Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

“СЕБАТТЫН” АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?


“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулап аткан учурда Жогорку Кеңеш депутаты Роза Отунбаеванын “Себат” билим берүү мекемелери жөнүндө айткан пикири жана “Себаттын” түпкү жетекчиси Феткуллах Гюлен деп атагандыгы коомчулукта кызуу талаштарды жаратууда.

Анда депутат Роза Отунбаева дин иштерин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын башчысы Рашид Тагаевге суроо берип жатып, Кыргызстанда иштеп жаткан түркиялык “Себат” эл аралык билим берүү мекемелерин Түркияда Феткуллах Гюлен деген киши жетектеп да, колдоп да тураарын маалымдаган жана а киши жөнүндө: “Түркиядан чыгарып жиберишкен аны – ушундай диний-экстремисттик көз караштары үчүн...” – деген маалыматты жарыялаган.

- Булар өзү – коммерциялык уюм. Кыргызстанда билим берүү тармактарын басып алды. Белек-бечкектери менен ал тургай Акүйдү каптап баратат. Сиз кандай карайсыз аларга? –деп суроо салган Роза Отунбаева.

Рашид Тагаевдин жообу: - Мындай маселелерге менин мамилем, албетте, тескери. Биз “Себатты” изилдегенге, анын артында ким турарын билгенге жеткен жокпуз, бирок.

Ошол эле күнү депутат Роза Отунбаеванын сөздөрүн төгүндөгөн “Себат” эл аралык билим берүү мекемелеринин билдирүүсү АКИпресс маалымат агенттигинде жарыяланды. Анда “Себатка” Феткуллах Гюлендин тиешеси жоктугу айтылып, “Себаттын” Кыргызстанда жасаган эмгектери, учурдагы жетекчиси Орхан Инандынын Кыргызстандан алган сыйлыктары тизмеленет.

Биз “Себат” эл аралык билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды мырзаны да сөзгө тарттык. Ал депутат Роза Отунбаеванын айткандары натуура, балким а кишиге туура эмес маалымат жеткиришкендир деген оюн билдирди. Ошол эле кезде Орхан Инанды мырза Феткуллах Гюлен жөнүндө сыймыктануу менен сүйлөп берди:

- Феткуллах Гюленди билбеген киши жок. Аны Америкага качты деп айтыш таптакыр туура эмес. Радикализмге эч тиешеси жок анын. Өтө чоң интеллектуал!Жазуучу, илимпоз! Өтө популярдуу кишиси Түркиянын. Өткөн жылы бир эл аралык журнал анкета уюштурган экен, Феткуллах Гюлен дүйнөдө биринчи орунга татыптыр!

Белгилүү акын жана журналист Жедигер Саалаев “Себаттын” – демек, эл аралык мекеменин кадырына шек жасалып жаткандан кийин бул маселеге тиешелүү мамлекеттик органдар дыкат иликтөө жүргүзүүсүн эп көрөт:

- “Жел болбосо чөптүн башы ыргалбайт” демекчи, Роза айым тегин жерден сүйлөбөсө керек. Дүйнөдө көмүскө экономиканын лидерлери акчаларын адалдаш үчүн гуманитардык багытта иш уюштурушкан фактылар арбын...

Махмуд Кашкари атындагы Чыгыш университетинин ректору Асан Ормушев болсо Роза Отунбаеванын бийик трибунада “Себатка” жана Феткуллах Гюленге байланыштуу айткандарын осол окуя катары баалайт. Анын айтуусу боюнча, Феткуллах Гюлен азыр Түркияда эмес, Америкада:

- Түркияда бу кишинин үстүнөн атайын иш козголуп, куугунтукка алынган эмес. Ден-соолугуна байланыштуу гана азыр Америкада.

“Себаттын” Кыргызстанда 14 лицейи жана бир – Ататүрк-Алатоо университети ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
XS
SM
MD
LG