Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Путинге каршы жаңы санкциялар


АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды ушул жумада киргизиши мүмкүн. Ак үй жаңы санкциялар, мунайдын арзандоосу жана рублдун нарксыздануусу Москваны Украинадан оолактатат деген үмүттө.

АКШ президенти Барак Обама жума аягына чейин "Украинадагы эркиндикти колдоо” мыйзамына кол коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест шейшембиде билдирди.

АКШ Конгресси Орусиянын аскерий коргонуу, энергетикалык комплекси жана "Рособоронэкспорт" курал экспортеруна каршы санкцияларды киргизүүгө жол бере турган мыйзам долбоорун 13-декабрда кабыл алган.

Мыйзам Украинага жардам иретинде 350 миллион доллар бөлүүгө жана танкага каршы аскерий курал-жабдык, көзөмөл үчүн пилотсуз учактар менен камсыздоого жол берет.

Ак үй буга чейин Киевдин согуш куралдары жагынан жардам көргөзүү өтүнүчүн четке кагып келген.

Жаңы санкциялар тууралуу жарыяга тушташ АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия Украинадагы жаңжалга байланыштуу соңку күндөрү “конструктивдүү кадамдарга” барганын айтып өттү.

16-декабрда Лондондо иш сапарда жүрүп Керри Батыштын санкцияларынын максаты - Москванын Украинадагы иштерге кийлигишүүсүн токтотуу экенин кайталады:

- Европалыктардын, АКШнын санкцияларынын максаты - Орусияга, президент Путинге Крымды аннексиялоонун, Украинадагы жикчилерди колдоону улантуунун, Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузуунун куну экенин көргөзүү. Санкциялар ушул үчүн киргизилди.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын ырастоосунда, Батыш “Орусиянын элине зыян келтирүүнү көздөбөйт”.

Ал ортодо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыштын санкциялары Москвадагы режимди алмаштырууга багытталганын билдирүүчү олуттуу себептер бар деп белгиледи. 16-декабрда Париждеги иш сапарында Лавров француз телекомпаниясынын суроолоруна жооп берип жатып, санкциялар Орусияны кайра күчтөндүрөрүн айтты:

- Албетте, санкциялар Орусияга зыян келтирип жатат. Биз бул нерседен эч кандай рахат алган жерибиз жок. Бирок бул биздин проблема эмес, бул Евробиримдик менен АКШнын маселеси. Мен сиздерди ишендирип кетейин, Орусия бул соккулардан жөн эле аман чыкпастан, кайра күчтөнүп чыгат.

Ошол эле күнү Брюсселде Евробиримдик жана НАТО өкүлдөрү менен жолугушууда Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Крым боюнча тынчсыздануусун билдирген. Ал Орусия ядролук куралын жарым аралга жайгаштырууга аракет кылышы мүмкүн экенин айтты.

Ушул күндөрү Украинада алгачкы иш сапар менен жүргөн Евробиримдиктин тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч толугу менен жоюлмайынча, биз көмөк көрсөтүүбүздү уланта беребиз” деп белгиледи.

Шейшембиде Украинанын куралдуу күчтөрүнүн генералдык командири Виктор Муженко Орусиянын он миңге чукул аскерлери жана оор аскерий техникалары Украинанын чыгышында кала берүүдө деп билдирген.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG