Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Орто-Токойдун суусу “ооп” кеттиби?


Орто-Токойдогу суунун 25 пайызы Казакстанга кетет.
Орто-Токойдогу суунун 25 пайызы Казакстанга кетет.

Чүй өрөөнүндө сугат суусунун таңкыстыгы күч алууда. Буга Орто-Токой суу сактагычында суу кескин азайышы себеп болгон.

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев бул жагдайды суу чарба департаментинин жетекчилери менен жабык талкуулап, сугат суусун үнөмдөп пайдалануу чараларын бекитти. Айыл жана суу чарба министрлиги суу сактагычтагы суунун кескин азайышын кургакчылык менен байланыштырды. Суу чарба жаатындагы адистер болсо Орто-Токойдогу суу ченемден ашык коңшу Казакстанга агызылган деп түкшүмөлдөшүүдө.

Өкмөт шашылыш чара көрүүгө чакырды

Жыйынга айыл жана суу чарба министрлигинин тиешелүү жетекчилери чакырылып, Чүй өрөөнүндөгү суу таңкыстыгын жөнгө салуу маселеси талкууланды. Анын жыйынтыгында Чүй өрөөнүндөгү сугат суусуна муктаж болгон Жайыл жана Панфилов райондорун үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо чечими кабыл алынган. Ошондой эле Орто-Токой суу сактагычындагы сууну муктаждыкка жараша үнөмдөп пайдалануу маселеси көтөрүлгөн.

Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев тоют өсүмдүктөрүн жана кызылчаны сугарууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды:

- Чүй облусунда суунун тартыштыгы быйыл өзгөчө катуу байкалды. Орто-Токой суу сактагычында суунун көлөмү аз бойдон калууда. Ошондуктан суу коё берүүдө атайын чектерди сактоо менен артыкчылыктуу багыттагы беде, жүгөрү жана кызылча аянттарын сугарууга көңүл буруу зарыл. Ошондуктан ар бир литр сууну үнөмдөп, сарамжалдуу пайдалануу боюнча айтылган чараларды аткарууну талап кылам.

Орто-Токой суу сактагычындагы суу таңкыстыгына байланыштуу маселе кошуна Казакстан менен байланыштуу болгондуктан аталган жыйын жабык өттү. Анткени андагы суунун 25 пайызы Казакстандын айдоо аянттарына жумшалат. Өкмөттүн маалымат кызматы жыйында суу сактагычтагы сууну үнөмдөө жагы айтылганы менен Казакстанга берилчү суунун көлөмүн чектөө жагы каралбаганын билдирди. Адатта Орто-Токой суу сактагычына 470 миллион кубометр суу толчу. Бирок быйыл ал көрсөткүч 17 миллионго чейин түшүп кеткен.

Коңшуларга сууну какшыта агызышканбы?

Айыл жана суу чарба министрлиги муну кургакчыл мезгилдин башталышы менен түшүндүргөн. Бирок айыл жана суу чарба жаатындагы адис Жамин Акималиев суу сактагычтагы суунун кайсы бир бөлүгү ашыкча агызылган деп түкшүмөлдөйт:

- Кандай жыл болгондо дагы Орто-Токой суу сактагычы биздин Сары-Өзөн-Чүйдү суу менен камсыздап келген. Быйыл жазында анда жакшы эле суу чогулуп турган болчу. Анан эле июнь айынан баштап суунун көлөмү кескин азайып, ушул күнү түбүнө түшүп кетиптир. Жылда чогулган 470 миллион суу каякка агып кетти? Кургакчылык болгондо, бууга айланып асманга чыгып кеткенде дагы мынча суу жок болуп кетпеш керек эле да. Бул акылга сыйбаган иш. Бирөө сууну башка жака сатып, уурдады деп айта албайм. Бирок эрте түгөнүп, анын башка жакка агызылганы ачык эле көрүнүп турат.

Кечиккен чаралар, кемиген түшүм

Быйыл Чүй өрөөнүндөгү сугат суусунун таңкыстыгы түшүмдүүлүккө таасир этүүдө. Анткени сугат мезгили катары саналган май-июнь айларында айдоо аянттары суунун таңкыстыгына тушуккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев өкмөт бул маселени бир топ кечигип караганын айтып, сугат мезгили өтүп кеткен соң Орто-Токой суу сактагычындагы кырдаал боюнча чара көрүүнүн эми пайдасыздыгын сынга алды:

- Орто-Токой суу сактагычын сугат мезгилинин башында ачып салып, суунун бардыгы Казакстанга кетти да. Анан эми өкмөттүн суунун үнөмдөйлү дегени эмнеси? Кошуна болгон соң, ал жак менен кеңешип сүйлөшүп, ал жака берилчү суунун көлөмүн ачык макулдашса болот эле го. Анан эми сугат мезгили өтүп кеткен соң анан артынан кыйкырып, жабык жыйын өткөрүүнүн кереги бар беле? Анысы эми суунун агымын азайтсак, кошуналар капа болбойбу деген маселени талкуулаш үчүн болсо керек.

Сугат суусунун таңкыстыгынан улам Чүй облустук суу чарба департаменти баш калаанын гүлбактарына суу берүүнү үзгүлтүккө учураткан. Анын айынан Бишкектеги бак-дарактардын бир тобу куурап, көк майсаңдар (газондор) топонго айланган учурлар аз эмес. Айыл жана суу чарба министрлиги Чүйдөгү айдоо аянттарына суу жетпей жаткандыктан Бишкектин гүлбактарына суу берүү үзгүлтүккө учураганын билдирген болчу. Сугат суусунун таңкыстыгынан улам жакында дыйкандар тобу кетмен-күрөгүн көтөрүп, Ак үйдүн алдына нааразалык акциясына да чыккан.

XS
SM
MD
LG