окшоп мыйзам кабыл алышыбыз керек? Андай мыйзамды кабыл албаш керек.

Кубан Мамбеталиев Кыргызстан мыйзамдарды кабыл алууда бир гана Орусия эмес, кошуна мамлекеттерге да карап көрсө болорун кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG