Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Украина-Орусия тиреши кыргыз сомун алсыратты


Кыргызстанда бир АКШ долларынын баасы 58 сомго чамалап, улуттук валютанын куну улам төмөндөөдө.

Буга улай банктарда, акча алмаштыруучу жайларда доллар таңсыктыгы болот деген каңшаар элди ого бетер кабатыр кылууда.

Улуттук банктын маалымат каражаттары аркылуу доллардын өсүп, сомдун куну учушуна кабатыр болууга негиз жок деген билдирүүсүнө карабай, коомчулукта доллардын баасы 70 сомго чыгат экен деген каңшаар кептер тараган.

Биз шаар көчөлөрүн кыдырып, элдин түпөйүл пикирин укканыбыз менен, акча алмаштыруучу жайларда дүрбөлөң түшкөн маанайды эч байкаган жокпуз. Шаар тургуну Марат:

- Доллар кымбаттаган сайын бардык товарларга баа өсөт да. Автоунаалардан тарта азык-түлүккө чейин кымбаттайт деп жатышат. Чынын айтсам бир аз кыжаалат болуп турам.

Бишкек шаарынын башка бир тургуну Оксана:

- Базарга барсаң азык-түлүк кымбаттап эле жатат, үстүнө акчаны көп кошуп жатканын айтсам сатуучулар доллар кымбаттаганын айтышат. Долларга шылтап, бардык нерсе өсө баштады.

Биз бир нече акча алмаштыруучу жайларга да баш бактык, бирок алар доллар таңсыктыгы күч деген сөздү четке кагышты. Бирок Кыргызстандагы ири банктардын бирине телефон чалганыбызда насыя боюнча адиси аталган банк кыргыз сому менен насыя берүүнү токтотуп коюшканын айтты:

- Доллар менен насыя беребиз, бирок сом менен берүү токтоду. Бул банк жетекчилигинин чечими.

Бул улам куну түшүп бараткан улуттук валютанын турумуна банктар да чочулап, кандай болуп кетээр экен деп түкшүмөлдөп турушканынан кабар берет. Буга чейин Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш учурда валюта рыногундагы дүрбөлөңгө жана кызыл кулактыкка жол бербөө үчүн Улуттук банк үзгүлтүксүз көзөмөл ишин күчөткөнүн айткан эле.

Санкциялардын эпкини

Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров мунун баары Украина окуясынан улам Батыштын Орусияга киргизген санкцияларынын кесепети Кыргызстанга да тийип жатканын далилдейт дейт:

- Биздин соодадагы башкы өнөктөшүбүз - Орусия. Керек болсо мигранттардын да акча которуусу азайып кетти. Кыргызстанга келчү түз инвестиция да болжол менен 30 пайызга кыскарды. АКШнын аскер базасын да чыгарып жибердик, андан да валюта келип турчу, эми ал да жок. Ушинтип валюта агымы азайган сайын сомубуз алсырап жатат.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Улуттук банк болсо 2014-жылдын башынан бери 331 миллион доллар рынокко интервенция жасалганын айтып, эксперттерди элди дүрбөлөңгө салчу маалымат таратууда этият болууга чакырууда.

"Анткен менен доллардын наркы жогорулаган сайын сыртта кымбатчылык өкүм сүрүп, тамак-аштан тарта, күйүүчү май, кийим-кечеге чейин баалар өсө баштады", - дейт Акылбек Жапаров:

- Өкмөт азыр Казакстандан буудайды долларга эмес, өзүбүздүн фермерлерден кыргыз сомуна сатып алып, мамлекеттик резервге чогултуш керек. Сомду бекемдеш үчүн өкмөт өзүбүздүн товарларды сатып алышы зарыл. Кыйын абалга кептелип баратабыз, өкмөт колунда жокторго каралашып, өзүнүн чыгымын кескин азайтыш керек.

Ошол эле кезде доллардын өсүшү бул сезондук гана кымбаттоо экенин айтып, жакынкы айларда доллардын куну түшүп, турукташат деген эксперттер да жок эмес. Кантсе дагы Украина кризисинен улам киргизилген санкциялардын айынан орус рублинин алсызданышы катардагы кыргызстандыктардын да капчыгына залакасын тийгизип жаткандай.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG