Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Орго түрткөн оюндар, ойрон болгон тагдырлар


Кыргызстанда кумар оюндарына азгырылып, тагдыры ойрон болгон адамдар көбөйүп жатат. Ошол себептүү "Сезим” борборунун адистери өлкөдө мындай кумар жайларга тыюу салууга чакырышууда. Бул демилгени кумар оюндардан тагдырлары бузулган адамдардын жакындары биринчи иретте колдоого алышууда. Бирок мамлекеттин кумарканаларды тыйып коюуга азыр мыйзамдык жолу жок.

Оюн автоматтары, букмекер борборлору жана казино оюндары бирөө үчүн убакыт өткөрүү, бирөө үчүн эс алуу болсо бирөө үчүн көз карандылыктын бир түрү болгонсуйт. Бишкек тургуну Асел Айтпаева уулунун кумар оюндарына берилип кеткенин, баласынан тирүүлөй ажыраганын айтып кейийт:

- Мен баягы баламды жоготком. Оюндардан улам ал балам жок. Бирок үмутүмдү үзгүм келбейт. Мүмкүн мындай жайларга тыюу салып мамлекет жардам береттир. Баламды кайра кайтарып аламбы, алалбаймбы билбейм. Азыр үйдө жашабайт.
Мен баягы баламды жоготком. Оюндардан улам ал балам жок. Бирок үмутүмдү үзгүм келбейт.

Асел Айтпаеванын уулун бул көрүнүштөн алыстатуу үчүн кылган түркүн амалдарынан майнап чыккан эмес. Адистер букмекердик борборлор, казино жана автомат оюндары адамда бара-бара көз карандылыкты пайда кылаарын белгилешип, коңгуроо кагып келишет. Бул көз карандылык оюнчунун материалдык абалын, үй-бүлөсү менен болгон мамилесин начарлатат. Бишкектик психолог Нургүл Мусаеванын айтымында бул көрүнүштөн арылуу үчүн оюнчу биринчи кезекте оюнга көз каранды экендигин түшүнүшү керек:

- Оюнду көп ойногон балдар коомдо адамдар менен жакшы байланыш түзө албай калышы мүмкүн. Курчап турган айлана-чөйрөнү, социалдык чөйрөнү туура эмес, адекваттуу эмес кабыл алышы мүмкүн.


Кыргызстанда оюн автоматтары, букмекер борборлоруна барып, ага көзкаранды болгондордун саны өлкө боюнча көбөйүп жатканын “Сезим” кризистик борборунун адистери белгилешет. Алардын айтымдарында кумар оюндарынын айынан турак жайынан ажырап, карызга батып, жакындарынан тирүүлөй айрылган адамдар көп кайрылып жатат. Маалыматка ылайык, аталган борбор кумар оюндары ойнотулуучу жайларды жабуу боюнча кайрылуусун президент Роза Отунбаевага, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго, шаардык кеңештин депуттарына жолдошкон:

- Ушу соңку жылдары биздин борборго азгырма оюндардын азабынан үй-бүлөсүнөн ажырап, аябай көйгөй салып жаткан адамдардын жакындары кайрылып жатышат. Азыркы учурда буга коомго зыян келтирип жаткан маселе катары мамиле жасалбай жатат, тилекке каршы. Билип турсак деле, - дейт “Сезим” кризистик борборунун адиси Сүйүн Курманова.
Оюнду көп ойногон балдар коомдо адамдар менен жакшы байланыш түзө албай калышы мүмкүн.

Кыргызстанда кумар ойноочу жайлар ачыктан ачык иштесе коңшу Казакстан, Россия жана Украинада мындай жайларга тыюу салынган. Айрым өлкөлөрдө кумар ойноочу жайлар белгилүү убакта, белгилүү жерлерде чоңдор үчүн гана иштейт. Кыргызстанда болсо кумар оюндарына өспүрүмдөрдүн да аралашып кеткенин “Сезим” борборунун жаштар бөлүмүнүн адиси Урмат Насыканов белгилейт:

-Өзгөчө зоналарда болуш керек да. Мисалы, Америкада кандай кылып салган, Лас-Вегас деген шаар бар, аякта жаштарды киргизбейт. Аякта көп, игромания деген маселе бар, бирок, биздикиндей эмес да. Бизде кары жашпы бары эле эметип жатпайбы.

Учурда Бишкекте 45ке жакын оюн автоматтар залы бар. Жылдын башынан бери жети айдын ичинде бул жайлардан чогулган салык 34 млн сомго жеткен. Шаардагы казинолордон болсо жыл аягына чейин 220 миллион сомдон ашык салык казынага түшөөрү күтүлүүдө.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Муса Конуровдун билдирүүсүнө караганда кумар ойнолуучу жайлар Кыргызстандагы “оюн-зоок жайлары тууралуу атайын мыйзамга” ылайык иш алып барышат жана мындай жайларды толук түрдө жабуу мыйзамсыздыктын күч алышына алып келет:

- Эми толугу менен жабылбаса дагы кандайдыр бир иретке келтирүү жаатында мынча суммадан ашпаш керек деген талаптар менен чектөөлөрдү койсо болот. Бир нерсени жапса, экинчи жактан жарып чыгат эмеспи. Бир убакта Горбачев кургак мыйзам кылабыз деп арактарды токтоткондо ар бир эле үй арак заводу болуп кетпедиби, ошол убакта.


Ошентип кумар оюндарын ойногондордун жакындары мындай жайларга тыюу салуудан башка арга жок экендигин билдиришет. Бийлик өкүлдөрү болсо оюн борборлорунан казынага каражат түшүп жатканын айтышып, бул жайларга толук бойдон тыюу салуу жашыруун оюн борборлорун өстүрүп жибериши мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG