Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Ош: мушташта атылган октун жаңжалы


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында жол талаша кеткен эки айдоочу мушташып, алардын бири - милиция кызматкери кызматтык куралын колдонгон.

Куралдуу окуя 20-октябрь күнү кечки саат жетилер чамасында Ош шаарынын Нурматов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Териштирүүлөрдөн соӊ, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери жөнөкөй айдоочу менен жол талашып чырдашканы, натыйжада өзү токмок жеп, айдоочунун жүргүнчүсүнө карата курал колдонгону аныкталган. Учурда кызматтык куралы менен жүргүнчүнү аткан милиция Ош шаардык ооруканасынын мээ хирургиясында дарыланып жатат. Ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Аны карап жаткан апасы Мактым Жусупмаматова тартип кызматкерин көчө балдары токмоктоп кеткенине кейип турган экен.

- Милицияда иштеген, эл коргогон адамды көчөдөгү балдар токмоктоп кете берсе жакшыбы? Эл үчүн кызмат кылгандарды көчөдөгү балдар тебелеп-тепсеп кете берсе эмне дейбиз? Анда бизди ким коргойт?

Милиционер Бакай Жусупмаматов.
Милиционер Бакай Жусупмаматов.

Милициянын куралынан жабыркаган Адилет Жумагулов болсо ошол замат кармалып, Ош шаардык ооруканасына айыпкер катары жеткирилген. Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Адилет Жумагуловго карата «бийлик өкүлүнө кол көтөргөн» деген айып тагылганын билдирди:

- Алар милиция кызматкеринин куралын тартып алууга аракет кылып жаткан учурда ок чыккан. Ок кол салып жаткан балдардын биринин бутуна тийген. Ошого карабай кал салган балдар куралды тартып алышып, из жашырууга аракет жасашкан. Бирок дароо жетип келген ыкчам топтун аракетинин натыйжасында, 1988-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалган. Учурда бул жигиттин үстүнөн «бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөткөн» деген айып тагылды.

Бирок милициянын кызматтык куралынан сол бутунан жаракат алган Адилет Жумагулов өзүнө тагылып жаткан айыпты четке кагууда. Анын айтканына караганда, ал өзү айдоочу эмес, жүргүнчү болгон жана ошол күнү курдаштары менен башка бир досунун тоюна бараткан. Эки айдоочу теӊ жолдун ортосуна унааларын токтотуп, мушташа кеткенде ал ажыратууга барган. “Ошол кезде жыгылып жаткан Бакай Жусупмаматов тапанчасын алып чыгып, атып жиберди”,- дейт Адилет Жумагулов.

- Анын формасы жок экен. Күбөлүгүн да көрсөткөн жок. Мушташ учурунда мен милиция кызматкеримин деп да айтпады. Ошол жерде кыйкырышып, менин досум экөө жулмалашып жатып калышты. Мен аларды ажыратууга бараткан учурда атып жиберди. Тапанчасы атылып кеттиби, же өзү атайылап аттыбы, билбейм. Мага тагылып жаткан айып негизсиз. Себеби, мен өзүм окуядан жабырланып атам. Менин ал кызматкерге колум тийген жок.

Бутуна ок тийген Адилет Жумагулов.
Бутуна ок тийген Адилет Жумагулов.

Учурда милицияны токмоктогон айдоочу качып кетип, кармала элек. Бирок ал дагы милициянын токмогунан куру калбаганы айтылууда. Ага карата Ош шаардык милициясы издөө жарыялады. Ал эми бутуна ок жеген Адилет Жумагулов бул кокустук же атайлап жасалган аракет экенине карабай, милиция кызматкери жоопко тартылышы керек деген пикирде:

- Менин оюмча, милиция кызматкерлери ок атуучу куралды колдоно турган учурлар болот. Бул атайын кылмышкерди кармоо иш-чарасы эмес да. Адамдар көп, машиналар ары-бери өтүп жаткан жерде жөн эле эки шоопур урушуп кетсе, курал колдонгонго анын акысы жок деп эсептейм. Ок жүрөгүмө же жөн эле көчөдө бараткан адамга тийсе эмне болмок? Мен анын тапанчасын көрүп, дагы бирөөнү атып салбасын деп, ары жакка ыргытып жибергем. Ошол жерде ал бизди же башканы атып салышы мүмкүн эле.

Ок жеген Адилет Жумагулов буга чейин укук коргоо органдарындагы атайын даярдыктагы топто бир жарым жыл иштеген экен. Окуяны учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергеп жатат.

Бул арада милиция кызматкерлеринин жүрүм-туруму коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева бул окуяны прокуратура иликтеп, калыс, укуктук баа бериши керек деген пикирде:

- Биринчиден, милиция кызматкерлери коомдук жайларда форма кийип же төш белгисин тагынып жүрүшү керек. Экинчиден, биздин милиция тартипти сактайбыз деп, чектен чыгып кетти деп ойлойм. Эмне үчүн милиция кызматкери табелдик куралын форма кийбестен алып жүрөт? Эмнеге өзү аралашкан мушташка кызматтык куралды колдонушу керек? Курал пайдалануунун максаты ушубу? Бул нерсе милицияда тартиптин, жоопкерчиликтин жоктугунан кабар берет.

Бул окуяга чейин Ош облустук жана Кара-Суу райондук милиция жетекчилеринин мушташкандыгы тууралуу имиштер тарап, ал тууралуу коомчулуктун талкуусу басыла элек болчу.

XS
SM
MD
LG