Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 16:17

Кыргызстан

Азаттык+: Кетпечи, өлкөгө жардам бер!

Кыргызстанда болуп өткөн эки ыңкылаптан кийин тең чет өлкөдө окуп жана иштеген кыргыз жаштарын мамлекеттик кызматтарга тартуу маселеси козголду. Бирок чет өлкөдөн тажрыйба топтогон мыкты адистер эмне үчүн Кыргызстанга келип иштөөнү каалашпайт?

Текст көлөмү - +

“Азаттык плюс” сыналгы программасы кезекти берүүсүн дал ушул темага арнап, жогорудагы суроого чет-өлкөдө иштеп келген жаштардан жана жергиликтүү активисттерден жооп издеди.

-Эмне үчүн кыргыз жаштары чет өлкөдөн билим алууга өзгөчө кызыкдар?

-Ыңкылаптан кийин келген жаңы бийлик сыртта иштеген иш билги адистерди тартууга кандай аракеттерди жасап жатат?

-Жаңы бийлик Кыргызстанда да Грузиядагыдай кадрдык реформа жасоого даярбы?

-Чет өлкөдөн такшалган жаштар өз өлкөсүнө кызмат кылуу үчүн кандай шарттар жетишсиз жана Кыргызстандагы айлык акы аларды канааттандырабы?

Ушул жана башка суроолорго “Айкөл-Эл” саясий партиясынын лидери Эдил Байсалов, эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков, Араб Эмиратында иштеп, 7-апрелден кийин Кыргызстанга кайтып келген “Азаттык плюс” телепрограммасынын продюсери Аида Касымалиева жана Чехиядагы абройлуу фирмалардын биринде эмгектенип, жакында эле Кыргызстанга кайтып келген программист Айбек Дунаевдер жооп беришти.

Кызыктуу теле берүүнү 19-июль, дүйшөмбүдө, кечки саат тогузда Улуттук Биринчи каналдан көрүңүз! 

 

 

 
Эгерде сиз “Азаттык плюс” сыналгы жана үналгы берүүлөрүнө ой-пикир, сунуш айтам десеңиз jashtar@azattyk.kg электрондук дарегине кат жазыңыз же (0312 ) 31 61 71 телефон номуруна коңгуроо чалыңыз!
 
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive