Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

Салянова: Биз ишибиз менен мактанбайбыз


Башкы прокурор Аида Салянова.
Башкы прокурор Аида Салянова.

Башкы прокурор Аида Салянова "Азаттыкка" маек куруп, парламент депутаттарына козголгон кылмыш иштер, Батукаев маселеси жана башка суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Прокуратура тармагы коррупцияга каршы күрөшкө артыкчылык бергендигин акыркы үч-төрт жылда ачылган чуулгандуу кылмыш иштери көрсөтүп турат. Ошолордун ичинен прокуратура акырына чыгара албай калган олуттуу иштер деп кайсыларды атайсыз жана себептерин эмнеден көрөсүз?

Аида Салянова: Мисалы, парламенттин депутаттары И. Пирматовго, С.Жапаровго жана Э.Обдуновго карата козголгон кылмыш иштери. Алардын аягына чыга албай жатканынын бирден бир себеби Жогорку Кеңештин аталган депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бербей койгондугу.Ал эми айрым кызмат адамдарынын тергөөдө кылмыш жасагандыгы толук далилденип, бирок соттун актоо өкүмү аркылуу өз жазаларын албай калган фактыларын да себеп катары белгилеп кетсек болот. Мисал катары саламаттыкты сактоо министринин орун басары О.Нарбековду, Талас областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары А.Тургуналиевди жана башкаларды келтирсек болот.

Аманбаевага козголгон иштин омбудсменге тиешеси жок

“Азаттык”: Башкы прокуратура тергеп жаткан акыркы иштердин бири Оштогу кургак учукту дарылоо борборуна байланыштуу. Коррупциялык схеманы түздү деп айыпталып жаткан депутат Урмат Аманбаева “Салянова мени иним үчүн каралап жатат, мен 2010-жылдан баштап депутатмын” деп билдирүү таратты. Аманбаеванын депутаттыгы менен башкы эсепчилик ишмердигинин шайкештиги канчалык?

Аида Салянова: Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2013-жылдын май айында эле кылмыш ишин козгогон. Ал Ош облусундагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун кызматкерлерине карата козголгон. Өзүңүзгө белгилүү, акыйкатчы 2013-жылдын октябрь айында дайындалып жатат. Демек бул козголгон иштин омбудсмендин ишмердигине эч кандай тиешеси жок.

Башкы прокуратура ар кандай жагдайлар боюнча Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарына кылмыш иштерин козгогон.
Башкы прокуратура ар кандай жагдайлар боюнча Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарына кылмыш иштерин козгогон.

Бул кылмыш иши былтыр майда козголуп жатканда эң негизги документтер болуп, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Эсеп палатасынын текшерүүлөрү болгон. Андан кийин да бир нече текшерүү болду. Ошонун бардыгында мыйзам бузуулар такталып келген. Кургак учук борбору мамлекеттик мекеме болгондуктан, башкы эсепчи мамлекеттик кызмат. Ошон үчүн коррупция беренеси боюнча эч кандай суроо болбошу керек.

“Азаттык”: Мага түшүнүксүз жагы директор эмес, башкы эсепчинин негизги фигурант болуп жаткандыгы...

Аида Салянова: Негизги фигурант деп эч ким айта элек. Директор да негизги фигурант жана ал да ушул эле берене боюнча камакка алынган. Урмат Аманбаева 2013-жылы депутат, кызмат адамы болуп туруп, ушул эле схеманы улантып аткандыгын эстен чыгарбаш керек. Тергөө улана берет. Далилдердин бардыгын чогултуп, сотко өткөрүп бергенге болгон аракетибизди жумшайбыз.

“Азаттык”: Баш коргоо чарасы медициналык тыянактан кийин ишке ашса керек?

Аида Салянова: Сөзсүз түрдө дарыгерлерден сурап турабыз. Адистердин оюна таянабыз. Эгер саламаттыгы жол бербейт десе, тергөө амалдарын жүргүзө албайбыз. Дарыгер уруксат берсе, тергөө уланат.

“Азаттык”: Жогорку Соттун мурунку төрагасы, депутат Курманбек Осмонов Кылмыш кодексинин коррупция беренесин мамлекеттик айыптоочу туура эмес колдонуп, натыйжада иш аягына чыкпай урап калып жатат деди. Чын эле депутаттардын уруксатын алуу оор болгон үчүн прокуратура ушундай күчөтүп жаткан жокпу?

Аида Салянова: Бул дооматтын жөнү жок, шек саноого да негиз жок. Анткени 303-беренеде коррупция деген кандай кылмыш экендиги тууралуу так, даана жазылып турат.

Келдибеков дарылануудан келбесе, издөө жарыялайбыз

“Азаттык”: Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары ар кандай кылмыштарга шектелип, алды камалып жатат. Ошолордун ичинен коррупция үчүн айыпталган үч депутат боюнча сурагым келет. Биринчиси, депутат А.Келдибеков дарылангандан кийин кайтып келерине кепилдиктер барбы?

Аида Салянова: Прокуратура эч кандай кепилдик берген эмес. Прокуратура кызматкерлери тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабай милдеттерин так аткарды, кылмыш ишин тергеп, сотко өткөрүп берди. Ооба, соттон баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, дарыланууга кетти. Жогорку Кеңеш токтом чыгарып берди. Келиши боюнча: мисалы, ал киши дарыланып бүтүп, жөн эле жүрөт деген маалыматты, медициналык кагазды алган болсок, анда издөө жарыялайбыз. Бирок дагы эле сот чечими аркылуу. Азыр сот чечими күчүндө.

“Азаттык”: Ошол эле издөөдө жүргөн депутат Нурлан Сулаймановду алып келүүгө эмне тоскоол болуп жатат?

Аида Салянова: Эми башка өлкөдө жүргөн жараныбызга карата каалаганды жасай албайт экенбиз. Өз ара келишимдерге ылайык аракеттенүүдөн ашык эч нерсе кыла албайбыз.

“Азаттык”: Депутат Н. Түлеев айыбым далилденсе, чыгымдарды төлөп берем деп билдирди. Эмне үчүн каражатты төлөтүп, мамлекеттин капчыгына салым кошуу жолу тандалып алынбай жатат? Экинчиден, ал киши кылмыш ишимден бир документ жоголду деп билдирди. Маалыматыңыз барбы?

Нариман Түлеевдин жактоочулары.
Нариман Түлеевдин жактоочулары.

Аида Салянова: Түлеевге коюлуп жаткан айыптар өзгөчө оор кылмыштарга кирет. Эгерде Түлеев мамлекетке келтирилген чыгымдарды төлөсө, сот аны жеңилдетүүчү жагдай катары кабыл алышы мүмкүн. Документ боюнча: Түлеевдин иши экинчи инстанцияда каралып жатканын билесиз. Биринчи баскычтагы сотто жүктөрдү ташуулар жөнүндө бир тастыктама (справка) боюнча тергөөчүгө суроолор берилген экен. Демек ал справка болгон. Экинчи баскычта, эмнегедир жактоочулары бул ошол жоголгон справкага жигердүү басым жасап жатышыптыр. Менимче, атайын иликтөөлөр жүрсө керек.

“Азаттык”: Сиздин АКШга сапарыңыз, Британия министринин Бишкекке келиши, Беларус менен акыркы алакалар ата-бала Бакиевдерди экстрадициялоо жаатында кандайдыр бир жылыш жасай алдыбы?

Аида Салянова: Азырынча жаңылык айта албайм. Бирок аталган мамлекеттердин, баарыбыздын эле максатыбыз бир, кызматташтыкты күчөтүү, укуктук суроолор боюнча компетенттүү органдардын ортосундагы кызматташууну бекемдөө. Сөзсүз бир жыйынтык чыгат деп ишенем.

“Азаттык”: Оор кылмышкер саналган Азиз Батукаев эми Орусияда жазасын өтөгөндөн кийин экстрадицияланышы мүмкүн экендиги айтылууда. Негизи анын өлкөдөн чыгып кетишине кандайча жол берилип калды? Коррупциялык схема иштедиби же чын эле айрымдар айтып аткандай, саясий соода жүрүп кетти бекен? Жеке пикириңиз кызык болуп атат.

Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Аида Салянова: Бошонуп кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон да. УКМКга тергөөгө бергенбиз. Менин маалыматым боюнча кандайдыр бир, өзүңүз айткандай саясий соода болгонбу же коррупциялык схема иштегенби дегенге бүгүнкү күнү бир да далил жок. Расмий тергөөнүн жыйынтыгы ушундай. Орусияда ал жазасын өтөп бүткөндөн кийин биз сөзсүз түрдө ушул маселеге кайрылабыз.

Көп кеңеш сурай бергенди жоопкерчиликтен качуу деп түшүнөм

“Азаттык”: Сиз ишмердигиңизде кимдир бирөөнүн кеңешине муктажсызбы? Президент менен кеңешесизби?

Аида Салянова: Кээ бир маселелер боюнча сөзсүз президенттин оюн билгим келет. Бирок өзүм, көп кеңеш сурай бергенди жеке жоопкерчиликтен качуу же жоопкерчилик менен бөлүшүү деп эсептейм. Ошон үчүн көп кеңеше бербейм. Президенттин деле ою ошондой деп ойлойм.

“Азаттык”: Кыргызчылык менен ылым санаштык принципиалдуу чечимдерди чыгарууга канчалык деңгээлде тоскоолдук кылат?

Аида Салянова: Кыргызчылык деген биз чечмелеп жүргөн маанисинде мага жакпайт. Алмаштырчу көп сөздөр бар. Ылым санаштык деп коеюнчу, азыр сиз айтып аткандай, эгерде мамлекеттик кызматкер балдарынын бактысын, өлкөнүн келечегин өйдө коё билсе ага сиз айтып аткан факторлор таасир этпеш керек.

“Азаттык”: Сиз андай учурларга жолуккан жокмун деп айта албасаңыз керек?

Аида Салянова: Жок деп эч ким айта албайт. Өзүм жөнүндө айтсам, тууганчылык, досчулук таасир этпейт. Аны тегерегимдегилердин баары эле билет.

Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

“Азаттык”: Канжар Кадыралиев ишинен четтетилип, сыртынан баш коргоо чарасын өзгөртүү чечими чыккандыгы кабарланды эле. Эми издөө жарыяланган экен. Буга чейин президент кайрылды эле. Анын алдында деле бир айдай ызы-чуу болду. Эми аны качып кетти деген да сөз тарады. Кандай болгондо да ушуга жеткирбей чечкиндүү чара көрүү мүмкүн болбой калдыбы?

Аида Салянова: Андай чечимдер ой келди эле кабыл алына бербейт. Айып тагууга келгенде андан бетер кылдат болуу керек. Ошондуктан бул кыска убакыттын ичинде чечилип кала турган иш эмес. Эч ким муну чойгон жок. Тергөөчүлөрдүн ишине ишенем.

"Азаттык": Канжар Кадыралиевге кесипкөй катары баа бере аласызбы? Аны менен балким жолугуп, сүйлөшкөндүрсүз?

Аида Салянова: Кадыралиев менен беттешип сүйлөшкөн эмесмин. Ал Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери болуп иштеген. Ал Бишкекте же борбордук аппаратта иштесе, балким көрмөкмүн. Ошондуктан ал баланы иште көрүү мүмкүнчүлүгү болбоптур.

Жыйырма жылдагы терс иштердин прокуратурага да таасири тийген

"Азаттык": Негизи акыркы эки-үч факты боюнча прокуратурага карата коомчулукта бир топ сын-пикирлер айтылып жатат. Аны сиз өзүңүз да көрүп, күбө болуп жатсаңыз керек. Парламент депутаттары да ошондой дооматтарын айтып жатат. Прокурордун кынтыксыз иштөөсүнө эмне тоскоолдук кылып жатат? Каражаттын тартыштыгыбы же жоопкерсиздикпи? Канжар Кадыралиевди эске албаганда да, башка дагы маселелер бар?

Аида Салянова: Мамлекеттик башкарууда жыйырма жылдан бери болуп келген терс иштердин прокуратурага да сөзсүз түрдө таасири болгон. Сиз айтып жаткандай, себептер негизи көп. Ошон үчүн Кыргызстанда эки ыңкылап болду да.

Прокуратурада баары идеалдуу, баары сонун деп айткандан сөзсүз түрдө алысмын. 2010-жылдан бери 27 прокурор жоопкерчиликке тартылыптыр. Биз баарыбыз 841 кызматкер болсок, анын ичинен 21 кызматкер кылмыш жоопкерчилиигине тартылып жатат. Андан тышкары жүздөй адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Эми мында сөзсүз түрдө себептери көп. Бирок бул жерде өзүбүздү өзүбүз тазалоо, өзүбүз менен иштөө процесстери токтобой жүрүп жатат. Ошондой болсо да биз прокуратуранын өзөгү болгон мыкты адамдарга баары бир таянабыз. Ошондой мыкты адамдарыбыз көп.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө прокуратура эмнеси менен мактанып, кайсы иши үчүн уялат?

Аида Салянова: Эми айта турган жумуш көп, бирок жасаган иштерибизге биз мактанбайбыз. Анткени ал биздин түздөн-түз милдетибиз. Ал үчүн биз маяна алып жатабыз. Ошол эле кезде сөзсүз түрдө кемчиликтерибиз да бар. Алардын үстүнөн иштеп жатабыз. Алдыга жылганга аракет кылуудабыз. Бирок биз уяла тургандай ыпылас, начар иштер бар деп айталбайм.

“Азаттык”: Кыргызстан салыштырмалуу эркин, демократиялуу өлкө деп эсептелет. Ошентсе да салттуу эмес диндин жана сексуалдык азчылыктардын тарапкерлери укуктарыбыз бузулуп жатат деп доомат кылып калышат. Бир топ билдирүүлөр менен да чыгып жүрүшөт. Балким кайрылуулар сиздерге да келгендир. Буга байланыштуу бир топ эл аралык уюмдар да кайрылуу жасап жатышат. Сиз буга кандай баа бересиз?

Аида Салянова: Мындай кайрылуулар көп деп айта албайм. Кыргызстанда бардык адамдардын укуктары бирдей. Эгер мамлекеттик органдар алардын кайрылууларын карабай, же убагында жооп бербей жатса, кандайдыр бир мыйзам бузууларга барып жаткан болсо, аларга сөзсүз түрдө тиешелүү чара көрүп, тиешелүү реакция жасоо прокурордун милдети. Ошондуктан бул боюнча жумуш жүрүп жатат деп ойлойм.

Бул жаатта кандайдыр бир мыйзам бузууларды же аша чаап, туура эмес иштерге барган мамлекеттик органдардын деле иш-аракетин билбейм. Эгерде алар ошондой азчылыктарга тыюу салып, же алардын кыймыл-аракетин чектеп, укугун бузган ушундай бир иштерге барышкан болсо, бул туура эмес. Ал боюнча прокуратура болобу же башка укук коргоо органы болобу, укуктук баасын бериш керек.

“Азаттык”: Сиздин дарегиңизге, жеке өзүңүзгө да бир топ сындар айтылат. Алардын бири - үч МАИ кызматкерине байланышкан окуя. Алар өздөрүнүн кызматтан четтетилишин куугунтук катары баалап жүрүшөт. Ошол чырлуу окуя боюнча өзүңүздүн оозуңуздан уксак. Ал окуяга сиз өзүңүз кандай баа бересиз?

Аида Салянова: Кандай гана мамлекеттик кызматкер болбосун, МАИ кызматкери болобу, же министр болобу, эгерде өзүнүн укугунан аша чапса, өзүмбилемдикке салган болсо, аларга дайыма мен тарабынан тиешелүү укуктук баа берилип келатат.

Сиз айткан окуя боюнча да чыккан соттун чечимдери туура. Негизи эле айдоочу жол эрежелерин бузбай келатса, бирөөгө коркунуч же тоскоолдук жаратпаса, бирок ошол эле учурда ал айдоочуга карата МАИ кызматкери курал колдонсо, анда мен муну аша чапкандык деп эсептейм. Ошондуктан соттун чечимдери да мыйзамга ылайыктуу болду деп ойлойм.

Эркек болгонумда мындан да ачуу сөздөрдү айтмакмын

“Азаттык”: Сиздин дарегиңизге айтылган сын-пикирлерди кандай кабыл аласыз?

Аида Салянова Жогорку Кеңеште.
Аида Салянова Жогорку Кеңеште.

Аида Салянова: Мен аларга оң карайм. Көп учурда чындыгында эле жумуш менен, же дагы башка иштер менен кээ бир нерселерге көп көңүл бурбай калышым мүмкүн. Анан айтылган сындар аркылуу өзүңдүн деле жасап жаткан ишиңди кайра карап чыгып, ойлонуп, жыйынтык чыгарууга аракет кыласың. Мага сындар кайра жардам берет.

“Азаттык”: Жакында сизге кол салуу болду деген маалымат чыгып, бирок кийин аны сиз өзүңүз жокко чыгардыңыз. Эгер бул сөздөр ушак болсо, эмне себептен чыкты деп ойлойсуз, талдап көрдүңүзбү?

Аида Салянова: Коркутуу же шантаж түрүндө ар кандай нерселер көп эле болот. Акыркы жолу айтылган “кол салуу болду” деген нерсе чындыкка дал келбейт. Балким бул деле коркутуунун бир ыкмасы. Же андай деле ою жок туруп, бирок жоопкерчиликсиз кадамга барып, ушундай сөздөрдү чыгарып койгондур. Бирок кандай ой менен чыгарышканын билбейм.

“Азаттык”: Баш прокурор катары өтө катаал чечимдерди кабыл алууга аргасызсыз. Кээде негиздүү же негизи жок ачуу сөздөрдү угууга, же айрым учурда жооп кайтарууга да мажбурсуз. Ошол эле кезде сиздин аял катары калууга эркиңиз жетпей калган учурларыңыз болобу?

Аида Салянова: “Аял атың - айыптуу” деп айтылган ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан жакшы сөз бар го. Ошол сыңары көп нерседен жазганам. Эгер эркек болгонумда мындан да катуу, мындан да ачуу сөздөрдү айтмакмын деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG