Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Путин-Каримов достугу Ошко газ бербейт


Владимир Путиндин Ташкенттеги иш сапары, 10 -декабрь, 2014-жыл.
Владимир Путиндин Ташкенттеги иш сапары, 10 -декабрь, 2014-жыл.

7-14-декабрь, эл аралык басма сөзгө баяндама.

Узаган аптада Батыш басма сөзүндө Орусия президенти Владимир Путиндин Ташкентке болгон иш-сапары кызуу талкууланды.

EuroasiaNet онлайн басылмасынын аналитиги Крис Риклтон да бул багытта “Путин-Каримов сүйлөшүүсү Кыргызстанга пайдасыз болду” деген макаласын жазган. “Владимир Путиндин Ташкентте кыла турган иштеринин тизмесинде Кыргызстандын азыркы таптагы көйгөйлөрү жок болсо керек. Кыргызстандыктар орус ажосу Ислам Каримов менен жолугуп, өлкөдөгү энергетика кыйынчылыгын чечет деген ишенимде эле. Бирок Путин Өзбекстанга тышкы карызын кечип, аскерий жардам берүү боюнча келишимдерге кол коюп, Ислам Каримовго “базарлыгын” ала барганы менен Кыргызстандын газ көйгөйү тууралуу бир да сөз айтпады. Аналитиктердин көбү Өзбекстан табигый газды ооздуктоо менен жакынкы коңшуларын эле коркутуп тынбай, Орусияны да колго алгысы келет дешет. Ошентсе да Ташкент расмий Москванын Кыргызстандагы гидроэнергетика саясатынан кооптонот. Себеби, Кыргызстан сууну бууса, Ташкент пахтасыз калат. Бирок Орусия менен ымаласы жакшырса Ташкентке Бишкек жок дей албайт”, - деди аналитик Риклтон өз макаласында.

The Moscow Times гезити болсо Ислам Каримовдун: “Ислам мамлекети" уюмуна окшогон топтор акыркы мезгилде Борбор Азияда көбөйүп баратат. Алар Ооганстан, Ирак жана Сириядан бул жакка агылууда. Андыктан Орусия аймактагы коопсуздукка көмөк көрсөтүшү керек”, - деген сөзүн жарыялады.

Түрк элдери бириге алабы?

The Diplomat журналы Анкаранын Борбор Азия өлкөлөрүнө карата саясатына сереп салган макаланы басты. Акыркы мезгилде Орусиянын Украина менен Крымдагы саясатынан улам Түркия Борбор Азияга мурдагыдай үйрүлүп түшпөй калды дешет макаланын авторлору.

“Советтер союзу кулагандан кийин аймакка алгач колун сунган Түркия айрыкча Казакстан менен Кыргызстанда “жумшак” саясатын жүргүзүп келген. Түрк бийлиги мектептерди ачууга көмөк көрсөтүп, алтургай азыркы тапта бир нече жогорку окуу жайлар да бар. Бирок азыр Орусиянын табигый газ стратегиясы Европаны да, Түркияны да муунтуп жатканда түрк бийлигинин Борбор Азиядагы саясаты солгундай түштү”, - деп жазган The Diplomat басылмасынын аналитиктери.

Ал арада Түркияда байыркы Осмон тили кайрадан мектептерде сабак катары кирери маалым болду деп кабарлайт The Washington Post гезити. Бийликтин мындай чечими оппозициялык партиялардын катуу сынына кабылган. Бирок президент Режеп Тайип Эрдоган "Осмон тили мектептерде милдеттүү эмес, тандоо сабагы катары кирип, жаш муунду тарыхты тереңден окууга шарт түзөт",- деди.

Рим Папасы Далай Ламанын колун кыспады

"Рим Папасы менен тибеттиктердин руханий лидери Далай Лама Римдеги Нобель сыйлыгынын лауреаттары катышкан аземде учурашпай турган болду" деп кабарлайт La Stampa гезити.

Ватикан менен Бээжиндин католик чиркөөсүнө байланышкан ымаласы акыркы мезгилде жакшы болуп келгени менен Аргентинадан чыккан Папа Франциск Далай Ламанын айынан Нобель сыйлыгына байланыштуу аземге өзү катышпай, видео-куттуктоосун жибермей болду. "Ватикандын расмийлери эки руханий лидердин жолугушуусун туура эмес көрүнүш катары баалагандан улам ушундай чечим чыкты" деп жазган La Stampa.

Британия порно-тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салды

Британия парламенти интернет аркылуу порно-тасмаларды же роликтерди көрүүнү толугу менен тыйды. Бул чечимден кийин Лондондун борбордук Вестминстер көчөсүндө чечимге каршы чыккандардын акциясы болду деп маалымдайт Evening Standard гезити. Акциянын катышуучулары өздөрүн “сексуалдык эркиндиктин активисттери” деп аташып, интернет аркылуу порнографияны көрүүгө тыюу салууну “акылга сыйбаган” эреже катары баалашты. Уюштуруучулардын бири Шарлотта Роуз: “Муну бийлик коомчулуктун пикирин сурабай туруп эле ишке ашырды. Ушул да туурабы? Алгач коомдун макулдугун алышы керек эле”, - деди Evening Standard гезитине.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG