Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

М. Намазалиев: Кыргызстанда блогдор деңгээли көтөрүлө албай жатат

21.01.2010
Элеонора Бейшенбек кызы, Эдил Сапарбек

АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон дүйнөдөгү Интернеттин абалы, андагы коопсуздук маселелери тууралуу жаңы эле сөз сүйлөдү. Буга байланыштуу кыргызстандык жаш активист, блогчу Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” өз ойлору менен бөлүштү.

Мирсулжан Намазалиев: - Азыркы учурда Интернеттин ролу жана орду өнүккөн өлкөлөрдө гана эмес, жакырыраак деп эсептелген Кыргызстан да абдан зор болуп, күндөн күнгө өсүп жатат.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Блог тууралуу сүйлөшсөк. Блогдор азыр салттуу массалык маалымат каражаттары менен бирге эле маалымат таратуунун бир булагына айланды. Мирсулжан айтсаңыз, Кыргызстанда мына ушул булак натыйжалуу пайдаланып жатабы? Кыргызстанда блогчулардын саны көбөйдүбү?

Мирсулжан Намазалиев: - Блогдордун келечеги, андан ары өсүшү абдан чоң мааниге ээ. Эгерде Кыргызстандын өзүн карай турган болсок анда бул абал кичине оорураак болуп турат. Себеби ошол эле Казакстан же Орусиядагы блогдордун мазмунун карасак, аларга салыштырмалуу биздики бир аз аксап турат. Мисалы ошол эле Орусияда көпчүлүк блогдор саясий, экономикалык же дагы башка тематикалык багытта болуп жатат. Ал эми бизде болсо көбүнесе жеке блогдор бар. Алардын ичинен, “Мен бүгүн бул жакка барып келдим, андай-мындай кылдым”, деген гана маалыматтар болбосо, андан ашыгыраак деңгээлге көтөрүлбөй жатат. Ал эми кандайдыр бир маалымат ала турган, окуй турган элүүгө жакын гана блог бар.

Эдил Сапарбек: - Мына Хилари Клинтон өз сөзүндө Ирандагы президенттик шайлоодон кийин болуп өткөн окуяларда микроблогдор, фейсбук, твиттер сыяктуу социалдык тармактардын ролун баса белгилеп өттү. Мына ушундай социалдык тармактарды Кыргызстанда айталы Ирандагыдай деңгээлде колдонула башташы мүмкүнбү?

Мирсулжан Намазалиев: - Албетте мүмкүн. Иранда гана эмес көптөгөн мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө да азыр блог менен микроблог твиттер дегендер өнүгүп жатат. Мисалы менин эле уюмумду ала турган болсок, фейсбукта беш жүздөн ашык адам бизден жаңылыктарды окуп турушат. Демек бул Кыргызстанда дагы чоң, көлөмдүү болбосо дагы кичинекей кадамдар менен Интернеттеги жаңы технологияларды өнүктүрө алса болот дегенди түшүндүрөт.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Мына азыр эле АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон Интернет тууралуу атайын сөз сүйлөдү. Дүйнөлүк деңгээлде Интернет, андагы коопсуздук, келечеги тууралуу сөз кылуу эмнеден кабар берет?

Мирсулжан Намазалиев: - Алыс барбай эле Американы алып көрсөк, бул мамлекеттеги акыркы шайлоодо Интернеттин таасири чоң болду. Президент Барак Обаманын азыркы Интернет технологияны көбүрөөк колдонушу анын шайлоодо жеңишине алып келди, деп көп адамдар ишенишет. Ошол эле кечээки Массачусетстеги шайлоолордо Скот Браундун веб сайтын карай турган болсок жалаң фейсбук твиттер, видео билдирүүлөргө жык толгон. Ал жөнөкөй гана маалыматтар менен токтолуп калган эмес. Ошондуктан өзгөчө Америкада блогдордун мааниси зор экенин көрүгө болот. Ошондой эле Ирандагы, Белорусстагы же Кытайдагы окуяларда блог аркылуу ал өлкөлөрдөгү маалыматты тышкы мамлекеттерде жашаган адамдарга жеткирүү аракеттеринин маанилүүлүгү Клинтондун бүгүнкү сүйлөгөн сөзүнө алып келди деп ойлойм.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Мирсулжан @namazaliev.com каяктан: Космос
22.01.2010 20:37
Асмандан түшпөй эле, Кыргызстандын элетинен эле келген баламын :) Интернетти колдонгонума 9 жылдын жүзү болду, демек, эгерде сиздер дагы, мен дагы интернет колдонуп жатсак, демек кайсы бир аудитория бул тармактан маалымат алат.

Кай бир маалыматтар боюнча, Кыргызстанда интернетти колдонуучуларын саны он беш пайызга дейре жетет, алардын ичинен кайсы бир бөлүгү уюлдук телефондорунан кирет. Аз маздан болсо дагы, бул тармак өнүгүп бара жаткандыгынан эч ким танбайт.

Ким кааласа, менин блогумду окуп тургула :)

кимден: Медет каяктан: Чуй
22.01.2010 12:29
Мирсулжан азыр эл кантип үй-бүлөмдү,бала-бакырамды баксам деп туш-туштан иш,жумуш издеп жүрөт.Сенин маегиң космостон түшкөн инопланетяниндин сөзүндөй болуптур.Азыр бул темалар элде актуалдуу да эмес.Ээх,али көп нерсени билбейт экенсиң-бирок оку,изден!Ийгилик!

кимден: Ормон каяктан: Ош
21.01.2010 23:51
Каяктагы интернет да каяктагы блоггдор, кечкисин свети жок отурсак.
Биздин президент тезек тергиле дебеди беле, ошол тарапка ооп баратабыз.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)