Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 16:13

Саясат

Чүйдө бийлик элдин колуна өттү

Чүйдүн Москва, Чүй жана Сокулук район борборлорунан нааразылык акциясына чыккандар райондук акимчиликтерди жана шаар башкармалыктарынын имараттарын ээлеп алышты. Айрым райондордо имараттар талкаланып, дүйкөндөр талоонго учураган жана айрым кафе, эс алуучу жайлар өрттөлгөнү туурасында да маалымат бар.

Текст көлөмү - +
Күндүзгү саат 11:00де Чүйдүн Панфилов, Жайыл, Москва районунан келгендер Беловодск айылынын борборуна, Кемин, Ысык- Ата, Чүй районунун эли Токмок шаарына жана Сокулуктуктар район борборуна Элдик курултай өткөрүшүп, бийликке карата төмөндөгүдөй талаптарды коюп жатышты.

- Бакиев бийликтен кетсин!
- Кыргызстандын бүт байлыгын, жерин сатышты. Мындай адамдар бийликтен токтоосуз кетиши керек.
- Биз өзүбүз кадр тандоону билбейт экенбиз. Эгер биз кадр тандоону билгенибизде Д. Үсөнов өңдүү шылуундарды кызматка алып келбейт элек.

Нааразылыкка чыккандар алгач жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнун эл тарапка өтүүсүн талап кылышканда, Сокулук жана Москва районунун акимдери тынч маанайда орундарын бошотуп беришип, чогулгандар өз жетекчилерин шайлап алышкан. Бирок Токмок шаар башчысы менен Чүй районунун акими элдин талабына макул болгон жок.

- Бизди дагы эл өзү шайлаган. Биз бийлик же эл тарабында эмес ортодо калыспыз,-деди Токмок шаар мери Талантбек Исаев.

Шаар башчысынын жогорудагы билдирүүсүнөн кийин Токмокко чогулган миңдеген митингчилер акимчилик менен мэриянын имаратын басып алышты. Жаалданган жигиттер имараттардын эшик, терезелерин талкалай баштаганда тартип коргоочулар четке чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

Бакытбек Нураалы уулу:

- Биз Токмокто атайын штаб түздүк. Эгер жергиликтүү бийлик эл мененбиз деп айтып койгондо акимчилик мынчалык талкаланбайт эле. Тартип коргоочулар өз кызматтарын кылышты. Бирок кызууланган балдар терезелерди талкалап салышты.

Түштөн кийин Чүйдүн бардык райондорунан агылган эл Бишкектин борбордук аянтындагы митингчилерге келип кошулушту. Ал эми басылып алынган акимчиликтер жергиликтүү лидерлер тарабынан коргоого алынып турат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.04.2010 21:13
Жетишет К.Бакиевдин Кыргызстанга жасаган иштери! Жетишет төгүлгөн кан! Жетишет элдин мүлкүн талап-тоногон байлыгы! Дагы эмне керек ага? Тойгон жокcунбу?

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)