Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Сиз жашаган өлкөдө полициянын мамилеси кандай?


Өзгөчө Орусия, Казакстанда иштеген мигранттар полициянын негизсиз текшерүүсүнө, кодулоосуна жана пара талап кылуусуна тушукканын даттанышат. А сиз жашаган шаарда полициянын чет өлкөлүктөргө мамилеси кандай? Келгиле, форумда ушул теманы чогуу талкуулайлы.

Маселен, Жапониядагы окурманыбыз жапон полициясынын кичипейилдигин, адамга жардам берүүгө дилгир экенин жазды. Ошол эле учурда Кыргызстанга келген чет элдик студенттер да кыргыз милициясынын түрдүү кысымына кабылып келишкенин жашырышпайт. Дегеле сиздин коопсуздугуңузду коргоочу полициянын мамилеси кайсы өлкөдө кандай экени бардык окурмандарга кызыктуу, анда өзүңүз көрүп билип, күбө болгон окуяларды форумга тизмектеп баштасаңыз болот.

XS
SM
MD
LG