Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 16:11

Эркиндик

Чүйдө Бакиевдерди жоопко тартууну талап кылышууда

7- апрель күнү Чүй аймагынан каза болгондордун жакындары бүгүн убактылуу өкмөткө кайрылуу жолдошту. Кайрылууда “К. Бакиев жана анын жакындары тезинен сот жообуна тартылсын жана алардын камчысын чапкан кызматкерлер кайрадан кызматка алынбасын”,- деп жазылган.

Экс-президент К. Бакиевдин жоопко тартылбай чет өлкөгө чыгарылып кеткенине көп адамдар нааразы болуп жатышат
Текст көлөмү - +
Ошондой эле 7-8- апрель күндөрү Чүйдүн аймактарынан сабалып жана ок тийип каза болгон бейкүнөө тургундардын иши акыйкат териштирилсин деген талаптар да чүйлүктөр тарабынан көтөрүлүп жатат.

Кечээги маалымат жыйынында курман болгондордун жакындары жалпы чүйлүктөрдүн атынан убактылуу өкмөткө жана Орусия, Беларусия өңдүү бир катар өлкөлөрдүн элчиликтерине кайрылуу жолдошкондуктарын айтышты. Алардын бирден- бир талабы Бакиевдердин мыйзам чегинде жоопко тартылышы болуп турат.

Ошондой эле Чүй районундагы “Гаваи” кафесинин айланасында болгон окуяга карата калыс баа берүү жөнүндө маселе көтөрүлүп жатат. Себеби тополоң күндөрү “Гаваи” кафеси өрттөлүп, 4 адам каза болуп, 10 адам ооруканага жаткан. Учурда жараат алгандардын ичинен абалы өтө оор болгондору да бар.

Чүй облустук администрациясынын басма сөз кызматы 7-8- апрель күндөрү Чүй аймагынан каза болгондордун жана жараат алгандардын толук тизмесин тактап, жакындарына жардам көрсөтүү пландалып жатканы туурасында маалымат таратты.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: мен
20.04.2010 17:14
Бакиевдерди кармаш оной эле нерсе болсо эчак кармап келишмек.Кыргызстандын акчасынын баары ошолордун колунда болсо каалаганын жасап жатат.Бишкектин чеке-белиндеги жер басып алуунун артында да Бакиевдер,жер-жерлерде чыккан тополондордун артында да бакиевдер турат.Жалалабадды басып алышты автоматчандары жана ажылдаган аялдары менен.Казахстан,Узбекистан,Россия границаларды жапты.Айланайындар кое тургулачы кичине.Мамлекет жок болуп кетуу коркунучу турганда.Жер-жерлердеги тополондорду басып алгыча УОту колодоп туралычы.Антпесек согуш чгып кетбесин.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)