Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 16:19

Кыргызстан

Оппозициядагы оюндар, дирижёр “ак үй”...

Бириккен элдик кыймылдан (БЭК) буга чейин “Ак шумкар”, “Асаба” партиялары чыгып кеткен эле. Эми БЭК өз курамынан Элдик кеңешти чыгарды. “Ак үйдүн” саясий технологдору ал арада Ынтымак курултайына булардын кайсы бир бөлүгүн тартып алууга үмүт арткан дешет. Бирок БЭК да, Элдик кеңеш да, “Ак шумкар” партиясы да бийлик курултайына барбай турган болушту.

Текст көлөмү - +
Илим Жанузаков

Президент Курманбек Бакиев чакырып аткан Ынтымак курултайын уюштуруучулардын айтымында, курултайдын курамына оппозиция өкүлдөрүнүн да кирүүсүнө бардык шарттар түзүлгөн. Оппозициялык партиялар курултайга президенттин 150 орундук квотасы аркылуу келе алышары жарыяланган. Муну менен ортозаар саясий күчтөр гана эмес БЭКтин курамындагы айрым саясатчылардын да Ынтымак курултайына өтүүсүнө үмүт артылган дешет.

Оппозициядагылардын алардын ар биринин өздөрүнүн чоң амбициялары бар. Ар биринин бизнеси, дагы бир нерселери бар. Ж.Жоробеков



Ошентсе да БЭК бийлик чакырган курултайга барбасын билдирип, өз алдынча элдик курултай чакырмак болду. БЭКтин курамынан чыгарылган Элдик кеңеш уюму да бийлик уюштурган курултайга барбасын билдирүүдө. Өлкөдө жаңы саясий күч калыптандырууга аракеттенип жүргөн көрүнүктүү саясий ишмерлердин бири, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев да президент чакырып аткан курултайга ишеним артпасын айтууда.

“Ак үйдүн” дирижёрлугу астындагы жүрүштөр

2005-жылдан бери оппозицияны алсыратуу саясатынын негизинде бир катар саясатчылар чет өлкөлөргө чыгып кетишсе, айрымдары бийлик сунуштаган кызматтарга отурушту.
 

Негизгиси БЭКтегилердин бардыгын бириктирип аткан нерсе, бул – улуу идея, улуу максаттар. Бир максат, бир идея болгону үчүн БЭКтин лидерлери ар дайым бир чечимге келе алышат.
А.Шыкмаматов


Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев премьер-министрлик кызматта жүрүп, жыйынтыгында кайра оппозицияга өтүп алды. Убагында ошол эле партияда жүргөн Өмүрбек Бабанов вице-премьер-министр болуп иштеп кетти. 2006-2007-жылдардагы митингдерде президентти ачуу сындап жүргөн Мелис Эшимканов азыр мамлекеттик кызматта тынч отурат. 2005-жылдардан кийин чоң кызматтарда отурушкан Феликс Кулов менен Өмүрбек Субаналиевдер кызматтан түшкөндөн кийин дароо оппозицияга өтүшүп, басма сөздө айтылгандай соодалашуулардан кийин кайрадан мамлекеттик кызматтарга барышкан.

Бирдиктүү оппозиция өз ара келише албагандыктан, натыйжада бир канча фронтторго бөлүнүп калышты. БЭК өзү эле бир канча кыймылдардан турат. Деген менен БЭКтин, Элдик кеңештин, Темир Сариев баштаган “Жаңы күч” болуучулардын башкы максаттары бир. Булардын бардыгы бүгүнкү саясий режимге каршы болушууда.
 

“Ак шумкар” партиясы былтыртан баштап өз алдына пикири, көз караштары бир адамдарды бириктирүүнү максат кылып койгон.
Т.Сариев


Амбициясы чоңдордун айрылыш жолдору...

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун айтымында, бийлик атаандаштарынын эң негизги кемчилиги – баарынын тең амбициясынын өтө күчтүүлүгүндө, ар биринин президент болуу, лидер болуу дымагынын жогорулугунда болууда. Дал ушул себептен улам алар лидер тандай албай, майда-барат топторго бөлүнүп, көпчүлүктүн ишеничинен да калышты:

 

- Албетте оппозициядагылардын алардын ар биринин өздөрүнүн чоң амбициялары бар. Ар биринин бизнеси, дагы бир нерселери бар. Ар кимисинин өзүнчө ойлорун бар. Ар бири ошол бизнесин сактап калсам, көбөйтсөм же жылуу орунга барсам деп гана ойлошот. Ошондуктан оппозицияны кыргыз эли көрүп турат. Ата-жотосуна чейин билишет. Аларга такыр ишенич калган жок. Андан көрө “кандай кылыш керек” деп, чыныгы жолду таппайлыбы, ошону көздөбөйлүбү..?

БЭКтин мүчөлөрүнүн айтымында, кыймылдын аброю эл арасында абдан эле жогору. Бийликтин дал ушул элдик кыймылдын мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүп, камап-соттоп аткандары эле алардан бийликтин коркконун, чочулаганын көрсөтүп турат. Балыкчы, Петровкадагы окуяларда камалгандар, Исмаил Исаков жана Аликбек Жекшенкулов өңдүү саясатчыларга кылмыш ишинин козголушу, Бакыт Бешимов сыяктуулардын чет өлкөлөргө качууга мажбур болгону буга күбө.

“Ата мекен” партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, бүгүнкү күнү БЭКти калктын калың катмары колдоору белгилүү. Бийлик болсо мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу оппозицияны жаман көрсөтүү, чачкын, бийликти гана көздөгөн топ катары сыпаттоо аракетинде. Бирок БЭКтин лидерлери ар дайым бир пикирге келүүгө жөндөмдүү:
 

А.Шыкмаматов

- Негизгиси БЭКтегилердин бардыгын бириктирип аткан нерсе, бул – улуу идея, улуу максаттар. Бир максат, бир идея болгону үчүн БЭКтин лидерлери ар дайым бир чечимге келе алышат. Эгерде жанагыдай маселе кабыргасынан туруп калса, бир лидерди тандоо керек болуп калса, анда албетте БЭК бир лидерди тандайт. Бөлүнүп-жарылуу болбойт.

Ал эми БЭКтен бөлүнүп кеткен “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин айтымында, ушул тапта бир катар саясатчылар, жаштар биригип, өлкөнү алга тартып кетчү жаңы күч түзүү менен алек болушууда. Ошол эле маалда түзүлүү алдындагы жаңы күч - БЭК, Элдик кеңеш сыяктуу оппозициялык кыймылдар менен кызматташууга, сүйлөшүүгө даяр болмокчу:

Темир Сариев
- “Ак шумкар” партиясы былтыртан баштап өз алдына пикири, көз караштары бир адамдарды бириктирүүнү максат кылып койгон. Ал бириктирчү күч жалгыз “Ак шумкар” эмес, дагы башка саясий күчтөр да бар. Анын ичинде “Ак шумкар” да бар деп айтсак болот.


Саясий серепчи Марс Сариевдин баамында, бийлик Ынтымак курултайына ортозаар жана бир канча бирикмелерден турган БЭКтин айрым мүчөлөрүн киргизип, оппозицияны дагы да алсыратуу максатын көздөгөн. Ак үйдүн аналитиги Сергей Масаулов да 2010-жылы жаңы саясий класстар, жаңы оппозиция пайда болорун да айтканы бар. Ушундан улам талдоочулар ошол жаңы оппозиция Ынтымак курултайы аркылуу пайда болуп, БЭКти четке сүрүү пландалганын айтышкан. Бирок ушул тапта БЭК да, Элдик кеңеш да, Темир Сариевдин “Ак шумкары” да бийлик курултайына барбай тургандыктарын айтышууда.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нурбек каяктан: Көл
09.03.2010 15:20
Эл дегенге ,Барктабасов кайсы жерде жүрсө дагы аман эле болсун башы бар дейсин баш баарында эле бар,Кыргызстанда жер байлыктар сатылып жатат Каркыра жок болду көлдүк катары бир сөзүн уканым жок ал деле көлдүкко Казактарга тарткансып унчукпайт кырдаалды карап туратта Кыргызстанда бир нерсе болсо келе калайын акча менен алып койом деп ага окшогондорду киргизбеш керек болду менимче бизге мекенчил чынчыл Кыргыз деген Кыргыздын жери эли деген киши керек алар Бекназаров, Шерниязовдор.

кимден: Студент каяктан: КГНУ
08.03.2010 21:16
Урматтуу оппозиция, жаштар менен иштегиле, биз деле дайынбыз, революцияны студенттер кылат, ошол себептен студенттерди чакыргыла, биз менен жакшылап иштегиле сураныч, дагы бир жолу айтам СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ИШТЕГИЛЕ!!!!!!!!!

кимден: Эл каяктан: Бишкек
08.03.2010 21:12
Текебаевка жол бошоткула, баарыңар ушул кишини колдоп бергиле сураныч, ал болбойт десеңер, Урмат Барктабасовду чыгаргыла, анда баш дагы акча дагы бар, калганыңар унчукпай эле отура берсеңер жакшы болот эле.

кимден: аскат каяктан: лейлек
07.03.2010 12:00
опозиция өзү акаев доорундагы акаевчилерди кошуп алып азыркы күндө баары тегиз чыгып атат.өз барктарын өзү кетирип атат.аларды кошпой эле Атамбаев Текебаев Бекназаров.ж.б 20-жылдан бери эл талабын так ачык акыйкат айткандар өздөрү калса эле эл өзү колдоп алат.аз калды ал күнгө дагы.........

кимден: немис каяктан: Германия
06.03.2010 20:27
Оппозициянын көп мүчөлөрү эмне үчүн элдин ишеничине ээ эмес? Себеби булар, көпчүлүк учурда, өзүнүн жеке пайдасын ойлошот, эптеп бийликке жетип, президент болсом, жэ бийликтин бир бутагын башкарсам, ичип жесем дешет. Ушундай лидерлер убактылуу сыртынан жакшы көрүнгөнү менен, чынында келгенде мансапкор, кошоматчы, өз элине душман жана чыккынчы болушат. Ал эми жалпы элге кандай оппозиция керек? Эл башкарган лидер болуш үчүн, биринчи ирээтте өлкөнүн, элинин-жеринин камын ойлош керек, анын үй-бүлөөсү экинчи плаанга өтүп калат, себеби эл чоң ишенич кылып элдик лидерден көптү үмүттөнүшөт, ошого элдик лидер татыктуу жана чоң жоопкерчиликтүү болуш керек!!! Анын үй-бүлөсү, туура сөздү айтып, колдоп туруш керек (мисалы, элге уят болбой иште, элдин-жердин намысын корго деген сыяктуу). Элдик лидердин миссиясы өзгөчө болот, жалпы элдин ичинен тандалган чыныгы патриот болот, ички дүнүйөсү жана ой жүгүртүүсү таза, билимдүү адам болот жана өзгөчө касиети бар адам болот. Элдик лидер болгонго жараша, бийликте иштеп турганда, эли-жери үчүн көрүнүктүү, пайдалуу иштерди жасап, чыныгы патриот экенин күндөн-күнгө, дайма далилдеп туруш керек, ошондо элдин баркына жана сыйына ээ болот жана дайма элдин колдоосунда болот.

кимден: Generalın kamatıp каяктан: Kyrgyzyna kas boldu
05.03.2010 17:32
URMATTU OPPOZITSIONERLER!!! MEN UCHUN BAARINAN KIMBATI KYRGYZSTANDIN TERRITORIALIK BUTUNDUGU!!!! BUL BIYLIK MEKENDI KORGOY ALBAYT. BUL BIYLIK OLKONUN TERRITORIALIK BUTUNDUGUN KAMSIZ KILA ALBAYT.

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
04.03.2010 22:20
Бириксек колдон келет деген Атамбаевдин урааны жакшы дечи, бирок Атамбаевдики кагаз жүзүндө болуп жатпайбы, партиясындагы кыйын депутаттары кетип калышты го Ирсалиев, Бешимов, Артыкбаев, Кадыров, Жээнбеков. Ушулар турганда СДПК күч эле, эми жалгыз Отунбаева калды, ал эжебиз эркектерге караганда кыйын экен, эми СДПКнын башка депутаттарынан толк жок, алар аман эле болушсун.

кимден: Намыз каяктан: Бишкек
04.03.2010 22:11
БЭКтегилерге айтаарым, намызтамбай Байболов, Абдрахманов, Бешимов, Сариев, Барктабасов, Жээнбеков, Кадыров, Байсаловтор менен акылдашып иш кылгыла. Жаман көрбөгүлө Силерге айтаарым ЫНТЫМАГЫҢАР ЖОК, БИРИ-БИРИҢЕРДИ КӨРӨ АЛБАЙ ЖАТАСЫҢАР бир колго чогулсаңар бийликти аласыңар, ошондо эл журт жапырт Силерди колдоп кетет, мен кыйымын деп отура берсеңер болбойт.

кимден: Ракета каяктан: Бишкек
04.03.2010 22:03
Курултай өткөргөндөн толк жок, чечкиндүү кадамдарга барыш керек, эл бышты дайын турат, акчанын деле кереги жок, БЭК 1 айда Бакиевди кетирсеңер кетирдиңер, кетирбесеңер болду, силерге башка шанс болбойт!!!!

кимден: Динара каяктан: Бишкек
01.03.2010 19:53
Мен оппозицияны колдойм жана алардын барына суйуном. Оппозиция жок болгондо бийлик элди кууратмак каалаганын кылып. Айрым оз кызыкчылыгын ойлогон Эшимкановго окшогон мырзаларыбыз оппозициянын атын булгап элге жаман коргозуп жатканы окундурот. Сариев деле шайлоодо оз кызыкчылыгын ойлоп кетпедиби. кайра бийлик кызмат сунуштаса ойлонуп кором деп чыкты, бийлик конул бурбай койсо кайра оппозицияга жакындай баштады. Чыныгы элди ойлогон патриоттор И.Исаков,А.Бекназаров,О.Текебаев деп айтса болот.


Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive