Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Мырзакматовду камакка алуу чечими чыкты


Мелис Мырзакматов.
Мелис Мырзакматов.

Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголуп, камакка алуу чечими чыкты.

Башкы прокуратура экс-мэрге Оштогу Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнү курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар мыйзамдарды бузган деген айып тагууда. Мырзакматовдун тарапкерлери буга "саясий куугунтук" деп баа беришүүдө.

27-ноябрда Мелис Мырзакматовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык козголгон кылмыш иштин негизинде, Ош шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялады.

Прокуратуранын жүйөсүндө Мырзакматовдун буйругу менен 2013-жылы эки жолу мыйзамсыз тендер өткөрүлгөн. Анын негизинде мамлекет 27 миллион сомдон ашык зыян тартканын Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алманбет Абдраманов билдирди:

Ошто курула турган эстакада көпүрөнүн орду.
Ошто курула турган эстакада көпүрөнүн орду.

- Тергөө жыйынтыгында Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич мэрлик кызматты аркалап турган учурда Кыргыз Республикасынын бир канча мыйзамдарын бузганы аныкталды. Ал Ош шаарындагы көп акча сарпталчу курулушту өзүмбилемдик менен баштаганга буйрук берген. Ошто курулуучу чоң көпүрөнүн техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоору жок эле каражат бөлүнгөн. Иликтөө жыйынтыкталып, 304-берене менен кылмыш иши козголду. Ошол эле күнү Шаардык сот аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланды.

Буга чейин Ош шаардык прокуратурасы эстакада көпүрө боюнча кылмыш ишинен кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысын өзүнчө бөлүп, экс-мэрдин жоопкерчилиги боюнча жаңыдан кылмыш ишин ачкан. Тергөө эстакада көпүрөнүн техника-экономикалык негиздемеси жок, каржы булагы көрсөтүлбөстөн курулуш башталганын аныктаган. Бирок кылмыш иши факты боюнча козголгондуктан, Мырзакматов фигурант катары аталган эмес эле.

Соттун чечими боюнча Мырзакматовдун өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду. Учурда анын чет өлкөдө жүргөнү айтылууда. Ал ортодо "Улуттар биримдиги" партиясы кайрылуу таратып, бийликтен экс-мэрге болгон саясий куугунтукту токтотууну талап кылды.

"Улуттар биримдиги" партиясынын мүчөсү Абдыжапар Аккулов экс-мэрди камакка алуу чечимин бийликтин саясий кысымы, Мырзакматовду шайлоого катыштырбоо амалы катары баалады:

Ош шаарында көпүрө курулушуна жардам иретинде өткөн марафон. 14-ноябрь, 2014-жыл.
Ош шаарында көпүрө курулушуна жардам иретинде өткөн марафон. 14-ноябрь, 2014-жыл.

- Кээ бир эпизоддор боюнча бөлүп алып карап жатыптыр деген сөздөр айтылган. Албетте муну коомчулук чоң саясий кампаниялардын алдында куугунтук, бут тосуу катары кабыл алат. Бул жерде эч кандай кылмыш жок, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын ойлогон Мырзакматовго жалаа жаап жатышат. Балким эрте баштагандыр, бирок өзүбүздүн акчабызга курабыз деген. Азыр көпүрө курулушу экинчи жылга созулду. Болгондо да Орусиянын акчасына курганы жатышат. Муну саясий басым башталды деп айтсак болот.

Мелис Мырзакматов негиздеген “Улуттар биримдиги” - оппозициялык партия. Бирок экс-мэр алдыдагы шайлоолорго катышарын ачык айта элек.

Алдыдагы шайлоолорго жакын саясий соодалашуу кызуу башталгандай. Айрым эксперттер бийлик кыр көрсөткөн оппоненттерин кылмыш ишин ачуу аркылуу кысымга алуу жүрүп жатат деген божомолдорду айта баштады. Саясий серепчи Марс Сариев:

- Шайлоо жакындаган сайын ушундай жол менен каршылаштарына кысым көрсөтсө болот. Эмнеге мурда эле кылмыш ишин ачып, камашкан жок? Эми саясий соодалашуу башталат, азыр кылмыш иши козголсо, шайлоого бара албай калат да. Азыр бийлик "жөн жүр" дегендей эскертүү берип жатат.

Дамира Ниязалиева.
Дамира Ниязалиева.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева саясатчыларга козголгон кылмыш иштерге саясий боёк сүртүү туура эмес деп эсептейт:

- Оппозицияда жүргөн же атаандаштарга кылмыш иши козголуп жатат дегенден алыс болуу керек. Азыр система мурдагыдай эмес, өзгөргөн. Шайлоо жөнүндө айтсак, Мелис Мырзакматов жок болсо деле партиясы күчтүү болсо утуп чыгат. Азыр Мырзакматовдун өзүнүн ишмердүүлүгүнө карата кылмыш иши козголуп жатат. Биздин партиялашыбыз Иса Өмүркуловго деле козголбоду беле. Бийлик эч кимге кысым көрсөткөн жери жок.

Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп иштеп турган чакта Алишер Навои көчөсүнө эстакада көпүрө куруу демилгесин көтөргөн. Анын курулушуна шаардык казынадан каражат бөлүнүп, марафон өткөргөндө жүз миңдеген сом топтолгону да айтылган. Шаардык бийлик алмашкандан кийин көпүрөнүн курулушу башка долбоор менен уланмай болгон. Буга чейин көпүрө куруу ишине байланыштуу Ош шаардык мэриясынын үч кызматкерине кылмыш иши козголгон болчу.

Мелис Мырзакматов шаар башчысынын милдетин аткаруучу болуп экс-президент Курманбек Бакиевдин убагында дайындалып, 2013-жылдын этегинде, ал кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен кызматтан алынган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG