Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

“Ар-намыс” Максүтовго маданиятты ыраа көрбөй жатат


"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов.
"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов.

"Ар-намыс" фракциясы Маданият, маалымат жана туризм министрине талапкер катары көрсөткөн Алтынбек Максүтов боюнча чечимин өзгөртүп, өкмөт башчысына дагы бир талапкерди сунуштады.

Таанышы жокко дагы жок...

Фракция өткөн жума күнү Маданият министрлигине ондон ашык талапкердин ичинен көпчүлүк добуш менен Алтынбек Максүтовду бул орунга бекитүүнү өкмөткө сунуштамак. Бирок “арнамысчылар” бул жумада пикирин өзгөртүп, Максүтов менен кошо Улуттук китепкана башчысы Жылдыз Бакашеванын талапкерлигин да карап көрүүнү өкмөт башчыга сунуштады. Фракция лидери Феликс Кулов мындай чечим өкмөт башчыга тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн кабыл алынганын билдирди. Бирок депутат Каныбек Иманалиев фракция маданият министрине Максүтовдун гана талапкерлигин көрсөткөнүн, Бакашева боюнча эч кандай чечим болбогонун айтууда.

- Фракциянын атынан өкмөткө экинчи талапкерди да колдойбуз деген кат кетиптир. Бирок фракция мындай чечим алган эмес. Ким жаздырганын билбейм. Бул ортодогу интрига. Азыр аппараттык деңгээлде оюндар болуп жатат. Максүтовго бут тосуу бүгүнкү системанын жүзү. Бийликте таанышы бар адамдар Алтынбек Максүтовго ачык эле бут тосуп жатышат. Фракция тандоосунда 2-орунду алган талапкерди министр кылабыз деген логикага да, ыйманга да сыйбайт. Эгер Максүтов министрликке бекибесе өкмөт да, парламент да принциби жок экенин даана көрсөтет.

Алтынбек Максүтов.
Алтынбек Максүтов.

“Азаттыктын” өздүк булактарына таянсак, өкмөт башчы жана маданият тармагын тескеген вице-премьер-министр Алтынбек Максүтовго “сени эл тааныбайт экен, 200 маданий ишмерден кол топтоп кел, Жылдыз Бакашева министр, сен орун басары болуп иште” деп кеңешин айтат. Муну уккан маданият кызматкерлери 200 эмес, 600дөн ашык кол топтоп, атүгүл өкмөт үйүнүн алдына Максүтовду колдоо акциясын да өткөрүп жиберишет. Өздүк булак берген маалыматты маданият министрине талапкер Алтынбек Максүтов да тастыктады:

- Ушундай сөздөр болду, ким экенин айтпай эле коеюн. Мурда-кийин саясатка аралашпагандан кийин мунун баары процедура боюнча болуп жаткан иш экен деп ойлодум. Мен болсом министр болом, болбосо филармониядагы ишимди улантам. Эгер менин ордума татыктуу бирөөну мыйзамдуу жол менен тандашса унчукмак эмесмин. Бирок тандоого катышып, жеңип чыккандан кийин аягына чейин турам. Менин да маданият үчүн жасай турган көптөгөн пландарым бар.

Маданият ишмерлеринин Алтынбек Максүтовду колдогон акциясы. 24.09.2014.
Маданияттын ыйы жана ыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Маданият министри Бакашева болобу?

“Ар-намыс” фракциясы 19-сентябрда өткөргөн тандоонун экинчи туруна Максүтов менен кошо Жылдыз Бакашева жана эстрада ырчысы Урмат Усенов да чыккан. Бул тандоодо 2-орунду алган Бакашева министрлик кызматка ашыгып жатат деген маалыматтын чын-төгүнү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты:

- Мен бул боюнча эч кандай комментарий бере албайм. Азыр конференция өткөрүп жүрөм.

Өкмөт үйүнүн алдында өткөн Максүтовго бата берүү иш-чарасына катышкан кинорежиссер Темир Бирназаров эгер өкмөт тааныш-билиши жок талапкерди колдобосо, маданий ишмерлер нааразылык акциясын улантарын айтууда.

- Эми бул жерде фракция бөлүнүп-жарылып, ар ким өз адамын түртүп жатат. Алар карапайым талапкер колдоо табат деп ойлошкон эмес. Алтынбектин эч нерсеси жок да. Жадагалса колдогон атасы да жок. Бирок маданий ишмерлер тармакты түшүнгөн адам катары аны аягына чейин колдойт.

Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин процедура боюнча өкмөт башчысы колдоп, парламент бекитет. Премьер-министр фракциянын чечимин четке кага алат. 42 жаштагы Максүтов буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда көркөм жетекчи болуп иштеп келген. Ал коомчулукка эл аралык “Кийиз дүйнө” фестивалынын, “Макал Арт” чыгармачыл тобунун уюштуруучусу жана жакында өткөн “Көчмөндөр оюнунун” башкы режиссеру катары белгилүү. Мурдагы министр Камила Талиева 16-сентябрда кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG