Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Балыкчыда эки депутат кармалды


Балыкчыда укук коргоо органдары ЖК депутаттары Мирбек Асанакунов менен Кубанычбек Кадыровду баш кылып ондогон адамды кармап кетишти.

Алмазбек Атамбаевдин Ысык-Көл облусу боюнча ишенимдүү өкүлү Турдалы Көлбаевдин “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, саат экилер чамасында миңдей киши таза шайлоону өткөрүү талабы менен Балыкчы шаардык мэриясынын айланасына чогула баштаган.

Эл чогула баштаганда эле милициянын атайын бөлүктөрү дүрмөтү жок гранаталарды жардырышып, чогулгандарды кууп-сабап таратты. ЖК депутаты, Атамбаевдин шайлоо штабынын Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Мирбек Асанакунов баш кылып бир нече кишини кармап кетишти.

Анын соңунан Мирбек Асанакуновду бошотуу талабы менен келген экинчи депутат Кубанычбек Кадыровду жүз чакты адам менен Балыкчы милициясына кармап кетишти.

Социал-демократиялык партия милиция кармап кеткен депутаттарды жана карапайым жарандарды бошотууну талап кылууда. Буга байланыштуу таратылган билдирүүдө “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык ЖКнын депутатын камакка алуу жол берилбеси белгиленген.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Балыкчыдагы окуя иликтенип жатканын жана кийинчерээк маалымат болоорун билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG