Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Кочкордогу сырдуу жырткычтын дүрбөлөңү


Кочкор району
Кочкор району

Нарындын Кочкор районунда малга кол салган белгисиз жырткыч жаныбарды эл да, жергиликтүү бийлик да так аныктай албай жатат.

Белгисиздиктен улам интернеттеги социалдык тармактарда кан соргуч же чупакабра пайда болуптур деген маалымат тарап кетти.

Район акими Жылдызбек Шералиев же чөөгө, же итке окшобогон жырткычтан төртөө атылып көмүлгөнүн билдирген эле. Алардын чөнтөк телефонго тартылган сүрөтүнөн ит сымал жаныбардын сөөгүн көрүүгө болот.

Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов мындай деди:

- Мергенчилер бул жаныбарды ит эмес дейт. Биздин айылдан 30ка чукул майда жандык чыгым болуп кетти. Айыл өкмөтү тарабынан ким ошол жаныбарды атып келсе 5000 сом сыйлык койдук.

Атылган жаныбарлар экспертизага жиберилбей эле көмүлгөн. Жергиликтүү тургун Улан түн ичинде төрт койун тиштеп өлтүрүп кеткенин айтат:

- Тамактан алып, куйруктарын жеп кеткен. Ал эми козунун башын оюп кетиптир. Таңга маал чыксам кара ит сыяктуу жандык жеп жатыптыр, мени көрүп дубалдан секирип качты .

Жалпысынан ондон ашык кой-козу жана 20дан ашуун тоок зыянга учурады. Жырткычты так даана көргөн эч ким жок. Түн ичинде чала-була көрдүм деген жергиликтүү тургун Насыйкат буларды айтты:

- Мен аны даана ачык көргөн жокмун. Түндө чыксам эки кара неме тоокторду жеп жатыптыр. Мени көрүп качып кетти. Эртеси дубалда үч тырмактын изи калыптыр.
Жергиликтүүлөр телефонго тартып алган сүрөт
Жергиликтүүлөр телефонго тартып алган сүрөт

Райондук аңчылык департаментинин өкүлү Арзы Жолдошов шектүү жырткыч деп атылган иттер кадимки жолбун ит экенин белгилеп, интернетте тараган маалыматты төгүндөдү:

- Эски көрүстөндөн жетөө атылды, экөө иттен башкача экен дешкен. Аларды көмүп салыптыр, ачтырууга мүмкүндүк болбой жатат. Бирок азыр сураштырсак кадимки эле ит экени айтылды.

Учурда милициядан жыйырмадай кызматкер, 6-7 мергенчи шектүү жаныбардын изин табуу менен алек. Мергенчи Жолдошбек күнү-түнү аңдып жатабыз, бирок шектүү жандык көрө элекпиз дейт:

- Биз кечээ кечке аңдып жаттык, бирок андайды көрө алган жокпуз. Аң-сезими күчтүү неме дейт го.

Айыл ичи уу-дуу түшүп, белгисиз жырткычтын кебин куруп турган кези. Элеттиктердин чет өлкөдөгү туугандарынан бери чалып жатканы бар. Райкан апа кечкисин сыртка балдарымды чыгарбай калдым дейт:

- Элден эле угуп жатабыз малга кол салганын. Кечкисин сыртка чыкпай калдык. Коркуп жатабыз майда балдарга тиеби деп.

Эл ичинде белгисиз жандыктын алдыңкы буттары кыска, арткылары узун келип, чөөгө окшошуп кетет экен деген кеп жүрөт. Ал ит менен чөөнүн же бөрү менен чөөнүн ортосунда пайда болгон бир жандык болушу мүмкүн деген божомол да бар. Болгону түн ичинде кой, тоок тиштелип өлүп жатканы уланууда.

Райондук ветеринардык департамент кой дароо көмүлгөнүн, эл ичинде айтылгандай канын соруп кетип жатат деген кеп аныкталбаганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG