Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 16:14

Эркиндик

Базар-Коргондогу кандуу окуяга укук коргоочунун тиешеси барбы?

Ноокен райондук сотунда арасында адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров болгон сегиз адамдын кылмыш ишин кароо 6-сентябрда улантыла турган болду. Базар-Коргондо 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча айып тагылгандардын сот иши кечээ башталды.

Базар-Коргондогу кандуу окуя боюнча Ноокен районунда башталган сот
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Соттун жүрүшүндө жабырлануучулардын басымдуу бөлүгү соттолуучу сегиз киши Базар-Коргон районунда болгон окуяларга катышкандыгын жана “Ош- Бишкек” жолуна топтолгон 500-800 кишини улуттар аралык касташууга үндөгөн инсандар толук кармалбай калгандыгын билдиришти. Кармалгандарга адам өлтүрүүгө жана баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар деген айыптар коюлган.

Мамлекеттик айыптоочулар сотто угузган айыптоолорго караганда темир союл, жасалма найза, канжар, жардыргыч заттар менен куралданган адамдар 13-июнда аларды тартиптүүлүккө үндөп, “Ош- Бишкек” жолун ачууга чакырган райондук тартип сакчыларга кол салган. Натыйжада куралсыз 15 милиционер жабырланган. Денесине 28 ирет темир шиш сайылган милициянын капитаны М. Сулайманов өлтүрүлүп, өрттөлгөндөн кийин жол четине сүйрөлүп ташталган. 

-  Милиция кызматкерлерине Карабаев менен Аскаров "милиция башчысын кармагыла, калгандарын өлтүргүлө “ дегенден кийин зомбулук башталган. Базар- Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспектору милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановду кармап алышып, ал жыгылып калганда өзгөчө мыкаачылык менен, анын алсыз экенин билип туруп, улуттар аралык көрө албастыктын негизинде ... Базар-Коргон райондук издөө - иликтөө тобунун иш- аракети менен М. Сулаймановдун өлтүрүлүп, бети-башы таанылбай, буту-колу күйгөн абалында “ Ош – Бишкек” трассасынын жанындагы “ Садык” чайканасынын батыш тарабынан табылган,-деп сүйлөдү сотто мамлекеттик айыптоочулардын өкүлү Төрөбек Кожошев.

Мындай айыптарды башка соттолуучулардай эле укук коргоочу Азимжан Аскаров да мойнуна алган жок. Жабыр тарткан тартип сакчыларынын ар бири укук коргоочу жол тоскондорго көрсөтмө берип тургандыгын айтып жатышты. Азимжан Аскаров аларга узаткан суроолорунда милиционерлер күбөгө тарткан далилдер курулай доомат жана окуя болгон күнү “ Ош – Бишкек” жолунда болбогондугун бир нече ирет тастыктоого аракет кылды. 

Азимжан Аскаров ушу тапта 59 жашта, төрт баланын атасы. Бир нече жылдар мурун өзү түзгөн “ Аба” аттуу жоопкерчилиги чектелген уюму аркылуу жарандардын укугун коргоп, тартип сактоо кызматындагы мыйзамсыздыктардын бетин ачып турган.

- Кудайдан корксоңорчу, эй милисайлар! Жалган сүйлөп эмне кыласыңар, туурасын айтсаңарчы! Мен бирөөсүн да мойнума албаймын. Мага бул жерде доомат уюштурулуп жатат. Мен ал жерде болбосом, кантип мойнума аламын? ( сотто көрсөтмө берген жабырлануучу 14 милиционердин бирине кайрылып) Сиз мени кандайча көргөнсүз? Болбосо Мишаны да чакырыш керек да, ал дагы көргөн болсо ...

Милиционер: - Мен сизди ошол жерден көргөнмүн, Мишаң качып жүргөн болсо,-деп жооп берди.
 
Президент Р. Отунбаева милициянын капитаны М. Сулаймановдун арбагына бата кылганы Базар - Коргон районундагы Кызыл ай айылына баргандагы сүрөт.Мында солдон экинчи калпакчан баланын жанында турган кара жоолукчан аял - М. Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова. Ал эми оңдон биринчи - анын кайын энеси, М. Сулаймановдун апасы, анын жанында Р.Отунбаева
Жабырлануучу Чынара Бечелова күйөөсүнүн үнүн акыркы жолу 12-июнь түнү уккан. Базар-Коргондогу 41 жаштагы участкалык милиционер М. Сулайманов телефон аркылуу ага район борборунда кырдаал кооптуу болгону менен тынчсызданууга негиз жок экендигин билдирген. Төрт баланын энеси Чынара район борборунда жубайын издеп жүрүп, анын набыт болгонун 13-июнь күнү кайнисинен уккан. Чынара жана анын кайындары сотто ачууга алдырып да жатышты:

- Мен “Мыкын кана?” - деп кыйкырсам, эч кимиси эч нерсе дебей эле азыр келет, азыр апкелет дешти. “ Мыкын кана, каякта? Деп мен РОВДнын жанында кыйкырып жүрдүм. Кайним келип ичине кирип кетти. Анан кайнима айтышыптыр. Кайним сыртка чыгып, жеңе жүрүң деди, эмне болуптур десем, шундай- шундай дейт. Сыртка чыгып, скорыйдан эшигин ачышты. Ошо скорыйда жатыптыр Мыкын.....( бышактап ыйлайт).

Айыпталуучу Мухаммад Кочкаров коркутуу болгондуктан, автомат менен урушкандыктан коюлган күнөөнү мойнуна алууга мажбур болгонун айтты. Бирок ал коркутуу кимдер тарабынан болгонун ачыктаган жок. Иштин бул жагына жактоочулар деле кызыгышкан жок: 

Өзбек улутундагы милиционер Абдрасул Хайдаров соттолуучулар боюнча көрсөтмө берип, укук коргоочу А. Аскаровдун колунан видео тасманы көргөндүгүн күбөгө тартты:

- ( А. Аскаровго кайрылып) Өзүңдүн алдында, өзүңдүн жаныңда турган болчу. Өзбекче айтайынбы сага, жаныңда турган. Мен сени өз колум менен кармап алганымда, эмне кылаарды өзүм билет болчумун.

Жактоочу Абдимиталип Абдулакимовдун айтымында тергөө бир тараптуу гана жүргүзүлгөн, жабырануучу милиционерлердин макулдашып алышкан. Сотто жактоочулардын соттолуучуларды Базар-Коргон районунан башка жайга которуу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган жок. Адвокаттар бул жердеги соттолуучулар олтурган убактылуу кармоо жайын райондук тартип сакчылардын кайтарышы ишенбөөчүлүктү жаратып жатат дешти. Адвокаттын болжолунда 6- сентябрдагы сотто күбөлөр менен бирге соттолуучулар суралышы мүмкүн:

-Милициянын 15 кызматкери барганбыз деп атат. Алардын бирдей көрсөтмө берилишине сот тарабынан сын көз менен каралат, ага сындуу баа берилет деп биз сотко ишенебиз . Жабырлануучулар бардыгы Азимжан Аскаров ошол жердеги адамдарды башкарып, “милиция башчысын барымтага алгыла , калганын өлтүргүлө” деп бирдей көрсөтмө берип жатышат. Азимжан Аскаров күйүп- жанып, куран менен, нан менен, ал үчүн ыйык болгон бардык нерселер менен карганып, 13- июнда ал жерде эл арасында болбогонун сотто көрсөтмө берген жабырлануучуларга суроо берип айтып жатат да. А.Аскаров ага коюлган он кылмышты эч нерсе менен далилденбей турганын сотто көрсөтүп атат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Сезим каяктан: Ош
06.09.2010 12:05
Кыргыздар качан гана Мыйзамды сыйлап жашаганда гана жашоо онолот. Тушунсо-тушунбосо да бешиктеги баладан тартып 90 чыккан карыяга чейин саясатка аралашып, уйундо небере багып балпайып отурбай,уул-кыздарын акылга чакыруунун оордуна баласы менен тен милициянын жакасына асылып,погонун жулган, саксандап митинг,пикетте акча иштеп жургон дежур аялдар тыйылса Кыргызстанда тынчтык,береке болот. Кайсыл заманда 50дон ашып 70ти чапчыган кыргыз энелерибиз арака мас болуп митингдерде бакырып, кыйкырып журчу эле? Курманжан Датка энебизби? же улуу Уркуя энебизби? Айнанайын кыргыз энелер-эжелер акыл менен иш жасап,андан коро балдарыбызга жакшы тарбия бербейлиби? Сиздер анкылдап кочодо журсонуздор балдар кандай улгу алат? Эмнеге "дежур" аялдар муну ойлобойт. Дуйного уят болуп буттук го. Бизде демократия эмес эле анархия болуп кетти го. Качан биз онолобуз качан? Дагы 20-30-40-50 же 100 жылдан кийинби? Мындай пейилибиз менен омуру онолбойбуз го сыягы. Башка мамлекеттерди карап козун куйот,онугуп,элдердин жашоолору онолуп, балдарынан тартып кары-картандарына чейин мамлекетин,бирин-бири сыйлашат. Кыргыз качан ошол денгээлге жетет?

кимден: Улан каяктан: Иркутск
03.09.2010 22:06
Бул кишинин акталып кетишине мен эч кандай кепилдик бере албайм. Муну батыштын да, чыгыштын да правозащитниктери актап-жактай албайт. Надеюсь, биздин сот, прокурорлорубуз оздорунун профессиональный милдеттерин эн жакшы аткарышып бул ишти акырына жеткирип чекит (точка) коюшаарына тилектешмин

кимден: Бека каяктан: Чон-Алай
03.09.2010 21:02
шамал болбосо шыбактын башы кыймылдамайди азаттык ака азимжани куран м-н ойнобосун

кимден: Isken
03.09.2010 20:37
Биз баарына көрсөтүш керекбиз – Кыргыз мамлекетинде эң бийик нерсе – мыйзам!
Демек баары мыйзам четинде болуш керек!
Укук коргочүүбy, ажобу – кунөөсу аныкталса – мыйзам боюнча жаза алыш керек!
Бул адам боюнча, мен ойлом – күнөөсү аныкталган., демек соттош керек!
Терең урмат менен,

кимден: Кыргыз каяктан: жерден
03.09.2010 19:58
Эми баарыбыз озубуздун ишибиз менен эле журсок ушундай жаман нерселер болмок эмес....эми сот озунун ишин аткарсын....

кимден: Nur каяктан: Bishkek
03.09.2010 19:17
Бул жерде кимдики чын, кимдики тогун экенин билиш абдан кыйын экен.Куран менен, нан менен 59 жаштагы адам карганып жатса ойлондурбай койбойт.
Биздин соттор кыргыз, озбек деп улутуна эмес, адамдын терс жазаган ишине карата жыйынтык чыгарса эле болду.




кимден: Америкалык Кыргыздар. каяктан: UNITED STATES OF AMERICA.
03.09.2010 17:25
Укук коргочу болсо эле, периште болмок беле? Мисалы бизде америкада эн корунукту адамдарды президентен баштап губернатордлор кино жылдыздары.... укук коргочулар жана алардын уйбуло мучолоруно чейин жонокой болбогон талаш тартыш же кичинекей мыйзам бузулар учун сотойт, биз коб атактуу адамдарды коро шыпырып,мусорлорду тазалап,туалетерди жууп,кара жумуштарды жасап чон акча айып толошуп аткандарын жургондорун тв коробуз чириген бай болсо да мыйзамга баш ийет.Эгер адам олтурсо озгочо палицияны анда олум жазасынан качып кутула албайт,айрым штатарда оздорунун мыйзамдарына карата (смертная казнь через: электрический стул,повешаня,газавая камера,смертельная укол инекция,растрел) жазасын алат.Мен ойлойм кыргыз элинин намызы кучтуу азыркы жанжалда мыйзамдулукту катту кармап,кунолулорду жазасын берет!!!! Кыргызстандын ички иштерин озу чечиш керек! Озгочо эл аралык укук корго уйумдары бирдей-тен адилетулуко карабай, оздорунун бир жактуу чечимдерди чыгарып жанылышты! Эми ошол катасын кайталап оздорунун калегаларын коргоп аткандай корунуп атат" карга карганын козун чукубайт" орусча айткандай: ползуются служебной положением и мешают следствии и суду- болуп баратат окшойт?! Кыргызстанды бут дуйно карап атат,ошондуктан караны кара -агы ак деп таза мыйзамдулук болуш керек! Кунолулорду катуу жазаланышы керек! Биз силер менен АКШлык кыргыз жарандары!

кимден: бироо
03.09.2010 15:00
эмиии мындай, куноосу бар жогун сот чечсин. ал анын жумушу. Бирок... азыркы учурда бул ишти жон койбойт жанагы батыш деген немеси. Кокуй, бу шордуунун куноосу жок, кыргыз милисасы жондон-жон эле сабап муну кыйнап мойнуна алдырып атышат, бу киши укук коргоочу, элдин укугу учун журот деп кыйкырат. Кулкум келетта ушу фарсты коруп алып анан йылагым да келет. Натыйжада баягы эле кыргыз милисасы в дураках! эгер бул неме соттолбой Швецияга кетсе тан калбайм

кимден: бешкелтек каяктан: Билкек
03.09.2010 13:40
"Ууру тойгончо жеп,олгончо карганат". Укук коргоочу болсо оз укугун жакшы билет,эми озу коргону берсин.
"Азаттыктын" журналисттери,же силер "адвокат" болоюн деп жатасынарбы?.. Болбосо, сотто баардык ыйык нерселер:куран,нан кармап карганып жатат деген созунор эмнени канкуулайт? Тушунбой турам, же милициялар оздорно оздору кол салуу убштурушту беле? Журналисттик объективдуулукту кармансанар боло, бир жагына боор тартпай!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.09.2010 13:01
тиешеси бар учун журотта ошол жерде. жок дегенде косвенный. антпесе эл эмнеге жон суйлойт эле???
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive