Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Бажы биримдиги же Курманжан дилеммасы


Курманжан датка.
Курманжан датка.

«Полис Азия» аналитикалык борборунун Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши тууралуу прогнозу.

Орусия менен кызматташуу Орусиянын өзүнөн коргонуу

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен өткөн доордун кайталануусу күтүлүүдө. Бирок бул жерде үч негизги жаңы шарт эске алынган жок.

I.Орусия бул биримдикти жалгыз түзгөн жок. Евразия экономика биримдигинде Кыргызстанга карата ар кандай кызыкчылыгы бар үч вето-оюнчу бар. Бирөө рынокту, башкасы бийик дымакты көздөсө, үчүнчү оюнчу өзү түшүндүргөндөй, “тобокелге гана барган”.

II. Бажы биримдигинин башкы максаты - Кытай менен чек араны жабуу болчу. Бирок бир дагы оюнчу муну аткара албайт. Бардык жерде көзгө урунган кытай товары менен капиталынан баш тартуу өтө эле кыйын.

III. Коррупция. Бажы биримдигине кирген өлкөлөрүндөгү мамлекеттик башкаруу ыкмасында жемкорлук бириктирүүчү ролду ойнойт. Бирок өлкөлөр арасындагы алакада ал күчтүү коррозиялык милдетти аткарат. Тактап айтканда, Бажы биримдигинин башкы милдети болгон - чек аралардын ич ара ачыктыгын, ошол эле кезде анын сыртынан жабык турушун камсыз кылууда тоскоолдук жаратат.

IV. Дүйнө өзгөрдү. Жаңы технологиялар кандай гана өлкө болбосун, анын тыкыр көзөмөлүнө баш ийбейт. Маалыматтык, коммуникациялык, энергетикалык ыкмалар тоскоолдуктарды оңой эле сүрүп салат. Анткени биз үчүнчү илимий-техникалык доордо жашап атабыз.

Тенденция жана ролдор: «Ва-банк оюну».

Орусия саясаттын күчүн ачыктан ачык көргөзүүгө өттү. Бул Украинадагы кырдаалдан, чачырап кеткен постсоветтик аймактын жок дегенде бир бөлүгүнө ээ болуу аракетинен, өз өлкөсүндө акыл менен эмоцияны кысмактоосунан көрүнүп турат. Бажы биримдиги же Евразия экономикалык биримдиги совет доорундагы шериктештиктин акыркы барагы. Кырдаалга көз салсак, православиеге таянып, “орус дүйнөсү”, “мекендештер”, “орустар” деген түшүнүктөрдү аныктоо тескери реакцияга гана алып келиши мүмкүн.

Аша чапкан идеологиялык саясат мобилизациялоо аракеттеринин жокко чыгарып салышы мүмкүн. Ансыз деле ал биригүү/куткаруу/кайра жаралуу чакырыгына карама-каршы келүүдө.

Мисал катары миграциялык саясатты алалы: бири Евразия экономикалык биримдигинин форматында жарыяланса, экинчиси негизги багытка каршы келген Орусиянын өзүнүкү болуп жатат.

Учурдагы геосаясий кырдаалда Орусия шериктеш мамлекеттердин элитасынын оң көз карашын сатып алууга деле умтулбашы деле мүмкүн. Бирок “күч колдонууну” да эч ким жокко чыгара албайт.

«Басып алуу операциясы»

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн жактырбаганы менен Казакстан мындан утары айтылып келет. Жакын туруп алыстаган коңшусунун биримдикке кириши ага реалдуу дивиденддерди алып келери турган иш. Бажы биримдигине киргенде бөксөргөн нерсенин ордун толуктоо максаты казак олигархтары менен бизнес топторун коңшу өлкөгө түртүп, жаңы ресурстарды бөлүштүрүүгө азгырышы ыктымал. “Атанын” саясаттан кетишинин кечеңдеши жана жакынкы келечекте мурасты бөлүштүрүүнү күтүү, жаңы рынокту издеп, аны өздөштүрүүгө аргасыз кылат.

Географиялык жактан алганда казак бизнесинин негизги бөлүгү Кыргызстан менен чектешкен түштүк аймакта орун алган. Кыргызстандын улам бир инвестордун колуна өтүү менен өздөштүрүлбөгөн, башаламан бөлүштүрүлгөн ресурстары, банк жана финансы рыногунун борпоңдугу, арзан чийки заттар казак капиталын өзүнө тартып турат. Бул жагынан алганда Евразия экономикалык биримдигинин экономикалык жана бажы көшөгөсүнүн ачылышы Кыргызстанга ресурстук базаны өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок орусиялык капитал мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу жеткиче, казактын бир тармакка багытталган бизнеси чаң соргучтун милдетин тез эле өздөштүрүп алышы мүмкүн. Сырьену бажы төлөмүсүз ташуу Кыргызстандын кайсы ресурсу болбосун аны эч тоскоолсуз, чыпкалабастан туруп соруп алууга жол берет.

“Бир кадам алдыга, эки кадам артка”

АКШнын Борбор Азиядагы негизги аскердик таянычы болгон “Ооганстан коркунучу” аягына чыкты. Кыргызстандагы авиабазадан кетүү геосаясаттагы оюндан утулууга барабар.

Гранттын эсебинен жарандык демилгелерди колдоо эки фактор менен жокко чыгууда. Биринчиси - Батышка каршы күндөн күнгө күчөп бараткан орусиялык кысым (гомофобиядан баштап “чет элдик” тыңчылыкка чейин айыптоолор). Экинчиси – каржы жана башка долбоорлордун көбү күткөн жыйынтыкты бербей иллюзия бойдон калганы. Бул эки фактордон улам болушу мүмкүн: биринчиси – советтик доордун мураска калган калдыгы, саясый элитанын күнкордугу, экинчиси – Борбор Азияга кырдаалга жараша гана үстүрт мамиле кылуу.

«Бузулбаган күч»

Бажы биримдиги/БЭМде Кытайга каршы койгон чектөөлөрдүн баары жоюлат. Жалпылап айтканда, алар кытай бизнеси жана өндүрүүчүлөрү үчүн өтө чоң тоскоолдук жаратпайт. Буга Кытай менен Кыргызстандын долбоорлору мамлекет ортосунда, узак мөөнөткө түзүлгөнү мисал. Анын үстүнө Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөгү коррупция кайсы товар болбосун аны тактайдын астынан сууруп чыгууга да мүмкүнчүлүк берет.

Курманжан диллемасы Кыргызстан үчүн

Эгер Курманжан үчүн Орусия менен алака түзүү коргонуунун жалгыз ыкмасы болсо, азыркы учурда ал таптакыр иштебейт. Дүйнө өзгөрдү. Дежавю эффектиси заманбап кырдаал менен кагылышууда.

№1. Кытайдын өнүгүшү;

№2. Тышкы саясаттын ар түрдүүлүгү;

№3. Өлкөнүн эки качкын президентинин Бажы биримдигинин курамындагы өлкөлөрдө, үчүнчүсүнүн ортомчулугу менен жүрүшү.

Парадокс - Кыргызстан Бажы биримдигинин курамына киргени жатат. Кыргызстандын бир эле дарыяга экинчи жолу бой таштоосу, өткөндүн мурасы келечекти калыптандырабы деген ой жаратат.

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурда тышкы саясаттагы келишпестиктер курчуду. Бирок ал ошого карабай ушул жол менен кетти. Дүйнөлүк тажрыйба көргөзгөндөй мындай бөлүнүүлөр чакан өлкөлөргө салмактуу дивиденд алып келүү менен өз айла-амалын ишке ашырганга аянтты кеңейтет. Буга Монголиянын эле «тажрыйбасын» мисалга тартуу жетиштүү. Кыргызстан менен көп жагынан окшош бул өлкө бүгүн өткөндүн оордугун жеңе алды. Монголиянын ИДПсы 2001-2013-жылга чейин 8% жогорулап, бүгүн бат өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн катарында.

Аймактын коопсуздугунун чеги

Аймактагы коопсуздук саясатынын принциби «ким коркунучтуу?» деген боюнча калууда. Бул кандай кырдаал болбосун өзгөрбөйт. "Коркунучтуу Ооганстандан" "радикалдуу исламга" чейин, "улут аралык чыр-чатактан" баштап "диний араздашууга" чейин ушундай . Мунун баары декларативдүү же репрессиялык ыкмалар менен чечилгенине карабай, жыйынтык жок. Үстүртөн караганда көйгөйдү чечүү тыюу салган жана чектеген советтик инерция менен жүрүүдө. Чоң оюнчулардын «коргоо жана камкордукка алуу» үчүн таңуулаган аракети чыныгы душман менен гана негизделгенде ишке ашары анык.

Кыргызстандын коопсуздугу учурда кыска шым кийген баладай. Кол кезеп коркутуп коюу оңой. Коркутуучу НАТОбу же ЖККУбу айырмасы жок. Заманбап эл аралык мамилелерди дихтомичтүү/биополярдык жактан кабыл алууда Кыргызстан жол кыймылы жандуу жердеги түстөрдү айырмалай албаган жөө жүргүнчүгө окшош.

XS
SM
MD
LG