Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

Алайдагы беткапчандарга кылмыш иш козголду


Алай, 2-июнь, 2014
Алай, 2-июнь, 2014

Милиция маалыматы боюнча буулуп турган Ош - Эркеч-Там жолунда 10 чакты атчандын кол салуусунан төрт адам жабыркады.

3-июнда интернетке жарыяланган видеотасмада бети чүмбөттөлгөн 10 чакты атчан киши союл менен жол жээгиндеги автоунааларды, адамдарды омуроолоп жатканы чагылдырылган. Тасманын орто ченинен беткапчандардын буулган жолдогу кишилерди ат менен жөөлөп, таяк менен чапкылаганын көрүүгө болот.

Атчандардан төрт адам жараат алды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев бул окуядан 4 киши жабыр тартса, алардын экөө УКМК жана милиция кызматкери экенин тастыктады. Анын ырасташынча бети чүмбөттөлгөн атчандар Алайдын ар кайсы айылдарынан келген.

- Азыр атчандардын кол салуусу боюнча иликтөө жүрүп жатат. Жалпысынан 4 адам жараат алган. Алардын ичинде милиция кызматкери Алмазбек Маматовдун абалы оор. Аны атчандар тепкилеп, ур-соккуга алган. Натыйжада мээси чайкалып ооруканада.

Ашырбаев кошумчалагандай аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда атчандардын ким экенин аныктоо жүрүүдө. Буга чейин жол тоскондорго карата "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү", "өзүм билемдик жана зөөкүрлүк" беренелери боюнча 2 кылмыш иши козголгон жана 20 административдик жаза чектелген.

Жол тоскондорго кысым болуп жатабы?

Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там жолун бууп турган тарапкерлери эч ким милицияга кол салбаганын айтууда. Алар бул окуяны бийликтин атайын уюштурган чагымы деп атоодо. Өзүн Келдибековдун карындашымын деп тааныштырган Чынара Белекбаева буларды билдирди:

- Бул жалган. Милиция кызматкерлерин эч ким сабаган жок. Алар буга чейин деле арабызда жүргөн. Бирок биздин балдар жарандык кийимчен органдын кызматкерлерин кетип калгыла десе болбой койгондо ат менен кубалашкан. Алар бийлик тараптан кысым болбошу үчүн беткап кийип алышкан. Болбосо башка айылдардан келген атчандарды акимиаттын кишилери пенсия, жөлөкпулдарды кыркабыз деп коркутуп жатышат.

Ош - Эркеч-Там жолун бууп тургандарга карата коомчулукта пикир бир кылка эмес. Мындан мурдараак жол тоскондордун “кара жорго” бийлеп жатканы тартылган видеотасма да талаштуу ойлорго жем таштаган. "Жол тоскондордун акыркы аракеттеринен басмачылыктын айрым элементтерин байкоого болот" деген пикирин коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов ортого салды:

- Эми бул кейиштүү көрүнүш. Бир нерсе болсо эле жол тосуу туура эмес. Ушинтип отурсак тартип деген болбойт. Чоң казатка аттангансып жолдо турганыбызды актоого да, жактоого да болбойт.

Жол тоскондордун бири Адалат Майрачева бийлик эл үнүн укпай жатканын, Акматбек Келдибеков үй камагына чыгарылмайын жол ачылбасын айтат:

- Биз оорулууларды, зарыл иши барларды тоскон жокпуз. Ары-бери өтүп эле жатышат. Биздин талап дагы деле күчүндө. Жок дегенде ден соолугун чыңдап алгыча бир-эки ай үй камагына чыгарышсын.

Депутат Келдибековду үй камагына чыгарууну талап кылгандар Ош - Эркеч-Там жолун Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери тосуп турушат. Милициянын маалыматы боюнча жол тоскондордун саны 120нын тегерегинде, ал эми Келдибековдун тарапташтары алардын саны 700гө жеткенин айтып келишет.

Жолдо турган автоунаалардын саны 100дөн ашат. Бажы кызматы жол тосуудан мамлекет 110 миллион сом зыян тартканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG